9-берене. Жогорку Кеңешинин депутатынын негизги укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2015 года № 204
1. Жогорку Кеңештин депутаты төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
1) мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорун Жогорку Кеңешке киргизүүгө, ошондой эле Жогорку Кеңеште каралууга жаткан ченемдик укуктук актылар боюнча башка сунуштарын киргизүүгө жана аларды чакырып алууга;
2) Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жетекчи жана башка кызмат орундарына шайлоого жана шайланууга:
3) Жогорку Кеңештин Регламентинде аныкталган тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын жана башка органдардын курамына кирүүгө;
4) депутаттык суроо-талаптар менен мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка юридикалык жактарга кайрылууга жана аларга жооп берүүнү талап кылууга;
5) Жогорку Кеңеш тарабынан өткөрүлгөн парламенттик угууларга жана башка иш-чараларга катышууга;
6) ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдарды аткаруусун текшерүүсүнүн зарылдыгы жөнүндө жана парламенттик иликтөөлөр жүргүзүү жөнүндө Жогорку Кеңештин тийиштүү органдарына сунуштар киргизүүгө;
7) Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын жана анын органдарынын стенограммаларындагы жана протоколдорундагы өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүнүн тексттерин жарыяланганга чейин ач убагында алууга жана таанышууга;
8) фракцияга биригүүгө.
2. Жогорку Кеңештин депутаты төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарын ак ниеттүү аткарууга;
2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында, парламенттик фракцияларда, өзү мүчөсү болуп саналган комитеттер менен убактылуу комиссиялардын жыйналыштарында, жүйөөлүү себептерден улам жок болгондо жана добуш берүү укугун Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган учурларда жана тартипте өткөрүп берүүдөн башка учурларда каралып жаткан маселелерге катышууга жана добуш берүүгө:
3) (КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 204 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) депутаттык этика нормаларын сактоого;
5) ички фракциялык тартипти сактоого;
6) Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын тапшырмаларын аткарууга;
7) Жогорку Кеңешинин Регламентинде белгиленген күндөрдө шайлоочулар менен иш жүргүзүүгө.
3. Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болот.
Караныз: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын чечими 2014 жылдын 24 сентябрындагы №48-р (КР 2013-жылдын 4-февралындагы № 12, 2015-жылдын 28-июлундагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2015 года № 204 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 февраля 2013 года № 12 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (3)
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 24-сентябрындагы N 48-р ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Решение · 24.09.2014 · № 48-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 28.07.2015 · № 204
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.08.2005 · № 151 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202483/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>