Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
51-берене. Салык кызматынын органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын милдеттери
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 декабря 2020 года № 13
(Беренин аталышы КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Салык кызматынын органдары жана анын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
11) жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тапшырылган декларацияны талдоо процессинде алынган маалыматтарды декларациялоо субъектисине каршы пайдаланбоого жана ачыкка чыгарбоого;
2) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоого жана салык төлөөчүлөрдөн аны аткарууну талап кылууга;
3) салык төлөөчүлөргө салык милдеттенмелерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө;
4) салык төлөөчүгө расмий массалык маалымат каражаттары аркылуу белгиленген салыктык отчеттуулуктун формалары, аларды толтуруу ыкмалары, салык кызматынын органына аларды берүүнүн тартиби жана мөөнөтү тууралу маалыматты жеткирүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү суроо-талабына жооп берүүгө;
6) салык милдеттенмелерин аткарууга салык контролун жүргүзүүгө;
7) салык төлөөчүлөрдү, салык салуу объекттерин, чегерилген жана төлөнгөн салыктарды эсепке алууну жүргүзүүгө;
8) эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, салык отчетунун белгиленген формадагы бланктарын салык кызматынын органдары берген учурда аларды бюджеттик каражаттардын эсебинен берүүгө;
9) салык отчетунун белгиленген формаларын толтуруунун тартибин түшүндүрүүгө;
10) көрсөтмөкаттар боюнча гана салык текшерүүсүн жүргүзүүгө;
11) салык текшерүүлөрүн жана салык контролунун башка формаларын инспектордук текшерүүлөр китепчесинде каттоого;
12) кызматтык, коммерциялык, салыктык, банктык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу башка купуя сырды сактоого;
13) ушул Кодексте каралган мөөнөттөрдө жана учурларда салык милдеттенмелерин аткаруу жөнүндө чечимди салык төлөөчүгө тапшырууга;
14) ушул Кодексте белгиленген учурларда, салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча аны алган күндөн кийинки күндөн тартып 2 жумушчу күндөн кечиктирбей салыктардын, салыктык санкциялардын, туумдардын жана пайыздардын суммалары жана салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн даталары жөнүндө чечимин, ошондой эле салык төлөөчүгө жана/же анын салык милдеттенмесине жана/же анын салык карызына карата кабыл алынган салык кызматынын органынын чечимин берүүгө;
15) салык милдеттенмелерин аткаруу фактысын тастыктоочу документтердин 6 жыл бою сакталышын камсыз кылууга;
16) салык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуунун ыкмаларын ушул Кодексте белгиленген тартипте колдонууга;
17) салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык салык санкцияларын салууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык өндүрүүнү колдонууга;
18) ушул Кодексте белгиленген тартипте салык төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароого.
2. Салык кызматынын органдары алардын иштери тууралуу отчетту ыйгарым укуктуу салыктык органдын ачык маалыматтык веб-сайтында отчеттук календардык жылдан кийинки жылдын 1-мартына чейин жарыялоого милдеттүү. Бул отчет отчеттук календардык жылдагы төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) салык кызматынын органдары чогулткан салыктардын аталышын жана суммасын;
2) салык карыздарынын суммасын;
3) салыктарды жыйноо процессинде салык органдары тарткан чыгымдарды;
4) салык карызын төлөө жагында берилген салык жеңилдиктери, кийинкиге жылдыруу мөөнөтү жана бөлүп төлөөлөр боюнча статистикалык маалыматтарды;
5) салык кызматынын органдарынын иштериндеги жетишкендиктерди жана кемчиликтерди сыпаттоону;
6) салык карызынын өлчөмүн көрсөтүү менен, 5000 эсептик көрсөткүчтөрдөн ашкан өлчөмдөгү салык карызы бар деп таанылган жеке жактардын фамилияларынын жана ысымдарынын, уюмдардын аталыштарынын тизмесин.
3. Эгерде ушул Кодексте каралган тартипте салык контролун жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча кылмыш жоопкерчилиги баштала турган чектен ашкан эсептелбеген салыктын суммалары табылса, салык кызматынын органдары салык текшерүүсүнүн материалдарын төмөнкүдөй учурларда укук коргоо органдарынын кароосуна жиберет:
1) эгерде тиешелүү чечим мыйзамдуу күчүнө кирсе жана салык төлөөчү тарабынан даттануу берүүнүн ушул Кодексте белгиленген мөөнөтүнүн ичинде салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына даттанбаса;
2) эгерде салык төлөөчүнүн даттануусуна карата эсептелбеген салыктын суммасы кылмыш жоопкерчилиги баштала турган чектен ашып кеткенин ырастаган ыйгарым укуктуу салык органынын мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими бар болсо жана салык төлөөчүгө ыйгарым укуктуу салык органынын чечимин колуна бергенден кийинки күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде салык төлөөчү сотко даттануу менен кайрылбаса;
3) эгерде эсептелбеген салыктын өлчөмү кылмыш жоопкерчилиги баштала турган чектен ашып кеткенин ырастаган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими болсо.
Эгерде салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органынын же соттун тиешелүү чечиминде көрсөтүлгөн салык карызынын бардык суммасын белгиленген мөөнөттө жойсо, салык кызматынын органдары укук коргоо органдарына салыктык укук бузуу фактысы жөнүндө маалыматты жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алууга укугу жок.
4. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган башка милдеттерди да аткарышат.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 130, 2020-жылдын 31-декабрындагы № 13 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 декабря 2020 года № 13 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам экономической амнистии"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР 21 ноября 2019 года № 130 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-51" title="51-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>