Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Балыкчы шаардык кеңешинин 2015- жылдын 24-февралындагы № 1 «Балыкчы шаарынын мэриясынын алдында муниципалдык жергиликтүү салыктарды чогултуу боюнча бөлүм ачуу жана иштөө тартиби боюнча жобосун бекитүү жөнүндө» токтому
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXVII СЕССИЯСЫ
2015- жылдын 24-февралы № 1 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдында муниципалдык жергиликтүү салыктарды чогултуу боюнча бөлүм ачуу жана иштөө тартиби боюнча жобосун бекитүү жөнүндө КР нын № 145 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” токтомунун негизинде Балыкчы шаарынын мэриясынын алдында жергиликтүү салыктары чогултуу боюнча бөлүм ачуу жөнүндөгү Балыкчы шаардык мэриясынын 28.10. 2014ж. № 08-03.05/3234, 06.02.2015 ж. № 01-19/112 жазган кайрылууларын карап талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарында жергиликтүү салыктардын чогулушун берилген пландын аткарылышын камсыз кылуу максатында 2015-жылдын 1-январынан тартып Балыкчы шаарынын мэриясынын алдында жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүн ачуу сунушу колдоого алынсын
2. Балыкчы шаарынынын мэриясынын алдында жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн жобосу № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана мунициапалдык кызматты уюштуруунун жалпы принциптерин жана муниципалдык кызматчылардын укуктук абалынын негиздери Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн. (№1 тиркеме 9 барак )
3. Балыкчы шаардык финансы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Ш.Кожомбердиевге - Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн кызматкерлерин, штаттык сыраттаманын негизинде жана сунушталган сметага ылайык айлык акыларын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2015 - жылдын 1-январынан баштап каржылоо тапшырылсын.
4. Кабыл алынган токтом Ысык-Көл облусунун Адилет башкармалыгына мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоодон өткөрүү үчүн жиберилсин.
5. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын ошондой эле каттоо үчүн тапшырылган иш кагаздардагы маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашкандыгын ырастайт.
6. Кабыл алынган токтом «Балыкчы» газетасына жана Балыкчы «интернет сайтына» жарыялангандан баштап күчүнө кирсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү Балыкчы шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаардык мэриясына тапшырылсын.
Кеңештин тѳрагасы:
А. Смадияров
Балыкчы шаардык Кеңешинин
24.02.2015ж. ХХVIIсессиясынын
№ 1 токтомуна 1-тиркеме
Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү
салыктарды чогултуу бөлүмүнүн
ЖОБОСУ
Учурдагы жобо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» 2013- жылдын 20- февраль айындагы №25 мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жарандык жана Салык кодексине ылайык иштелип чыккан. Укукту аныктоо жана негизги иш аракеттерин уюштуруу боюнча Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн милдеттерин жана функцияларын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансы жана экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын жобосу аныктайт .
1. БАЛЫКЧЫ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ САЛЫКТАРДЫ ЧОГУЛТУУ БӨЛҮМҮНҮН ЖАЛПЫ ЖОБОСУ
1.1 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүн Балыкчы шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын базасында, бөлүмдүн жергиликтүү салыктарды чогултуу иш аракетин, уюмдун бирдиктүү талаптарын учурдагы жобо бекитет, жергиликтүү салыктарды чогултуунун айланасында аткаруу жана тейлөө функцияларын иш жүзүнө ашырышат (жер салыктарын жана мүлк салыктарын), жана ыктыярдуу, милдеттүү патенттик негизде алуунучу салыктар толугу менен жергиликтүү бюджетке түшөт. Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVII сессиясынын 24-февраль 2015- жылдагы № 1 токтомуна ылайык негиздөчүү болуп Балыкчы шаарынын мэриясы эсептелет.
1.2 Жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмү Балыкчы шаарынын мэриясынын түзүлүшүндөгү бир бөлүнүшү болуп эсептелет. Жергиликтүү салыктарды чогултуунун айланасында аткаруу жана тейлөө функцияларын иш жүзүнө ашырышат (жер салыктарын жана мүлк салыктарын), жана ыктыярдуу,милдеттүү патенттик негизде алуунучу салыктар толугу менен жергиликтүү бюджетке түшөт.
