Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
353-берене. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты колдонуунун жалпы шарттары
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 54-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 декабря 2018 года № 109
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү тизмекке ылайык жеке эмгектик ишин же жеке ишкердик ишин жүзөгө ашыруучу жеке жак ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөгө укугу бар.
2. Ыктыярдуу патенттин негизинде жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жана салык төлөөчү жеке жактар (мындан ары - салык төлөөчүлөр) салыктардын төмөнкү түрлөрүн кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген салыктарды төлөшөт:
1) пайдага салык;
2) сатуулардан салык.
Жеке эмгектик ишти жүзөгө ашыруучу жеке жактар киреше салыгынын, пайдага салыктын жана сатуулардан салыктын ордуна ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөшөт.
3. Салык төлөөчүлөр жалданма жумушчулардын эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна, ар бир жалданма жумушчуга, ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталуучу минималдык эсептик кирешесине жараша эсептелген салыкты төлөө менен, ыктыярдуу патент алууга укуктуу.
4. Ыктыярдуу патенттин негизинде салыкты төлөө режимин колдонууга төмөнкүлөрдүн:
1) КНСке салык төлөөчүлөр болуп саналган жеке адамдардын жана/же кийинки 12 айдын кирешесинин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашкандардын;
2) уюмдардын укуктары жок;
3) тигүү жана текстиль тармактарынын субъекттерин кошпогондо, товарлардын импортун жүзөгө ашыруучу жеке жактар.
5. Ушул главада белгиленген шарттарга дал келбеген учурда, салык төлөөчү дал келбөө аныкталган айдан кийинки айдын 1инен тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн белгиленген жалпы тартибине өтөт. Ыктыярдуу патенттин негизинде төлөнгөн жана салык төлөөчү белгиленген жалпы тартипке өткөн учурдан башталуучу мезгилге туура келген салыктын суммасы ашыкча төлөнгөн деп таанылат, аны кириштөө ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат.
6. КНС боюнча каттоо чегинен ашканда КНС боюнча салыктык милдеттенме ушул Кодекстин жоболоруна ылайык келип чыгат.
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2018-жылдын 4-августундагы № 86 , 2018-жылдын 24-декабрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 декабря 2018 года № 109 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 352 жана…Постановление · 22.04.2019 · № 188
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 375 токтомуПостановление · 09.07.2020 · № 375
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-353" title="353-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>