9-берене. Лицензияны кайра жол-жоболоштуруу
Күчүн жоготкон · 01.11.2011 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191.
1. Юридикалык жак кайра уюштурулган, юридикалык жактын аталышы,
юридикалык дареги, оюн-зоок жайынын аталышы, оюн-зоок жайы жайгашкан жер өзгөртүлгөн, оюн-зоок жабдууларынын саны өзгөрүлгөн учурда лицензия алган лицензиат беш жумушчу күндүн ичинде өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматты жана кайра жол-жоболоштуруу үчүн лицензиарга зарыл документтерди берүүгө милдеттүү.
2. Лицензиянын түпнускасы жоголгон, ошондой эле лицензиянын бланкы
жараксыз болуп калган учурда, лицензиат үч күндүк мөөнөттө бул тууралу лицензиарга кабарлоого жана беш күндүн ичинде лицензиянын дубликатын алуу үчүн арыз берүүгө милдеттүү. Арызда жоголгон/жараксыз болгон блан- ктын бардык реквизиттери жана бланктын жоголуш/жараксыз болуп калыш се- бептери көрсөтүлүшү керек. Дубликат колдо бар документтердин негизинде берилет. Берилген лицензиянын дубликатында "Дубликат" деген белги болу- шу керек.
3. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда лицензияны
кайра жол-жоболоштуруу лицензиат тарабынан тиешелүү арыз берилген жана мурдагы лицензия кайтарып берилген күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө ишке ашырылат.
4. Лицензияны кайра жол-жоболоштуруу жана дубликат берүү үчүн акы
эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө алынат.
Берененин тексти 01.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202415/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>