1.3 Жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмү Балыкчы шаарынын түзүлүшүндөгү бөлүнүшү болуп эсептелинет жана юридикалык адреси болуп Ыссык-Көл областы, Балыкчы шаары, Ж.Абдрахманов көчөсү 252. орус тилинде толук аталышы учреждение « Отдел по сбору местных налогов при мэрии города Балыкчы» мамлекеттик тилде аталышы «Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмү»мекемеси кыскача аталышы орусча : учреждение « ОпоСМН при мэрии г.Балыкчы», кыргызча аталышы:- «Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы ЖСЧБ»мекемеси.
1.4 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмү өзүнүн ишмердүлүгүн жүргүзүдө төмөндөгү колдонмолорду: Кыргыз Республикасынын конституциясы, КР салык кодекси, КР «Муниципиалдык кызматы жөнүндө» мыйзамы, КР Президентинин жарлыктары, КР Өкмөтүнүн ченемдик жана укуктук актылары, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Салык кызматынын жобосуна, Балыкчы шаардык Кеңешинин жана Балыкчы шаарынын мэриясынын токтомдоруна, буйруктарына, тескемеге, аткаруу комиттетинин чечимдерине жана Балыкчы шаарынын Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын жобосуна жана ченемдик жана укуктук актыларын колдонушат.
1.5 Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык жергиликтүү салыктардан түшкөн киреше жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кирешеси болуп эсептелет.
1.6 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмү өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелинет, өзүлөрүнө тиешелүү чыгаша сметалары, казынада бюджеттик эсепчелери, печать, штамп, өздүк бланкасы жана официалдык иш кагаздарынын ээси болуп эсептелинет.
1.7 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмү өз милдеттерин жана ишмердүлүгүн жүргүзүдө Балыкчы шаарынын мэриясынын бөлүнүшүндөгү бөлүмдөрү менен жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен тыгыз байланышта иш алып барат.
1.8 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн кызматкерлери муниципиалдык кызматкер болуп эсептелинет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамдарынын жана КР салык кодексинин тегерегинде бекитилген колдонмолорду колдонот.
2. БАЛЫКЧЫ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ ЖСЧБнын МАКСАТТАРЫ ЖАНА ФУНКЦИОНАЛДЫК ЖООПКЕРЧИЛИГИ
2.1 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн максаты жергиликтүү салыктарды чогултуу менен жергиликтүү бюджетке кирешени камсыз кылуу жана айрым учурда ыйгарым укуктар колдонуу менен мамлекеттик бюджетти толтуруу.
2.2 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы ЖСЧБнын белгилеген максаттарын чечүүдө төмөнкү тапшырмалар аткарылат:
2.2.1Балыкчы шаардык Кеңешинин финансы-экономикалык саясатын жана салыктык мамилелер чөйрөсүн ишке ашырууда ошондой эле Балыкчы шаарынын административтик аймагын толук, үзгүлтүксүз камтылышы;
2.2.2Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн финансалык мүмкүнчүлүгүн чектөө тыянагы;
2.2.3Жергиликтүү бийликтин кызыкчылыгын салык төлөөчүлөрдүн алдында туура мамиле менен түшүндүрүү, таныштыруу;
2.3 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы ЖСЧБнын эн негизги милдеттери:
2.3.1Салык төлөөчүнү белгиленген тартипте каттоого тургузуу;
2.3.2Салык мыйзамында көрсөтүлгөн, берилген укуктардын тегерегинде, салык чогултуу, бюджетке түшкөн салыктарды көзөмөлгө алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көзөмөл жүргүзүү;
2.3.3Жергиликтүү бюджеттин кабыл алынышына жана жергиликтүү бюджетке киреше түшүүсүн божомолдого катышуу;
2.3.4Салык төлөөчүлөргө салык мыйзамдарын аткарууга тыгыз байланышта, шарттарды түзүү иштерин уюштуруу;
2.3.5Салык мыйзамдарын бузган учурда жоопкоо тартуу;
2.3.6Балыкчы шаарынын жергиликтүү бюджетине түшкөн салыктардын көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү жана жогорку мамлекеттик органдарга мүмкүнчүлүккө жараша отчетторду берүү;
2.3.7Салык төлөөчүнүн финансы-экономикалык абалын анализдөө менен жана жергиликтүү салыктардын чогулуушу тууралу билдирүүнү Балыкчы шаарынын мэриясына берүү;
2.3.8Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген укуктук-
ченемдик актыларынын чегинде салыктык контроль жүргүзүлөт.
