10-берене. Маалымат жана агартуу
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кызыкдар жактарды баланы эмчек эмизип багуунун пайдасы жөнүндө объективдүү маалыматтар менен камсыз кылууну уюштурат. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги боюнда бар аялдар жана бала эмизген энелер үчүн тийиштүү маалыматтык жана окутуу курстарын камсыз кылат.
2. Ымыркайлардын жана кенже курактагы балдардын тамак-ашы боюнча жазуу, аудио же видео түрүндө берилген жана боюнда бар аялдардын, ымыркайлардын жана кенже курактагы балдардын энелеринин арасында таратууга арналган маалыматтык жана билимдик материалдары мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылууга жана төмөнкү маселелер боюнча так маалыматтарды камтууга тийиш:
1) боюнда бар аялдардын, бала эмизген энелердин тамактануусу, аларды балага тамак берүүнү уюштурууга даярдоо жана аны колдоп туруу боюнча чаралар;
2) баланы алты айга чейин эмчек эмизип гана багуунун жана баланы эмчек эмизип багууну андан ары эки жана андан көп жылга чейин улантуунун маанилүүлүгү жана пайдасы;
3) алты айлык курактан тартып баланы кошумча тамактандыра баштоонун маанилүүлүгү;
4) жергиликтүү азыктарды пайдалануу менен үй шарттарында кошумча тамакты даярдоонун мүмкүнчүлүгү;
5) балага эртелеп жарым жартылай бөтөлкө менен тамак бере баштоонун эмчек эмизип багууга болгон терс таасири;
6) баланы эмчек эмизип багууну кайра баштоодо келип чыгуучу кыйынчылыктар;
7) зарыл болгон учурларда белгиленген азыктарды жана каражаттарды туура пайдалануу.
Белгиленген азыктарды пайдалануу тууралу маалыматтык материалдарда аларды пайдалануунун социалдык жана каржылык шарттары жөнүндө маалыматтар да камтылышы керек. Аларда балдардын тамагын даярдоонун технологиясы туура эмес болгондо, аны сунуш кылынган куракка жеткенге чейин бергенде же болбосо аны сактоонун шарттары сакталбаганда балдардын ооруга учуроо тобокелчилиги күчөй тургандыгы, туура эмес тамактандыруунун жана тамак берүүнүн адекваттуу эмес ыкмаларынын, айрыкча, белгиленген азыктарды туура эмес пайдалануунун кесепеттери тууралу, балдардын тамак аралашмаларынын инфекцияланышы жөнүндө эскертүүлөр камтылууга тийиш.
3. Белгиленген азыктар тууралу маалыматтык материалдар белгиленген азыктарды пайдаланууну идеалдаштыруучу сүрөттөрдү же тексттерди камтыбашы керек.
4. Белгиленген азыктарды жасап чыгаруучулар жана алардын өкүлдөрү соода уюмдарынын кызматкерлерин ушул Мыйзам жана анын талаптарына ылайык аларга жүктөлүүчү милдеттер менен тааныштырууга тийиш.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202479/st-10" title="10-берене - Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>