15-берене. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери жана кардарлары үчүн
Күчүн жоготкон · 01.11.2011 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 января 2010 года № 4
белгиленген чектөөлөр
1. Оюн-зоок жайларынын штатына 18 жаштан жаш эмес (толук жөндөм-
дүүлүгү бар) кызматкерлер алынышы зарыл.
2. Төмөнкүдөй жашка жеткендер гана оюн-зоок жайларынын кардарлары
болушу мүмкүн:
- оюн-зоок залдары үчүн - (толук жөндөмдүүлүгү бар) 18 жаштагылар;
- казино үчүн - 21 жаштагылар.
3. Оюн-зоок жайларынын кардарларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- катуу мас абалында оюн-зоок жайларына кирүүгө;
- оюн-зоок жайларынын уруксаты жок киного, сүрөткө, видеого тар-
тууга;
- оюн-зоок жайларынын кызматтык зонасына кирүүгө.
4. Оюн-зоок жайларынын эрежелеринде жалпы жүрүм-турум ченемде-
рине жана моралга тиешелүү башка тыюу салуулар, ошондой эле оюн-зоок жайларынын кардарлары жана кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн.
5. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери оюн-зоок жайлары белгилеген
эрежелерди, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун бузган кайсы бир кар- дардан оюн-зоок жайынан тез арада чыгып кетүүнү талап кылууга укуктуу. Оюн-зоок жайларынын эрежелери кардарлар үчүн көрүнүктүү, жеткилик- түү жерде жайгаштырылышы керек. (КР 2010-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202415/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>