119-берене. Салык милдеттенмелерин эсептөөнүн кыйыр методдорун пайдалануу
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 16-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 августа 2016 года № 167
1. Салык милдеттенмеси салык кызматы органы тарабынан төмөнкү учурларда кыйыр методдордун негизинде аныкталат:
1) калк менен накталай эсептешүү үчүн операцияларды эсепке алуу тартиби бузулганда;
2) баштапкы эсептик документтер болбогондо.
2. Салык милдеттенмелерин эсептөөнүн кыйыр методдорун колдонуу активдердин, милдеттенмелердин, жүгүртүүнүн, сарптоолордун, чыгашалардын жана/же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте орнотулган салык постунун натыйжалары боюнча алынган маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат.
(КР 2016-жылдын 12-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
119-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы №360 токтомунун "Салык постун орнотуунун" тартибиПорядок · 05.06.2009 · № 360 · Күчүн жоготкон
- Салык постун орнотуу ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 609 токтому менен бекитилген)Порядок · 18.11.2019 · № 609 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-119" title="119-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>