2.4 Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын экономикалык саясатын ишке ашыруу максатында Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнө кошумча милдеттер берилиши менен өзгөрүшү мүмкүн.
3. БАЛЫКЧЫ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ САЛЫКТАРДЫ ЧОГУЛТУУ БӨЛҮМҮН САЛЫКТЫК УКУК МАМИЛЕЛЕР ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ УКУКТАРЫ :
3.1 Кыргыз Республикасынын салык кодекстинин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, 53 жана 54-главаларындагы каралган салыктарды чогултууну жүзөгө ашырууга;
3.1.1Төмөндөгүлөрдө турган мүлктөр, мүлк салыгы салынуучу объект болуп саналат;
· мамлекеттик менчикте мамлекеттик ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда
же оперативдүү башкаруу укугунда, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилгендер;
· муниципалдык менчикте муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү
укугунда, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилгендер;
· жеке менчикте
3.1.2 Салык салынуучу мүлккө төмөнкү объекттер кирет:
· 1-топ: ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган, туруктуу же
убактылуу жашоо үчүн арналган турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү;
· 2-топ: турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу үйлөрү,
санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык, ошондой эле ишкердик ишти жүргүзүү үчүн арналган жана/же пайдаланылган башка капиталдык курулуштар;
· 3-топ: ишкердик ишти жүргүзүүгө арналган жана/же пайдаланылган
киоскалар,контейнерлер сыяктуу металл же башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар;
· 4-топ: транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар жана
механизмдер.
3.1.3 Төмөндөгүлөрдө турган жерлер, жер салыгы салынуучу объект болуп саналат:
· Айыл чарба жерлерине жана ушул беренеде көрсөтүлгөн жер салыгы салынчу жерлерге менчик, убактылуу пайдалануу жана пайдалануу укугу салык салуу объекти болот.
· Төмөнкүдөй айыл чарба жерлерине жана жерлерге салык салынат:
ü калктуу конуштардын жерлери; ü өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жерлери жана башка багыттагы жерлер, анын ичинде коргонуунун жерлери; ü жаратылышты коргоо, ден соолукту чыңдоочу, рекреациялык жана тарыхый-маданий маанидеги жерлер; ü токой фондунун жерлери; ü суу фондунун жерлери; ü запастагы жерлер.
· Жерлер бул бөлүмдүн максаты үчүн Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык классификацияланат.
· Жер участогуна жалпы үлүштүк менчик болгон учурда салык салуу объектиси болуп жер үлүшүнө менчик укугу эсептелет.
3.1.4 Жер салыгын түрлөрү:
а) айыл чарба багытындагы жерлер; (сугат жер,кайрак жер,чабынды,жайыттар)
б) калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер;
в) үй-жанындагы, короо жай жана багбанчылык-огород жер участоктор.
3.2 Салык Кодекстинин 93-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарына ылайык салык контролун жүргүзүүгө.
3.2.1Салыкттык контрол төмөнкү формада жүргүзүлөт:
- Рейддик салык контролу.
- Салык посту.
3.3 Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын табылган бузууларды четтетүүнү талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого.
3.4 Салык кызматы органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан салык салынуучу объекттерге жана ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө каралган салыктар боюнча салыктык милдеттерди эсептөөгө байланышкан маалыматтарды алууга
3.5 Салык Кодексте аныкталган тартипте салык контролун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө салык төлөөчүдөн документтердин көчүрмөлөрүн алууга.
3.6 Мыйзамдарга ылайык материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүүгө, ошондой эле сотко доолорду берүүгө.
3.7 Салык Кодекстин 108-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарында каралган Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына рейддик салык контролун жүзөгө ашырышат.
3.8 Салык контролун жүзөгө ашырууда салык төлөөчүдөн салыктык каттоого тургандыгы, Салык Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле 53 жана 54-главаларында каралган салыктарды төлөө боюнча документтерди көрсөтүүнү талап кылууга.
