Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
118-берене. Бул главада пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 16-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Бул главада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) "Окшош товарлар" - негизги белгилери бирдей мүнөздөгү товарлар. Товарлардын окшоштугун аныктоодо алардын физикалык мүнөздөмөлөрү, сапаты жана рыноктогу репутациясы, чыгарган өлкө жана өндүрүүчү эске алынат. Товарлардын окшоштугун аныктоодо алардын тышкы түрүндөгү майда-барат айырмачылыктар эске алынбайт.
2) "Бирдей түрдөгү товарлар" - окшош эмес, бирок мүнөздөмөлөрү окшошкон жана окшош компоненттерден турган товарлар, булар эгерде мындай товарлардын бааларында олуттуу айырмачылык болбосо же болбосо түзөтүүлөрдүн жардамы менен эске алынышы мүмкүн болсо бир же ошол эле функцияны аткарууга жана/же коммерциялык жактан бири-бирин алмаштырууга мүмкүндүк түзүлөт.
3) "Товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр рыногу" - Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары сатып алуучуга же сатуучуга карата жакын товарды, жумушту, кызмат көрсөтүүнү реалдуу же кыйла кошумча чыгымдарсыз сатып алууга же сатууга сатуучунун же сатып алуучунун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аныкталуучу ушул товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүү чөйрөсү.
4) "Товардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы" - рыноктогу суроо-талаптын жана сунуштун биргелешкен аракетинде окшош товарларга, ал эми мындайлар жок болсо - салыштырмалуу экономикалык шарттардагы бир түрдүү товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө түзүлгөн баа.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-118" title="118-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>