120-берене. Салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын колдонуу
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 16-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33
1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык салуунун максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн тараптар иш жүзүндө колдонгон бүтүмдөрдөгү баалар эске алынат. Эгерде тескерисинче далилденбесе, бул баа рынок бааларына ылайык деп эсептелет.
2. Салык кызматынын органдары контроль жүргүзүүдө салыктарды толук эсептөө үчүн бүтүмдөр боюнча бааларды колдонуунун тууралыгын төмөнкүдөй учурларда гана текшерүүгө укуктуу:
1) өз ара көз каранды адамдардын ортосунда бүтүмдөр түзүлгөндө;
2) товар алмашуу (бартердик) операциялар боюнча;
3) тышкы соода бүтүмдөрү түзүлгөндө;
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жөнүндө ырастоочу документтер болбогондо;
6) аракеттенбеген жактын белгилери бар субъекттер менен бүтүмдөрдү түзүүдө;
7) атайын салык режимин колдонуп жаткан ишкердик субъекттери менен бүтүмдөрдө.
8) ушул беренеге ылайык аларга карата контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген товарлар менен бүтүмдөрдө.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда, бүтүмдүн тараптары товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө колдонгон баалар рыноктук баадан 20 пайыздан ашык айырмалуу болсо, салык кызматынын органы тийиштүү товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук бааларды колдонгондо болуучу ошол бүтүмдүн натыйжасына ылайыкталып эсептелген салыкты, туумду жана салыктык санкцияларды салуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарууга укуктуу.
4. Рыноктук баа ушул Кодекстин 121-беренесинде каралган салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын аныктоо принцибине ылайык белгиленет, алардын ар бири мурдагыларды колдонуу үчүн жетиштүү маалымат жок учурда колдонулат.
5. Рыноктук бааны аныктоодо өз ара көз карандысыз болуп саналган жактардын ортосунда бүтүмдөрдү түзүүдө белгиленүүчү кадимки кошумча баалар менен бааны арзандатуулар эске алынат. Атап айтканда төмөнкүлөрдөн улам кошумчалар жана арзандатуулар эсепке алынат:
1) товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө керектөө суроо-талабынын сезондук же башкача өйдө-төмөндүгү;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте товарлардын сапатын же башка керектөө касиеттерин жоготушу;
3) товарлардын жарактуулук же аларды сатуу мөөнөттөрүнүн бүтүшү же ошол күнгө жакындашы;
4) маркетингдик саясат, анын ичинде окшош эмес жаңы товарларды рынокко чыгарууда, ошондой эле товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жаңы рынокторго чыгаруу;
5) керектөөчүлөрдү тааныштыруу максатында тажрыйба моделдерин жана үлгүлөрүн сатуу.
6. Товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук бааларын аныктоодо өз ара көз каранды эмес жактардын ортосундагы бүтүмдөр көңүлгө алынат. Өз ара көз каранды жактардын ортосундагы бүтүмдөр өз ара көз каранды мындай жактар ушул сыяктуу бүтүмдөрдүн натыйжаларына таасир этпеген учурларда гана көңүлгө алынышы мүмкүн.
7. Товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө рынок баасын аныктоодо жана таанууда товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана биржалык котировкаларга рыноктук баалар жөнүндө маалыматтын расмий булактары, мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтар базасы, салык төлөөчү салык органдарына берген маалыматтар, ошондой эле башка тиешелүү маалыматтар колдонулат.
8. Алар үчүн контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленүүчү товарлардын тизмегин, контролдук баалардын минималдык деңгээлинин өлчөмүн, контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
9. Аларга карата контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген импорттолуучу/өндүрүлүүчү товарлар боюнча, ушул Кодекстин максаттары үчүн ушул берененин 8-бөлүгүнө ылайык белгиленген деңгээлден төмөн болбогон баа кабыл алынат.
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2015-жылдын 24-январындагы № 25, 2016-жылдын 26-июлундагы № 140, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
120-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июля 2016 года № 140 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 января 2015 года № 25 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
03.04.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Аларга карата контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген алынып салынды: импорттолуучу кошулду: импорттолуучу/өндүрүлүүчү товарлар боюнча, ушул Кодекстин максаттары үчүн ушул берененин … № 255, 2015-жылдын 24-январындагы № 25, 2016-жылдын 26-июлундагы № алынып салынды: 140 кошулду: 140, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 6-июнундагы №1968-V "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси жөнүндө" токтомуПостановление · 06.06.2012 · № 1968-V
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 279 токтомуПостановление · 29.05.2020 · № 279
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-декабрындагы № 641 токтомуПостановление · 01.12.2016 · № 641
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 токтомуПостановление · 12.10.2016 · № 537
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №818 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.12.2009 · № 818 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-декабрындагы № 641 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 "Кыйыр салыктар боюнча салык отчётунун, товарларды ташып келүү…Постановление · 01.12.2016 · № 641 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 27.07.2009 · № 255 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-120" title="120-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>