Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 19 марта 2012 года №185 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «Об игорной деятельности в Кыргызской Республике»"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-03-19.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-мартындагы № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-июну № 315 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-жыл., № 6/2, 665-берене) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилсин:
1. 1-беренеде:
1) бешинчи абзацындагы:
"эки же бир нече катышуучулардын ортосунда" деген сөздөр алып салынсын; "тараптар" деген сөз "катышуучулар" деген сөз менен алмаштырылсын.
2) алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын;
"мелдеш - тобокелге негизделген жана утуш жөнүндө катышуучулар өз ара же болбосо оюн-зоок жайы менен түзүлгөн макулдашуу, анын жыйынтыгы анын болушуна ага катышуучулар менен оюн-зоок жайы өз аракеттери менен таасир тийгизе албайт, анын болоору же болбосу белгисиз жагдайга жараша болот; ";
3) жетинчи абзацындагы "жарыяланган акчалай утушу менен" деген сөздөр алып салынсын;
4) тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"оюн ойнолуучу үстөл - оюн-зоок жабдуулары (оюн-зоок жайында атайын жабдылган жер), ал утуштун кандай гана түрү болбосун кумар оюндарын өткөрүү үчүн арналган бир же бир нече оюн талаалары түрүндө болот, анда оюн-зоок жайы өзүнүн өкүлдөрү аркылуу тарап катары же уюштуруучу жана (же) байкоочу катары катышат (рулетка, карта ойнолуучу үстөлдөр, чакмак-таш оюну үчүн үстөл). Оюн ойнолуучу бир үстөлдө бирден ашуун оюн талаалары болгон учурда, оюн ойнолуучу үстөлдөрдүн саны оюн талааларынын санына эселүү көбөйтүлөт;";
5) төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"оюн талаасы - кумар оюндарынын эрежелерине ылайык жабдылган оюн ойнолуучу үстөлдөгү атайын жер;";
6) онунчу-он жетинчи абзацтары тиешелүү түрдө он биринчи-он сегизинчи абзацтар болуп эсептелсин;
7) онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ойнолуучу автомат - кичипроцессору, төлөп берүү таблицасы, кокустук сандардын генератору же башка программалык камсыздоосу, маалыматтарды киргизүүчү/чыгаруучу түзүлүшү, купюрларды кабыл алгычы (тыйындарды кабыл алгыч, төлөм карточкасы үчүн эсептөөчү түзүлүшү) бар же булары жок эле, аталган оюндарга оюн-зоок жайынын өкүлдөрү катышпаган акчалай жана (же) акчалай эмес (мүлктүк) утушу бар кумар оюндарын өткөрүү үчүн орнотулган жана пайдаланылуучу атайын жабдуу (механикалык, электр, электрондук же башка техникалык түзүлүш), анын ичине электрондук рулетка. Ойнолуучу автоматтарды пайдалануу менен лотереяларды өткөрүүгө жол берилбейт;";
8) он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "оюн-зоок зонасы - оюн-зоок жайынын кассасын жана оюн-зоок жабдууларын орнотуу үчүн арналган оюн-зоок жайынын бир бөлүгү;";
9) он жетинчи абзацындагы "акчалай" деген сөздөн кийин "же башка мүлктүк утуш, муну менен кошо мүлктүк укук" деген сөздөр менен толукталсын;
10)төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу-жыйырманчы абзацтар менен толукталсын:
"букмекердик кеңсенин сайылган акчаларды кабыл алуу пункту оюн-зоок жайынын бөлүгү, анда оюн-зоок бизнесин уюштуруучу катышуучулар менен мелдеш өткөрөт жана анда жайгашкан атайын жабдуулар сайылган акчалардын эсебин алат, мелдештердин жыйынтыгын аныктайт жана утуштарды төлөп берет; тотолизатордун сайылган акчаларын кабыл алуу пункту - оюн-зоок жайынын бөлүгү, анда оюн-зоок бизнесин уюштуруучу катышуучулар менен мелдеш өткөрөт жана анда жайгашкан атайын жабдуулар сайылган акчалардын эсебин алат, мелдештердин жыйынтыгын аныктайт жана утуштарды төлөп берет.".
2. 2-беренесинин биринчи бөлүгү төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Уюштуруучулары (катышуучулары) Кыргыз Республикасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болуп саналган юридикалык жак оюн-зоок ишинин субъектиси катары чыга албайт.".
3. 6-беренеде:
1)2-бөлүктө:
а) экинчи-төртүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда баяндалсын: "- казино үчүн кырк миң эсептик көрсөткүчкө барабар;
- ойнолуучу автоматтар залы үчүн беш миң эсептик көрсөткүчкө барабар;
- букмекердик кеңселер жана тотализаторлор үчүн миң эсептик көрсөткүчкө барабар.";
2) 4-бөлүктө:
а) экинчи сүйлөмү алып салынсын;
б) төмөнкү мазмундагы экинчи-алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Милдеттүү резервдик фонддун каражаттары казино болуп саналган оюн-зоок жайынын кассасында сакталат. Ойнолуучу автоматтардын, букмекердик кеңсенин, тотализаторлордун ишин жүргүзгөн оюн-зоок ишинин субъекттери милдеттүү резервдик фонддун каражаттарын оюн-зоок жайынын кассасында жана (же) оюн-зоок ишинин ошол субъектисинин өзүнчө банктык эсебинде сакташат. Ошол каражаттарды ырастоочу документтерди берүү менен милдеттүү резервдик фонддун каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирилиши керек. Милдеттүү резервдик фонддун каражаттары кумар оюндарынын жана (же) мелдештердин катышуучуларынын утуштарын берүү боюнча оюн-зоок бизнесин уюштуруучулардын милдеттенмелерин аткаруу максатында гана пайдаланылат. Милдеттүү резервдин суммасы ушул Мыйзам менен белгиленген өлчөмдөн аз болуп калган учурда, оюн-зоок бизнесинин уюштуруучусу мындай төмөндөө күнүнөн тартып үч иш күндүн ичинде, лицензия берилүүчү иштердин ар бир түрү үчүн ушул Мыйзамда белгилеген өлчөмгө чейин, милдеттүү резервдерди толтурат.".
