234-берене. Салыктык милдеттенменин датасы
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 37-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 марта 2019 года № 40
1. Салыктык милдеттенме келип чыккан дата, эгер ушул беренеде башкача каралбаса беримдердин датасы болуп эсептелет.
2. Беримдердин күнү:
1) товарлар үчүн - товарларга болгон жеке менчик укуктарды сатып алуучуга өткөрүп берүүнүн датасы;
2) аткарылган жумуштар жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн - эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, бардык жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр бүткөн дата.
3. Аткарылган курулуш-монтаждык жумуштар үчүн беримдердин датасы болуп жумуш бүткөн жана төлөнгөн учур эсептелет.
4. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, эсеп-фактура салык салынуучу беримдердин датасына чейин жазып берилген же акы алынган болсо, салыктык милдеттенменин датасы болуп кайсынысы мурдараак болгондугуна жараша эсеп-фактура жазып берилген же акы алынган дата эсептелет.
5. Эгер товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр узак мөөнөттүн ичинде (бир жылдан ашык) бериле турган болсо, салыктык милдеттенменин датасы болуп эсеп-фактура жазып берилген же туруктуу өткөрүп берүү датасы же кайсынысы мурдараак болгондугуна жараша туруктуу ар бир төлөм алынган дата эсептелет.
6. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерден товарларды импорттоону кошпогондо, товарларды импорттоодо КНС боюнча салыктык милдеттенменин датасы бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
234-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-234" title="234-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>