10-берене. Лицензиянын колдонулушун токтото туруунун тартиби
Күчүн жоготкон · 01.11.2011 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191.
1. Лицензиат тарабынан ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын жана
башка мыйзамдык актыларында белгиленген талаптардын сакталышын контрол- доо лицензиаттын ишине текшерүү жүргүзүү, ага байланыштуу түшкөн арыз- дар менен даттанууларды кароо жолу менен лицензиар тарабынан ишке ашы- рылат.
2. Текшерүүлөрдү ишке ашыруунун үздүксүздүгү жана мөөнөттөрү Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиар тарабынан белгиленет.
3. Аныкталган укук бузуулардын мүнөзүнө жараша лицензиар укук бу-
зууларды четтетүү же лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө бу- йуртма чыгарууга укугу бар.
4. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу лицензиат тарабынан жол
берилген укук бузуулар чететтилгенге чейин оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу- га тыюу салынат дегенди билдирет жана ал лицензиат тарабынан лицензияда камтылган талаптар аткарылбаган учурда жүргүзүлөт.
5. Лицензиар лицензиянын колдонулушун үч айга чейинки мөөнөткө
токтото турууга укуктуу. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө кабыл алынган чечимди лицензиар лицензиянын колдонулушу убактылуу ток- тотулган мөөнөттү көрсөтүү менен жазуу жүзүндө лицензиатты кабардар кы- лат.
6. Лицензиянын колдонулушу убактылуу токтотулган учурда аны кайра
колдонуу лицензиянын колдонулушун токтото турууга алып келген себептер четтетилгендиги жөнүндө документтүү бышыктама лицензиарга тапшырылган- дан кийин ишке ашырылат. Мында лицензиянын колдонулушу канча мөөнөткө токтотулса, анын себептери ошол мөөнөттүн ичинде четтетилүүгө тийиш.
Берененин тексти 01.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202415/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>