4. БАЛЫКЧЫ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ САЛЫКТАРДЫ ЧОГУЛТУУ БӨЛҮМҮН САЛЫКТЫК УКУК МАМИЛЕЛЕР ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ МИЛДЕТТЕРИ:
4.1 Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоого жана салык төлөөчүлөрдөн анын аткарылышын талап кылууга;
4.2 Салык төлөөчүлөргө алар тарабынан салыктык милдеттенмелеринин аткарууларына көмөк көрсөтүүгө;
4.3 Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 74 жана 75-беренелерине ылайык салыктык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу ыкмаларын колдонууга;
4.4 Кыргыз Республикасынын салык кодексинин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле 53 жана 54-главаларында каралган салыктар боюнча салыктык милдеттенмелердин аткарылышына салык контролун жүзөгө ашырууга;
4.5 Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу кызматтык, коммерциялык, салыктык, банктык жана башка жашыруун сырларды сактоого;
салык кызматынын органы же анын кызмат адамдары салык төлөөчү жөнүндө алган ар кандай маалыматтар салыктык купуя сырды түзөт, буга төмөнкүдөй маалыматтар кирбейт;
· салык төлөөчүнүн реквизиттери (аталышы же салык төлөөчүнүн аты-жөнү),ошондой эле салык төлөөчүнүн идентификациялык номери жөнүндө;
· салык төлөөчүнү кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катто жөнундө;
· кошумча нарк салыгы боюнча эсеп-фактуралары жана акциз жыйымынынмаркалары жөнүндө;
· салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын суммасы жөнүндө;
· Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын салык төлөөчүнүн бузгандыкдары жана мындай бузгандыктар үчүн соттун күчүнө кирген чечими менен белгиленген же болбосо салык төлөөчү мойнуна алган жоопкерчилик чаралары жөнүндө.
4.6 Рейддик салык контролун жүргүзүүдө Салык Кодексинин 108-беренесинин 3-5-бөлүктөрүн, 113-115 жана 117-беренелерин жетекчиликке алууга;
4.7 Салык контролунун формаларын инспектордук текшерүүлөр китебине каттоого;
4.8 Салыктык милдеттенмелердин аткарылгандыгынын аныктыгын ырастоочу документтердин 6 жыл бою сакталышын камсыз кылууга;
4.9 Салык төлөөчүнүн укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын сактоого;
4.10 Салык төлөөчүлөрдүн салык мыйзамдарын аткарышы, жер салыктарынын жана мүлк салыктарынын базасын изилдөө максатында көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүү.
4.11Жетекчиликтин тапшырмаларын, буйруктарын сапатту жана өз убагында аткаруу, Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн компетенциясынын чегинде докладдардын долбоорлорун, жетекчилике маалымдамаларды даярдоо, жогорку органдар, мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар, жеке ишкерлер ж.б. менен кызматтык кат алмашуу жүргүзүү.
4.12 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде салыктарды чогултуу процессинин башкаруусунун эффективдүү формаларын уюштурууга жана анын сапатын жогорулатууга .
4.13 Салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда салык кызматы органдарына көмөк көрсөтүүгө.
4.14 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу жана керектүү маселелерди чечүү үчүн ушул жободо көрсөтүлгөн жана мыйзамдарда каралган баардык ыйгарым укуктарына ээ болуу.
4.15 Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө эсептелген жана келип түшкөн салыктардын суммасы жөнүндө, квитанциялардын жана документтердин колдонулушу тууралуу, ошондой эле салыктардын суммасын банкка же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төккөндүгү жөнүндө салык органына отчет берүүгө;
5. БАЛЫКЧЫ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ ЖСЧБнын ФИНАНСАЛЫК-ЧАРБАЛЫК ИШМЕРДИГИ:
5.1 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн финансалык-чарбалык ишмердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
5.2 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн мүлкү, «Негиздөөчү» тарабынан бөлүнгөн негизги фонддун жана обороттук каражаттын эсебинен берилген жана өз алдынча сатып алынган нерселер өз алдынча балансты түзөт.
5.3 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн чыгашалар сметасы Балыкчы шаарынын Мэри тарабынан Балыкчы шаардык финансалык бөлүмүнүн жетекчисинин макулдугу менен бекитилет.
5.4 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн каржылоо булактары төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
5.4.1 Шаардык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты;
5.4.2 Атайын каражаттардан.
5.5 Башкаруудагы кирешелер, муниципалдык мүлктү тескөө жана чогултулган салыктар Балыкчы шаардык жергиликтүү бюджетке түшөт.
