1561-берене. Эсеп-фактура
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 21-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39
1561-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 1561-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Эсеп-фактура товарларды сатууда, кызмат көрсөтүүдө жана жумуштарды аткарууда салык төлөөчү тарабынан таризделүүчү салык документи болуп саналат.
2. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык эсеп-фактура электрондук документ түрүндө таризделүүгө тийиш.
3. Салык төлөөчүнүн эсеп-фактураларды электрондук документ түрүндө тариздөөгө мүмкүнчүлүгү болбогон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген учурларда, мындай салык төлөөчү эсеп-фактураны кагаз түрүндө үч нускада тариздөөгө укуктуу, андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттөрдө жана тартипте электрондук эсеп-фактураны тариздейт.
Эсеп-фактураны кагаз түрүндө тариздеген салык төлөөчү эсеп-фактуранын бир нускасын салыктык катталган жери боюнча салык органына берүүгө милдеттүү:
- КНСти төлөөчү - салыктык мезгил үчүн КНС боюнча отчет менен бирге;
- КНСти төлөбөгөн салык төлөөчү - эсеп-фактура кагаз түрүндө таризделген айдан кийинки айдын 25-числосунан кийинки күндөн кечиктирбеген мөөнөттө.
4. Ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө тариздөөгө милдеттүү болгон салык төлөөчүгө төмөнкүдөй учурларда эсеп-фактураны тариздебей коюуга жана аны сатып алуучунун талабы боюнча берүүгө жол берилет:
1) салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык ККМ аркылуу эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырган шартта калкка товарларды сатуу, кызмат көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу учурунда;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген учурларда жана Тизмек боюнча так отчеттогу бланктардын негизинде накталай эсептешүү менен калкка жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү учурунда.
5. Салык төлөөчү ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган товарларды берген, жумуштарды аткарган жана кызмат көрсөткөн учурда эсеп-фактура айдын аягында бир жолу таризделет.
6. Эсеп-фактуранын формасын, аны тариздөө жана колдонуу тартибин, ошондой эле эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүү жана жүгүртүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
7. Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө тариздөө милдети төмөнкүдөй мөөнөттөрдө белгиленет:
1) КНСти төлөөчү жана товарлардын импортун жана/же экспортун жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү үчүн - 2018-жылдын 1-июлунан тартып;
2) Евразия экономикалык бирлигине мүчө болбогон мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү үчүн - Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жана талаптарга ылайык;
3) ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлбөгөн салык төлөөчү эсеп-фактураларды электрондук документ түрүндө ыктыярдуу түрдө - 2018-жылдын 1-июлунан тартып, милдеттүү түрдө - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттө тариздейт.
(КР 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1561-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна)Порядок · 19.06.2020 · № 343
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдан 29-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-1 жана 282-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 29.06.2018 · № 306 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-июнундагы № 343 токтомуПостановление · 16.06.2020 · № 343
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 657 токтомуПостановление · 31.12.2018 · № 657
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомуПостановление · 30.03.2020 · № 191
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомуПостановление · 17.12.2019 · № 691
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 161 токтомуПостановление · 15.04.2019 · № 161
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 13.04.2018 · № 39 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-1561" title="1561-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>