11-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында депутаттын сунуштарын жана сын-пикирлерин кароо
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 июля 2016 года № 151
1. Каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин жыйналышында депутат жана парламенттик фракция тарабынан айтылган же төрагалык кылуучуга кат жүзүндө берилген сунуштар менен сын-пикирлер Жогорку Кеңештин же анын органдарынын жыйналышында каралат же тийиштүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын кароосуна жөнөтүлөт, кийин ал тууралуу депутатка маалымдалат.
2. Депутаттын сунуштары менен сын-пикирлери жөнөтүлгөн мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын кызмат адамдары аларды бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кароого жана натыйжасы жөнүндө Жогорку Кеңештин депутатына кабарлоого милдеттүү.
3. Депутаттардын сунуштарын жана сын-пикирлерин кароого жана ишке ашырууга контролдук Жогорку Кеңештин комитеттери, убактылуу комиссиялары жана Аппараты тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110, 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2011 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
27.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жыйналышында депутаттын сунуштарын жана сын-пикирлерин кароо
1. кошулду: Каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин жыйналышында депутат жана парламенттик фракция … Аппараты тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № алынып салынды: 110 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 110, 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202483/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>