8-берене. Белгиленген азыктардын этикеткаларына карата талаптар
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
1. Белгиленген ар кандай азык, эгерде анын кутусундагы же идишиндеги же болбосо этикеткасындагы маалыматтар ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларында белгиленген талаптарга ылайык келген учурда гана таратылышы мүмкүн. Алынып келинген балдар тамагынын ар бир партиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жүргүзүлүүчү милдеттүү сертификацияланууга тийиш.
2. Белгиленген азыктардын этикеткаларында аларды даяр кылуунун ыкмалары менен тааныштыруудан бөлөк кандайдыр бир максаттарга арналган фото-сүрөттөр, чийме-сүрөттөр же башка графикалык сүрөттөмөлөр болбошу керек. Этикеткаларда белгиленген азыктарды керектөөнү ашкере мактаган сүрөттөр жана тексттер колдонулбашы керек.
3. Белгиленген азыктарды жасап чыгаруучулар жана таратуучулар азыктын ар бир кутусунда мамлекеттик же расмий тилде басылган, буюмдан оңой-олтоң ажыратылбаган маалыматты берүүгө милдеттүү.
Этикетка бирдей өлчөмдөгү тамгалар менен типографиялык жол менен басылышы керек, түшүнүктүү графикалык сыпаттоо аркылуу ачык окулууга тийиш. Этикеткада баланы эмчек эмизип багуунун гана артыкчылыктарына карата көрсөтмө, белгиленген азык, аны колдонуу боюнча нускамага ылайык, саламаттык сактоо кызматкеринин сунушу боюнча гана пайдаланууга карата көрсөтмө камтылышы керек; балдардын тамактарын туура эмес даярдаганда, аларды сунуш кылынган куракка чейин бергенде же болбосо аларды сактоонун шарттары бузулганда баланын ооруга учурашынын тобокелчилиги жогорулай турган балдардын тамак аралашмаларынын инфекцияланышы жөнүндө эскертмелер камтылууга тийиш.
4. Белгиленген азыктардагы этикеткада азыктын курамы жана андагы тамак-аш заттарынын мазмуну жөнүндө, белгиленген азыктын кутусун ачканга чейин жана ачкандан кийин сактап туруунун (климаттык шарттарды эсепке алуу менен) шарттары тууралу, партиянын номери, даярдалган датасы, жарактуулук мөөнөтү, белгиленген азыкты жасап чыгаруучунун жана таратуучунун аталыштары, ошондой эле алардын так даректери жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.
5. Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, анын ичинде күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде иштелип чыккан актыларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте белгиленген азыктардын айрым түрлөрүнүн этикеткаларынын тышкы көрүнүшүнө, мазмунуна карата кошумча талаптар белгилениши мүмкүн.
6. Эгерде белгиленген азыктардын этикеткалары ушул беренеде жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе, аларды импорттоого же таратууга тыюу салынат.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202479/st-8" title="8-берене - Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>