Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
195-берене. Кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого кеткен чыгымдарды чыгарып салуу
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 30-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Салык төлөөчүнүн кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого кеткен чыгашаларына салык төлөөчүнүн киреше алууга багытталган кадрларды даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жана кайра даярдоого байланыштуу чыгашалары таандык кылынат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чыгашалар, эгерде:
1) даярдоо жана/же кайра даярдоо программасы даярдалып жаткан же кайра даярдалып жаткан адисти салык төлөөчүнүн ишинин алкагында квалификациясын жогорулатууга же алда канча натыйжалуу пайдаланууга көмөк көрсөтсө;
2) салык төлөөчүнүн штатында турган кызматкерлер даярдоодон жана/же кайра даярдоодон өтсө;
3) билим берүү боюнча кызматтар ата мекендик уюмдар тарабынан көрсөтүлсө, чыгашалар чыгарып салынууга тийиш.
3. Ушул беренеде квалификациясынын деңгээлине карата талаптын жогорулашына жана кесиптик милдеттерди чечүүнүн азыркы кездеги ыкмаларын өздөштүрүүнүн зарылдыгына байланыштуу адистердин теориялык жана практикалык билимин жаңыртуу деп таанылат. Кесиптик кайра даярдоо деп, толук жумушчу күнүндө иштеген, курагы 23 жаштан жогору болгон кызматкер тарабынан кесиптик иштин жаңы түрүн аткаруу үчүн зарыл болгон кошумча билим-тажрыйбаны, жөндөм-шыкты жана көндүмдөрдү алуу квалификациясын жогорулатуу деп таанылат.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 608 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине…Постановление · 18.11.2019 · № 608
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 30-декабрындагы № 637/37/7 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында…Стратегия · 30.12.2005 · № 637/37/7 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 30-декабрындагы N 637/7/7 "Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарга микрокаржылоону…Постановление · 30.12.2005 · № 637/7/7 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-195" title="195-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>