156-берене. Эсепке алуу документтери жана салыктык эсепке алууну каттоо
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 21-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Кирешени жана чегеримди аныктоо үчүн баштапкы салыктык документ деп бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген кирешенин чоңдугун, ошондой эле эсеп-фактураны, кассалык жана товардык чекти, сатып алуу актысын жана регистрлерди кошо алганда чыгашанын чоңдугун жана мүнөзүн тастыктоочу документ түшүнүлөт.
Эгерде бухгалтердик эсептин регистрлеринде бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул главанын талаптарына ылайык салык базасын аныктоо үчүн маалыматтар жетишсиз болсо, салык төлөөчү бухгалтердик эсептин колдонулуучу регистрлерин кошумча реквизиттер менен өз алдынча толуктоого укуктуу. Муну менен салыктык эсептин регистрлерин түзөт же болбосо салыктык эсепке алуунун өз алдынча регистрлерин жүргүзөт.
2. Салыктык эсепке алуу маалыматтары кирешелер менен чыгышалардын суммаларын түзүү тартибин, учурдагы салыктык (отчеттук) мезгилге салык салуу максаттары үчүн эске алынуучу чыгымдардын үлүшүн, кийинки салыктык мезгилдерге сарпталууга тийиш болгон чыгымдардын (зыяндардын) калдыгынын суммасын аныктоо тартибин, түзүлүүчү резервдердин суммасын түзүү тартибин, ошондой эле бюджеттер менен эсептешүү тартибин чагылдырууга тийиш.
Бул салыктык эсепке алууну тастыктоо төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) баштапкы эсепке алуу документтери (бухгалтердин маалым-катын кошо алганда);
2) салыктык эсепке алуунун аналитикалык регистрлери;
3) салыктык базанын эcеп-кысабы.
3. Салыктык эсепке алуу анализделген регистрлери салыктык базаны эсептөөдө чагылдыруу үчүн эсепке алынган баштапкы документтерде, салыктык эсепке алуунун аналитикалык маалыматтарында камтылуучу маалыматтарды системалаштыруу жана топтоо үчүн арналган.
Салыктык эсепке алуу регистрлери кагазда, электрондук түрдө жана/же ар кандай башка булактарда атайын формалар түрүндө жүргүзүлөт. Салыктык эсепке алуу регистрлеринин формасы жана аларда салыктык эсепке алуунун аналитикалык маалыматтарын, баштапкы эсептик документтердин маалыматтарын чагылдыруу тартиби салык төлөөчү тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана салык салуу максаты үчүн уюштуруунун эсептик саясатына тиркемелер менен белгиленет. Мында салыктык эсептин маалыматтарынын аналитикалык эсеби салык төлөөчү тарабынан ал салыктык базаны түзүү тартибин ачып бергендей уюштурулууга тийиш.
4. Салыктык эсепке алуу үчүн документтер катары саналган салыктык базаны аныктоо үчүн салыктык эсептин аналитикалык регистрлеринин формалары милдеттүү түрдө төмөнкүдөй реквизиттер камтылууга тийиш:
1) регистрдин аталышы;
2) түзүү мезгили (датасы);
3) натуралай (эгерде мүмкүн болсо) жана акчалай операцияларды өлчөгүчтөр;
4) чарбалык операциялардын аталышы;
5) көрсөтүлгөн регистрлерди түзүүгө жооптуу адамдын койгон колу (койгон колду чечмелөө).
5. Салыктык эсеп регистрлериндеги чарбалык операцияларды чагылдыруунун тууралыгын аларды түзгөн жана кол койгон адам камсыз кылат.
Салыктык эсептин регистрлериндеги каталарды оңдоо датасын жана анын негизин көрсөтүү менен оңдоо киргизген жооптуу адам тарабынан негизделүүгө жана кол коюу аркылуу тастыкталууга тийиш.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
156-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №186 "№ ОП-5 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2010 · № 186 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-156" title="156-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>