Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Көк-Жар айылдык кеңешинин «Көк-Жар айылдык округунун 2012-жыл үчүн салык жана салык эмес төлөмдөрдүн коэфценттерин аныктоо жөнүндө» токтому
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Жар айылдык кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезектеги ( жыйырма биринчи ) XXI сессиясы
2011-жылдын 25-ноябры № 21-3 Көк-Жар айылдык округунун 2012-жыл үчүн салык жана салык эмес төлөмдөрдүн коэфценттерин аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 327, 339 жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын 12/1 12/2 беренелеринин негизинде Көк-Жар айылдык округунун 2012-жыл үчүн салык жана салык эмес төлөмдөрүнүн өлчөмдөрүн аныктоо максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктунун негизинде айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын зоналдык коэфциенти 2012-жылга карата 1,2 болуп кабыл алынсын.
2. Таштандыларды ташуу жыйымы ар бир тамарка үчүн 2012-жылга карата 75 ( жетимиш беш) сомдон болуп белгиленсин.
3. КРнын салык кодексинин 327-беренесинин 8-пунктунун негизинде мүлк салыгынын зоналдык коэфциенти (К2) 1,0 болуп кабыл алынсын.
4. Ушул чечимдеги маселелерди КРнын мыйзамдарына негиз аткаруу жагы Көк-Жар айылдык округунун ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Т. Исмановго жана айылдык округдун ага салыкчысы К. Алимовага милдеттендирилсин.
5. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Султановго тапшырылсын.
6 Ушул чечимди бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы
К. Козуев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон