Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «№ ОП-5 „Сатып алуу актысы“ баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 31 июля 2019 года № 386 "Об утверждении типовой унифицированной формы первичного учетного документа "Закупочный акт"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-03-30.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы N 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 30-марты №186 № ОП-5 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-беренесине жана "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген №ОП-5 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасы бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №186 токтому менен бекитилген
ОП № 5 баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасы
___________________________
БДМК(*) боюнча форма
___________________________ уюм, дареги
Сатуучунун ИУЖКсы
___________________________
Сатуучунун ИСНи
____________________________ берилген күнү, колдонуу мөөнөтү,
Сатуучунун патентинин номери же жеке ишкердин күбөлүгүнүн номери
___________________________ катталуу жөнүндөгү сатуучунун
____________________________ патенти же күбөлүгү ким тарабынан берилген
0330505
БЕКИТЕМ Субъекттин (сатып алуучунун) жетекчиси ______________________________________ фамилиясы, аты-жөнү колу «__» ________ 200_-ж.
САТЫП АЛУУ АКТЫСЫ
Документтин номери
Түзүлгөн күнү
Мен __________________ __________________________________________ кызматы фамилиясы, аты-жөнү ___________________________________________________________ сатып алдым сатуучунун фамилиясы, аты-жөнү Паспорт № ______________ берилген ________________________________ (сатуучунун) паспорт берген органдын аталышы, берилген күнү Паспорт боюнча үй дареги ________________________________________________________ (сатуучунун)
Товардын аталышы жана анын мүнөздөмөсү
Өлчөө бирдиги
Саны
Бирдик үчүн баасы, (сом, тыйын менен)
Суммасы (сом, тыйын менен)
1
2
3
4
5
ОП-5 формасынын арткы бети
Бардыгы суммада ________________________________________ сом _______ тыйын жазуу менен Акчанын суммасы ________________________________________ сом _______ жазуу менен Сатуучу алды __________ _______________________________________________________________________ колу сатуучунун фамилиясы аты-жөнү Акчаны төлөдү _________ _______________________________________________________________________ колу товарды сатып алган адамдын фамилиясы, _____________________________________________________________________________________________ аты-жөнү Сатып алуучунун ИСНи ______________________________________________________________________________________________ сатып алуучунун патентинин номери, патент берилген ______________________________________________________________________________________________ күн, колдонуу мөөнөтү, патент же күбөлүк ким _______________________________________________________________________________________________ тарабынан берилген
(*) Компьютердик техника каражаттары менен маалыматтарды иштеп чыгууда толтурулат.
№ ОП-5 «Сатып алуу актысы» баштапкы эсепке алуу формасын толтуруу боюнча КӨРСӨТМӨ
Сатып алуу актысы эки нускада түзүлөт, анын бири сатуучуда, экинчиси сатып алуучуда калат. Сатып алуучу тарабынан квартал сайын (квартал бүткөндөн кийинки айдын 20сынан кеч эмес) сатуучунун турган жери боюнча салык кызматы органына сатып алуу актысында көрсөтүлгөн сатып алуунун суммасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан иштелип чыккан формага ылайык сатуучуга төлөнгөн акча каражаттары жөнүндө маалымат жиберилет. Актынын жогорку сол жагында сатып алууну жүргүзүп жаткан уюмдун аталышы жана дареги көрсөтүлөт. Оң жагында сатуучунун ИУЖК (Ишканалардын жана уюмдардын жалпы классификатору) коду (бар болсо), анын идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) (толтуруу үчүн милдеттүү) жана патентинин номери көрсөтүлөт. Ошондой эле документ берген органдын аталышы, берген күнү жана патенттин же мамлекеттик катталуу жөнүндөгү күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлөт. Андан ары сатып алуу актысынын катар номери жана аны толтурган күн коюлат. Сатып алуучу өз атынан «кызматы» деген сапты толтурат жана өз фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтөт. Төмөн жагында «сатып алдым» деген сөздөрдөн мурда сатуучунун маалыматтары (фамилиясы, аты-жөнү жана паспорттук маалыматтары) сатуучу тарабынан толтурулат. Атайын бөлүнгөн саптарда сатуучу тарабынан сатылып алынуучу товарлар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүп, сатып алуунун жыйынтык суммасы чыгарылат. Төмөн жагында сатып алуунун жыйынтык суммасы жазуу жүзүндө берилет. Андан ары сатуучу фамилиясын, аты-жөнүн жазат жана өз колун коет. Сатып алуучу дагы сатып алгандыгын кол коюп тастыктайт. Сатып алуучу өз иш-аракетин патенттин негизинде ишке ашырып жаткан болсо, анда ал өз ИСН, патентинин номерин, анын жарактуулук мөөнөтүн, патент ким тарабынан берилгендигин көрсөтөт. Эгер сатып алуучу өз иш-аракетин мамлекеттик катталуу жөнүндөгү күбөлүгүнүн негизинде ишке ашырып жаткан болсо, анда ал күбөлүктүн номерин, күбөлүк ким тарабынан берилгендигин, ИСН көрсөтөт. Сатып алуу актысы товар сатып алып жаткан ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилет, ал үчүн «Бекитем» деген сапта жетекчинин фамилиясы, аты-жөнү, аны өз колу жана актыны бекиткен күнү коюлат. Сатып алуучунун жана сатуучунун ИСНдери көрсөтүлбөгөн, ошондой эле керектүү бардык реквизиттери толтурулбаган сатып алуу актысы жараксыз деп эсептелет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 14
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 386 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.07.2019 · № 386
- Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2015-жылдын 27-мартындагы № 11 "Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетине келтирилген материалдык зыянды өндүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.03.2015 · № 11
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 386 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.07.2019 · № 386
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон