189-берене. Салык салынбай турган кирешелер
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 29-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 июля 2017 года № 123
1. Төмөнкүлөргө пайда салыгы салынбайт:
1) уставдык капиталга салым жана/же субъект катышуучусу болуп саналган уюмга субъектин салымынын башка түрлөрү жана/же пайдык салым катары алынган мүлктүн наркына;
2) уюмдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен өзүнүн жеке өндүрүштүк базасын өнүктүрүү боюнча капиталдык салымдарга акысыз алган негизги каражаттардын жана акча каражаттардын наркы, ошондой эле төмөндө көрсөтүлгөн объекттерди (мындан ары бул бөлүмдө - акысыз алынган социалдык-маданий багыттагы объекттер) багытталышы боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашырган, мамлекеттик катышуунун үлүшү 50%дан жогору чарбалык коомдордун жана/же Кыргыз Республикасынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги болуп саналган адистештирилген уюмдардын менчигине акысыз алынган объекттердин (гидроэлектр станциялардын, жылуулук электр станциялардын, гидротехникалык курулмалардын, суу алгыч курулмалардын, тоо кен-шахталык жабдуулардын, жарандык коргонуу объекттеринин, ошондой эле жер участокторун пайдалануу укугунун) наркы.
Ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн адистештирилген уюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;
21) объектти эксплуатациялоого кабыл алуу актысына ылайык, мындай уюмдун менчигинин формасына карабастан, көрсөтүлгөн объекттерди багытталышы боюнча пайдаланууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү жүзөгө ашыруучу социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы, жолдордун, суу менен камсыздоо жана канализация, электр тармактарынын жана эсептөө приборлорунун, подстанциялардын, от казандарынын жана жылуулук тармактарынын, газ тармактарынын жана газды эсептөө приборлорунун объекттеринен адистештирилген уюм тарабынан акысыз алынган негизги каражаттардын наркы.
3) коммерциялык эмес уюмдар тарабынан алынган:
а) мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрү;
б) уставдык максаттарда пайдалануу шартында гуманитардык жардам жана гранттар;
в) уставдык максаттарда пайдалануу шартында акысыз алынган активдердин наркы;
г) көп квартиралуу үйлөрдү жана аларды тейлеген имарат, курулмаларды техникалык жактан тейлөөгө жумшалчу төлөм;
д) өздөрүнүн мүчөлөрүнө суу колдонулуучулар ассоциациясы тарабынан көрсөтүлүүчү уставдык иштин алкагында сугат сууларын берип туруу боюнча тейлөө кызматына жумшалчу төлөм;
е) диний каадаларды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүүдөн, ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн, ошондой эле ыктыярдуу кайыр-садагалардан түшкөн кирешелери.
4) ата мекендик уюмдарга катышуудан салык төлөөчү алган дивиденддер;
5) өнөктөрдүн салымы катары жөнөкөй өнөктөштүк тарабынан алынган мүлктүн наркы;
6) ишенимдүү башкарууга ишенимдүү башкаруучу тарабынан алынган мүлктүн наркы;
7) өздүк акциялардын наркын алардын номиналдык наркынан өсүшү түрүндө алынган киреше;
8) өздүк акцияларды сатууда нарктын өсүшүнөн алынган киреше;
9) сатылуучу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категория боюнча фондулук биржасындагы листингинде жайгашкан баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн түшкөн пайыздык кирешелер жана кирешелер.
10) негизги каражаттарды сатуудан финансылык ижаранын (лизингдин) келишими боюнча алынган киреше.
Көңүл буруңуздар! КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамына ылайык 10-пункт 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2014-жылдын 15-мартындагы № 50, 2015-жылдын 24-июлундагы № 194, 2017-жылдын 12-июлундагы № 123 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
189-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 12 июля 2017 года № 123 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июля 2015 года № 194 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 марта 2014 года № 50 "О внесении дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
12.07.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…адистештирилген уюмдардын менчигине акысыз алынган объекттердин алынып салынды: (социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы объекттердин, жолдордун, электр тармактарынын, подстанциялардын, от казандарынын жана жылуулук тармактарынын, газ тармактарынын, гидроэлектр кошулду: (гидроэлектр станциялардын, жылуулук электр станциялардын, гидротехникалык … уюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;
кошулду: 21) объектти эксплуатациялоого кабыл алуу актысына ылайык, мындай уюмдун менчигинин формасына карабастан, көрсөтүлгөн объекттерди багытталышы боюнча пайдаланууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү жүзөгө ашыруучу социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы, жолдордун, суу менен камсыздоо жана канализация, электр тармактарынын жана эсептөө приборлорунун, подстанциялардын, от казандарынын жана жылуулук тармактарынын, газ тармактарынын жана газды эсептөө приборлорунун объекттеринен адистештирилген уюм тарабынан акысыз алынган негизги каражаттардын наркы.
3) коммерциялык эмес уюмдар тарабынан алынган:
а) мүчөлүк жана кирүү … № 169, 2014-жылдын 15-мартындагы № 50, 2015-жылдын 24-июлундагы № алынып салынды: 194 кошулду: 194, 2017-жылдын 12-июлундагы № 123 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- Керметоо айылдык кенешинин 2010-жылдын 27-январындагы № 13 "Керметоо айылдык округунун 2008-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2010-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.01.2010 · № 13
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 361 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 16.06.2017 · № 361
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 11 апрелиндеги № 206 токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 206
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 773 токтомуПостановление · 24.11.2017 · № 773
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 06.10.2012 · № 169
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-189" title="189-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>