Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Керметоо айылдык кенешинин «Керметоо айылдык округунун 2008-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2010-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому
КЕРМЕТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Керметоо айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2010-жылдын 27-январы №13
Керметоо айылдык округунун 2008-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2010-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө Керметоо айылдык Кеңешинин депутаттары Керметоо айылдык округунун 2008-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2010-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө, Керметоо айылдык округунун 2009-жылдагы индикативдик планынын аткарылышы жана 2010-жылга индикативдик планды бекитүү, атуулдардан түшкөн арыздарды жана түрдүү маселелерди карап төмөндөгүдөй токтом кылат.
1. Керметоо айылдык округунун 2008-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2010-жылдын бюджета алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. 2009-жылдын индикативдик планы бекитилсин.
3. Араван районунун 75 жылдыгына карата айылдык округда өткөрүлүүчү иш-чаралар бекитилсин.
4. Жеңиш айылынын тургуну Ибайдуллаев Абдубалинин көп жылдан бери турмуш-тиричилик ишканасында кароол болуп иштегенин эске алып анын арызында көрсөтүлгөн айьш чарбасына жараксыз 0,04га жер аянты ага түз берүү жолу менен сатылсын.
5. Гулбаар айылынын жаштарынын жана мектеп окуучуларынын арасында топ-топ болуп мушташуулар көбөйүп бараткандыктан, мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү участкалык инспектор менен соц. адиске жана АКӨБнын башчыларына мил деттендирил син.
6. Кыргыз республикасынын салык кодексинин 189-ст негизинде юридикалык ишкана-мекемелерден алынуучу таштандыларды тазалоо боюнча жыйым 30 сом өлчөмүндө белгиленсин. Ал сумма толугу менен айыл өкмөтүнүн бюджетине чегерилсин.
7. Жеке адамдардан алынуучу жер салыгы, таштандыларды тазалоо боюнча жыйым, транспорт салыгы 100 пайыз айыл өкмөтүнүн бюджетине чегерилсин.
8. 2010-жылга Керметоо айыл өкмөтүнүн бюджета кирешелер жана чыгымдоолор боюнча 13077,4 сомго бекитилсин.
Керметоо айылдык кеңешинин төрагасы
А.Шамуратов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон