Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
352-берене. Салыктык отчетту берүүнүн тартиби. Салык төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 53-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33
1. Салыкты төлөө патент алуу жолу менен ишкердикти баштаганга чейин жүргүзүлөт.
2. Патент удаалаш өтүүчү 30, 90 же 180 күнгө алынат. 90 күндүк патент алууда салыктын суммасы 5 пайызга, ал эми 180 күнгө алууда - 10 пайызга азаят. Айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга патент автомашинанын жүгү менен ар бир жолку чыгып кетүүсүнө сатып алынат.
3. Салыктын суммасы туруктуу болот жана кайра эсептелбейт, ал эми төлөнгөн салыктын суммасы колдонулуу мөөнөтү ал жеткис күчтүн жагдайларынын мезгилине туш келген патенттин негизинде кайра эсептелген салыктын суммасын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте, патент алынгандан кийин кайра берилбейт.
4. Патенттин негизинде ишкердик жүргүзүүчү салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык патентте каралган ишкердикке карата бирдиктүү салыктык декларация тапшыруудан бошотулбайт, анда милдеттүү патенттин негизиндеги ишкердик боюнча иш жүзүндө алынган кирешелер аларды милдеттүү түрдө ырастабастан жана төлөнгөн салыктын суммасын кайра эсептебестен көрсөтүлөт.
(КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 194, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июля 2015 года № 194 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Нариман айылдык кеңешинин 2012-жылды 16-январындагы №26/1"Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыгын жана 1,2,3-группадагы мүлк салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.03.2012 · № 26/1
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 352 жана…Постановление · 22.04.2019 · № 188
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 164 токтомуПостановление · 17.03.2020 · № 164
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 токтомуПостановление · 31.07.2018 · № 357
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 токтомуПостановление · 08.05.2020 · № 241
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-352" title="352-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>