Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-18.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 12-июлу № 123 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 7-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 189-беренеде:
а) 2-пунктунда "социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы объекттердин, жолдордун, электр тармактарынын, подстанциялардын, от казандарынын жана жылуулук тармактарынын, газ тармактарынын," деген сөздөр алып салынсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) объектти эксплуатациялоого кабыл алуу актысына ылайык, мындай уюмдун менчигинин формасына карабастан, көрсөтүлгөн объекттерди багытталышы боюнча пайдаланууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү жүзөгө ашыруучу социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы, жолдордун, суу менен камсыздоо жана канализация, электр тармактарынын жана эсептөө приборлорунун, подстанциялардын, от казандарынын жана жылуулук тармактарынын, газ тармактарынын жана газды эсептөө приборлорунун объекттеринен адистештирилген уюм тарабынан акысыз алынган негизги каражаттардын наркы.";
2) 253-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды адистештирилген уюмга акысыз негизде өткөрүп берүү КНСтен бошотулган берим болуп саналат жана объектти экплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде жүзөгө ашырылат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 658Постановление · 31.12.2018 · № 658
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 658 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын…Постановление · 31.12.2018 · № 658 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон