11-берене. Лицензияны чакыртып алуунун жана анын колдонулушун
Күчүн жоготкон · 01.11.2011 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191.
токтотуунун тартиби
1. Лицензия лицензиар тарабынан төмөндөгүдөй учурларда чакыртып
алынышы мүмкүн:
- лицензиянын колдонулушу лицензиар тарабынан токтолушуна себеп
болгон бузуулар, анын ичинде тийиштүү салыктарды төлөбөгөндүгүнө же өз учурунда төлөбөгөндүгүнө байланышкан бузуулар, белгиленген мөөнөттө четтетилбесе;
- ушул Мыйзамда жана "Терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жана
кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдаштыруу) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптар лицен- зиат тарабынан аткарылбаса;
- лицензиаттын кайсы ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар болсо,
сот тарабынан иштин ошол түрү менен алектенүүгө тыюу салынса.
2. Лицензиянын колдонулушун токтотууга төмөнкүлөр негиз болот:
- лицензиаттын ишинин токтотулушу;
- лицензиянын колдонулуу мөөнөтүнүн бүтүшү;
- лицензиянын чакыртып алынышы.
3. Лицензияны чакыртып алуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу
оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууга тыюу салуу дегенди билдирет.
4. Лицензиянын колдонулушу токтотулсун деп кабыл алынган чечим жө-
нүндө лицензиар үч күндүк мөөнөттө лицензиатка жазуу жүзүндө кабар бе- рет.
Берененин тексти 01.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202415/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>