5.6 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмү бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын мыйзамында бекитилген процедуралар менен нормалардын негизинде жүргүзөт.
5.7 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн ишмердүүлүгү Балыкчы шаарынын Мэри жана мыйзамда каралган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан текшерилет.
5.8 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүн каржылоо жана бөлүмдүн кызматкерлеринин айлык маяналары, Кыргыз Республикасынын муниципиалдык кызматкерлеринин мыйзамына ылайык, айлык маяналарынын өлчөмүнүн денгээлинде жүргүзүлөт.
5.9 Ай сайын төлөөнүүчү эмгек акы штаттык ырааттамага жараша бекитилет жана башка каралган мыйзамдарга ылайык акчалай сыйлоо жүргүзүлөт.
5.10 Эмгек акы айына бир жолу жүргүзүлөт.
6. БАЛЫКЧЫ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ ЖСЧБнын БАШКАРУУ ЖАНА УЮШТУРУУ ИШМЕРДИГИ:
6.1 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмү бөлүмдүн кызматкерлеринен жана бөлүм башчысынан турат. Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн кызматкерлери жана бөлүм башчысы, Балыкчы шаарынын Мэринин буйругунун негизинде дайындалып жана бошотулат.
6.2 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүн бөлүм башчысы башкарат жана бөлүмдүн кызматкерлери менен биргеликте төмөндөгүдөй иштерди алып барат:
6.2.1 Бөлүмдүн ишмердүүлүгүн башкарат жана бөлүмдүн функцияларынын жана милдеттеринин аткарылышына жооп берет.
6.2.2 Бөлүмдүн учурдагы жана перспективдүү иш планынын аткарылышын камсыз кылуу,алардын өнүгүүдөгү негизги багытын аныктоо.
6.2.3Эмгек шарттарынын кескин өзгөөрүүсүнө жана иштин ылайыктуулугуна жараша ущул жобонун өзгөөрүүсүнө же толукталышына сунуш киргизүү.
6.2.4Бөлүмдүн структурасынын түзүлүшү жана өзгөрүүсү бонча Балыкчы шаарынын Мэрине сунуш киргизүү. Эмгек кодексине жараша кызматкерлердин функционалдык милдеттерин, кызмат орундук нускамасын бекитүү.
6.2.5Шаардык финансы бөлүмүнүн макулдугу менен бөлүмдүн штаттык ырааттамасы, эмгек акынын формалары жана көлөмүн, кызматкерлерди материалдык сыйлоону аныктоо жана Балыкчы шаарынын Мэринин бекитүүсүнө сунуштап көрсөтүү.
6.2.6 Бөлүмдүн атынан буйруктарга, тескемелерге, жеке жана юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдерге кол кою.
6.2.7 Бөлүмдүн компетенциясына кирген иштер боюнча чет элдик, мамлекеттик, коомдук жана башка мекеме, иш каналарда Балыкчы шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлү болуу.
6.2.8 Ушул жободо көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктарды аткарууга.
6.2.9 Бөлүмдүн кызматкерлери менен администрациянын ортосундагы эмгек келишими Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине жана «Муниципиалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык колдонуулуп түзүлөт.
6.3 Жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн штаттык бирдиги алты кызматкерден турат; бөлүм башчы-1орун, башкы адис-1орун, жетектөөчү адис -1 орун, адис-2орун, башкы адис - юрист-1орун.
7. БАЛЫКЧЫ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ ЖСЧБнүн КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН КОРГОНУУСУ ЖАНА УКУКТАРЫ:
7.1 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн кызматкерлеринин социалдык жактан коргонуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
7.2 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн кызматкерлери милдеттүү түрдө социалдык камсыз кылынат, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана ошондой эле муниципиалдык класстык чиндерге төлөөмдөр, кызматка байланыштуу учурда кырсыктап калса же өлүп калса кошумча төлөм жүргүзүлөт. Мындай учурларда каза тапкан адамдын үй-бүлөсүнө жана бала чакасына Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык күнөөлөнгөн тараптын эсебинен Мамлекет аркылуу жөлөкпул төлөнүп турат. Жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн кызматкеринин денесине кооптуу залака тийгизүү менен майыптыкка алып келсе мыйзам тарабынан бекитилген өлчөмдөгү жөлөкпул төлөнөт. Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы ЖСЧБ бөлүмүнүн кызматкерлеринин кызмат убагында инспектордун өздүк мүлкүнө зыян келтирсе КР мыйзамына ылайык бекитилген төлөм төлөнүп берилет.
