282-20-берене. Товарларды импорттоодо төлөнгөн КНСтин суммасын оңдоо тартиби
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарларды жарым-жартылай кайтарып берүү жүзөгө ашырылган учурда, сапатынын талаптагыдай жана/же комплекттүү эместигинен, мындай товарлар ташып киргизилген ай аяктаганга чейин мындай товарлар боюнча маалыматтар импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктарга карата салык отчеттуулугунда, ошондой эле товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда чагылдырылбайт.
2. Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарларды сапатынын талаптагыдай жана/же комплекттүү эместигинен, мындай товарлар ташып келинген ай аяктаганга чейин толук кайтаруу ишке ашырылган учурда, мындай импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугу жана ошондой товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды салык органына төлөө жөнүндө арыз берилбейт.
3. Мындай товарлар ташылып келинген ай аяктагандан кийин ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарлар кайтарып берилген учурда, мындай товарлар боюнча маалыматтар импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктарга карата такталган салык отчеттуулугунда, ошондой эле товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда чагылдырылууга жатат.
4. Ушул берененин максаттарында Кыргыз Республикасынын аймагына Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймактарынан импорттолгон товарлардын сапатынын талаптагыдай жана/же комплекттүү эместигинен, кайтарып берилгендигин ырастоочу, салык төлөөчү-импорттоочу жана салык төлөөчү-экспорттоочу менен макулдашылган, сапатынын талаптагыдай жана/же комплекттүү эместигинен кайтарып берилүүгө тийиш болгон импорттолгон товарлардын саны жөнүндө маалыматтар камтылган документ эсептелет.
5. Төмөнкүлөр КНС салынууга жатпайт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген табигый зыяндардын ченемдеринин чегинде салык төлөөчүлөр тарабынан товарлардын жоготууларга учурашы;
2) күч жеткис жагдайлардын натыйжасында пайда болгон товарлардын бузулушу.
(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
282-20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-282-20" title="282-20-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>