Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-берене. Оюн-зоок жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын
Күчүн жоготкон · 01.11.2011 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191.
уюштурууга лицензия берүүнүн тартиби
1. Кыргыз Республикасында оюн-зоок иши ишкердиктин лицензиялануучу
түрү болуп эсептелет.
2. Оюн-зоок жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштуруу-
га лицензия ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - лицензиар) тарабынан берилет.
3. Лицензия алыш үчүн арыз ээси (лицензиат) төмөнкүдөй документ-
терди тиркөө менен лицензия берүүнү сурап, лицензиарга арыз киргизет:
а) юридикалык жактар үчүн (оюн-зоок автоматтар залы, тотализатор-
лор жана букмердик кењселер):
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмө-
сүн;
- юридикалык жактын уюмдаштыруу документтеринин нотариалдык күбө-
лөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
- оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу болжонуп жаткан башпаанага (имарат-
ка) менчик же ижара укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;
- оюн-зоок жайлары үчүн башпаананын (имараттын) өрт коопсуздугунун
ченемдерине, санитардык ченемдер менен эрежелерге шайкеш келиши, оюн-зоок жайынын кайтаруу каражаттары жана коопсуздук сигналдаштыруунун зарыл каражаттары менен жабдылышы жөнүндө мамлекеттик контроль кызмат- тарынын актыларын;
- оюн-зоок жайы тарабынан бекитилген оюндарды өткөрүүнүн эрежеле-
рин жана оюн-зоок жайынын иштөө эрежелерин;
- оюн-зоок жайын коргоо жөнүндө келишимди;
- минималдуу түрдөгү милдеттүү резервдик фонддун түзүлүшүн бышык-
таган документти;
- салык төлөөчүгө жана камсыздандыруу акысын төлөөчүлөргө иденти-
фикациялык кодду ыйгарууну бышыктаган документтердин көчүрмөсүн;
- арызды кароо жана лицензия берүү үчүн акы төлөө жөнүндө дүмүр-
чөктүн же төлөм тапшырмасынын көчүрмөсүн;
б) юридикалык жактар (казино) үчүн:
- юридикалык жактын уюмдаштыруу документтеринин нотариалдык күбө-
лөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмө-
сүн;
- оюн-зоок жайын күтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу болжонуп жаткан
башпаанага (имаратка) менчик же ижара укугун бышыктаган документтердин көчүрмөлөрүн;
- башпаананын (имараттын) оюн-зоок жайынын өрт коопсуздугунун че-
немдерине, санитардык ченемдер менен эрежелерге шайкеш келиши жана оюн-зоок жайын зарыл кайтаруу каражаттары жана кооптуулук сигналдашты- руунун зарыл каражаттары менен жабдылышы жөнүндө мамлекеттик контроль кызматтарынын актыларын;
- оюн-зоок жайы тарабынан бекитилген оюндарды өткөрүүнүн эрежелери
жана оюн-зоок жайын иштетүүнүн эрежелерин;
- казино үчүн белгиленген ченемдерге шайкеш келүү тастыктамасын;
- мейманкана же ресторан үчүн коюлган ченемге шайкеш келүү тастык-
тамасын;
- минималдуу түрдөгү милдеттүү резервдик фондду түзүүнү бышыктаган
документти;
- оюн-зоок жайын кайтаруу жөнүндө келишимди;
- салык төлөөчүгө жана камсыздандыруу акысын төлөөчүгө идентифика-
циялык кодду ыйгарууну бышыктаган документтердин көчүрмөсүн;
- арызды кароо же лицензия берүү үчүн акы төлөө жөнүндө дүмүрчөк-
түн же төлөм тапшырмасынын көчүрмөсүн.
4. Лицензия алуу үчүн тапшырылган маалыматтын жана документтердин
аныктыгы үчүн лицензиат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5. Лицензия берүү акы төлөө негизинде ишке ашырылат. Лицензия үчүн
төлөнүүчү акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкта- лат.
6. Лицензия лицензиаттын арызында көрсөтүлгөн оюн-зоок жайынын
белгилүү бир жайгашкан жерине берилет.
7. Оюн-зоок жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштуруу-
га берилген лицензия ээликтен ажыратылбайт. Аны колдонуу лицензиат ме- нен бирдикте ишти, анын ичинде кызматташуу жөнүндө келишим боюнча ишти жүзөгө ашырган башка адамдарга, ошондой эле уюмдаштыруучуларынын бири лицензиат болгон юридикалык жактарга жайылтылбайт.
8. Оюн-зоок жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштуруу-
га тиешелүү лицензия мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып, он жылдык мөөнөткө берилет.
9. Оюн-зоок жайын күтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугу лицензия
алынган учурдан тартып пайда болот жана ал кайра алып коюлган, жокко чыгарылган же лицензиянын колдонулуу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып токтотулат.
10. Оюн-зоок жайы иши убактылуу токтотулган учурда беш күндүк
мөөнөттө тиешелүү себептерин көрсөтүү менен токтотулганы жөнүндө ыйга- рым укуктуу мамлекеттик органды жана катталган жери боюнча салык орган- дарын кабардар кылышы керек.
11. Юридикалык жактар, ар бир жай үчүн белгиленген тартипте лицен-
зия алынган болсо, бир нече оюн-зоок жайынын уюштуруучусу боло алат.
12. Тиешелүү лицензия албай туруп оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу Кыр-
гыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчи- ликке кириптер кылат.
Берененин тексти 01.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202415/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>