282-16-берене. Эсеп-фактура
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Эгерде ушул беренеде башкасы белгиленбесе, эсеп-фактуралардан көчүрүп алуунун, аларды тариздөөнүн тартиби ушул Кодекстин 156-1-беренесине ылайык аныкталат.
2. Кайра иштетилүүчү продукттарды башка мамлекеттин аймагына кийин ташып кетүү менен, Евразиялык экономикалык бирлигине башка мүчө - мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинип иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү боюнча жумуштар аткарылган учурда, эсеп-фактура иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү боюнча жумуштардын аткарылгандыгын ырастаган документке кол коюлган датага карата жазылат.
3. Евразиялык экономикалык бирлигине башка мүчө - мамлекеттин лизинг алуучусу-салык төлөөчүсү алууга жаткан Кыргыз Республикасынын лизинг берүүчүсү-салык төлөөчүсү тарабынан товарларды лизингге берүүдө, эсеп-фактура лизингдин келишиминде каралган пайыздык кирешени эсепке албастан ар бир лизингдик төлөмдүн датасына карата, бирок иш жүзүндө алынган төлөмдүн суммасынан көп эмес жазылат.
Кыргыз Республикасынын лизинг берүүчүсүнүн-салык төлөөчүсүнүн пайыздык кирешесинин суммасы эсеп-фактурасында өзүнчө сап менен белгилениши керек. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
282-16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-282-16" title="282-16-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>