7.3 Эгерде кызматкер, муниципиалдык, коомдук жана аскердик милдеттерин сот отурумунда катышууда,медициналык мекемедеги жумушка жарамдуу экендигин аныктоодо ж.б. учурларда бекитилген мыйзам чегинде кызматкердин иш орду, жана орточо эмгек акысы сакталат.
7.4 Кызматкердин командировка убагында жана жумуштан тышкары иштеп, келтирилген чыгымдарын бекитилген тартипте мыйзам чегинде төлөнүшү керек.
7.5 Эгер кызматкер эмгек келишимин бузуп жумуштан бошонууда акчалай компенсация жана негизги жана кошумча өргүү (отпуска) төлөнүп берилет.
7.6 Кызматкерге беш күндүк иш жумасы эки күндүк дем алыш бекитилет. Иштөө убактысы сегиз саатты түзүп, бир сааттык тыныгуу болушу тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ар жылдык эмгек өргүүсү берилиши керек. Кызматкердин эмгек-өргүүсү график менен бекитилген учурда же жыл ичинде каалаган учурда эки тараптын макулдугу менен берилет. Кызматкердин эмгек-өргүү учурунда иш үстүндөгү муктаждык боюнча, кызматкердин макулдугу жана колдонулбай калган эс алуу күндөрүн жазуу түрүндө тастыктоо кагазы менен эске алып, Балыкчы шаарынын мэри эмгек-өргүүдөн чакыруусу мүмкүн. Кызматкерге төлөнүп берүүчү эмгек-өргүүнүн күндөрүн, бөлүп алууга укуктуу жана дагы муктаж болгон учурда, кызмат берүүчү үч айдан ашык эмес төлөмсүз эмгек-өргүү бере алат. Кызматкерге төлөнүүчү эмгек-өргүүнүн күндөрүн өзүнүн эрки менен толук колдонбосо ага иштеген күндөрү үчүн акчалай компенсация төлөнөт.
7.7 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы ЖСЧБнө жумушка кабыл алууда, Балыкчы шаардык Кеңешинин мүчөлөрүнөн, Балыкчы шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынан жана Балыкчы мэриясынын жетекчилиги астында түзүлгөн комиссиясы, ачык конкурстук сынактын негизинде кабыл алынат.
8. БАЛЫКЧЫ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ ЖСЧБүн ЖОЮУ ЖАНА КАЙРА ТҮЗҮҮ ИШМЕРДИГИ:
8.1 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы ЖСЧБнүн кызматын токтотуу, жоюу же кайра түзүү ишмердигин кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Балыкчы шаардык Кеңешинин чечими же соттун чечими менен жүргүзүлөт.
8.2 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы ЖСЧБнын кайра түзүүдө же кароодо анын укуктары жана милдеттери укук берүүчүлөргө (негиздөөчүгө) өтөт.
8.3 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы ЖСЧ бөлүмүн жоюууда, Балыкчы шаарынын Мэринин сунушу боюнча Балыкчы шаардык Кеңешинин депуттарынан түзүлгөн жоюу же кайра түзүү иштери боюнча комиссия түзүлүп, Кыргыз Республикасынын бекитилген мыйзамдарынын чегинде иш жүргүзүлөт.
8.4 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы ЖСЧ бөлүмүн жоюуда же кайра түзүүдө, кароодо Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кызматчылардын тийиштүү укугун бузбоого Балыкчы шаарынын мэриясы кепилдик берет.
8.5 Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы ЖСЧБү жоюлусу же кайра каралуусу, Мамлекеттик реестрге тийиштүү жазма жазылган мөнөттөн тартып эсептелинет.
9. БАЛЫКЧЫ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ САЛЫКТАРДЫ ЧОГУЛТУУ БӨЛҮМҮНҮН ЖОБОСУН ӨЗГӨРТҮҮ:
9.1 Бул жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Балыкчы шаардык Кеңешинин депутаттарынын токтомунун негизинде бекитилип, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине каттоо менен юридикалык күчкө ээ болот.
Балыкчы шаарынын биринчи вице -мэри М.Джаналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (7)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- О финансово-экономических основах местного самоуправленияЗакон · 25.09.2003 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон