9-берене. Балдарды эмчек эмизип багууну пропагандалоо
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
1. Балдарды эмчек эмизип багууну пропагандалоо баланы эмчек эмизип багуунун балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн ден-соолугу үчүн пайдасы жөнүндө маалыматтарды таратуу жолу менен мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан камсыз кылынат.
Мамлекет алты айга чейинки курактагы балдарды эмчек эмизип гана багуу жана балдарды эмчек эмизип багууну эки жашка чыкканга чейин жана андан ары улантуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыз кылат.
2. Саламаттык сактоо уюмдары балдарды, өзгөчө алты айга чейинки курактагы балдарды эмчек эмизип гана багууну коргоо жана пропагандалоо боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катышууга милдеттүү.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзам жөнүндө жарандарды массалык маалымат каражаттары аркылуу жана башка ыкмалар менен кабардар кылат.
Балдарды эмчек эмизип багуунун пайдасы жөнүндө жарандарды кабарландыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202479/st-9" title="9-берене - Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>