4. 7-берене төмөнкү мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Оюн-зоок иши боюнча отчетторду берүүнүн тартибин, шарттарын жана түрлөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
5. 8-беренеде:
1) 3-бөлүктүн "а" пунктчасында:
а) биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"а) ойнолуучу автоматтар залдары, тотализаторлор жана букмекердик кеңселер үчүн:";
б) бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"-(оюн автоматтары залдары үчүн) - коркунуч белгилерин берүүчү, видеобайкоо системасы, металл детектору (металл издөөчү) зарыл каражаттары менен оюн-зоок жайынын жабдылгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;";
в) жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
- оюн-зоок жайын коргоо жөнүндө келишимди, оюн-зоок ишинин субъектисинин штаттык кызматкерлеринен турган өздүк атайын коопсуздук кызматы бар болгондон башка учурларда;";
г) төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: "-ойнолуучу автоматтар залында мамлекеттик органдан тиешелүү лицензияны алган алмаштыруучу бюро бар экендигин ырастаган документтин көчүрмөсүн (ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо;";
2) 3-бөлүктүн "б" пунктчасында:
а) биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"б) казино үчүн:";
б) бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- коркунуч белгилерин берүүчү, видеобайкоо системасы, металл детектору (металл издөөчү) зарыл каражаттары менен оюн- зоок жайынын жабдылгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн";
в) сегизинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
г) төмөнкү мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- казинодо мамлекеттик органдан тиешелүү лицензия алган алмаштыруучу бюро бар экендигин ырастаган документтин көчүрмөсүн.";
3) 10-бөлүк төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Оюн-зоок жайынын иши убактылуу токтотулган учурда, жеңе алгыс күчтөрдү, ошондой эле табигый мүнөздөгү башка кубулуштардын (өрт, күрткү, ташкындар) кесепеттерин жана согуштук аракеттерди кошпогондогу жагдайларга көз каранды болбостон, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кат жүзүндө билдирүү берген күндөн тартып 3 айдан ашпаган мөөнөттө ошол оюн-зоок жайына оюн-зоок жайларын түзүү жана кармоо, кумар оюндарын уюштуруу үчүн берилген лицензияны кайта алууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укуктуу.".
6. 9-беренеде:
1) 1-бөлүктөгү "оюн-зоок жабдууларынын саны өзгөрүлгөн" деген сөздөр алып салынсын;
2) 3-бөлүктө:
-"арыз" деген сөздөн кийин ", зарыл документтер" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Лицензияны кайра тариздегенге жана лицензияны колуна алганга чейин лицензиант мурда берилген лицензиянын көчүрмөсүнүн негизинде иш жүргүзөт.".
7. 10-берененин төртүнчү бөлүгүндөгү "лицензияда камтылган" деген сөздөр "ушул Мыйзамда белгиленген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 11-берененин 1-бөлүгү:
1) төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац жана сүйлөм менен толукталсын:
"- эгерде лицензияны алгандан кийин 3 ай ичинде оюн-зоок жайы ишти баштабаса. Лицензияны кайра алуу ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 10-бөлүгүндө, ошондой эле 13-берененин 7-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.".
9. 13-беренеде:
1) 2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
2) 4-бөлүктөгү "эки жүздөн" деген сөздөр "жүздөн" деген сөз менен алмаштырылсын;
3) 7-бөлүк төмөнкү мазмундагы экинчи-үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Алмаштыруучу бюронун болушуна карата коюлуучу талаптар ойнолуучу автоматтар залдарына колдонулбайт, андагы жүгүртүлүүчү акча бирдиктери, анын ичинде резервдик фонддун каражаттары болуп Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы эсептелет. Алмаштыруучу бюросу жок ойнолуучу автоматтар залындагы кассадан чет элдик валюталарды мамлекеттик ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын табышы оюн-зоок мекемелерин түзүүгө жана кармоого, кумар оюндарын уюштурууга берилген лицензияны кайра алууга негиз болуп саналат.";
4) 8-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
5) 11-бөлүктөгү "- оюн-зоок жайынын кассасынан утушту - акчалай сумманы" деген сөздөр "утушту" деген сөз менен алмаштырылсын;
6) 12-бөлүктө:
экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын: "- карызга ойноого;"; төртүнчү абзацтагы "көпчүлүк алдында" деген сөздөр алып салынсын;
8) 13-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"13. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- ушул Мыйзамдын 1-беренесинде каралбаган оюн-зоок жайларын түзүүгө жана кармоого, кумар оюндарын (мелдештерди) уюштурууга;
- кумар оюндарына жана мелдештерге тике катышкан адамдарды катыштыруу ыкмаларын жана жолдорун пайдалануу менен оюн-зоок жайынан тышкаркы жерлерде оюн-зоок ишин жүргүзүүгө.";
9) төмөнкү мазмундагы 15-17-бөлүктөр менен толукталсын: "15. Оюн-зоок жайынын катышуучулары (келүүчүлөрү) үчүн жеткиликтүү жерге оюн-зоок жайы белгилеген (бекиткен) кумар оюндарын өткөрүүнүн- эрежелери жана оюн-зоок жайы иштөөчү эреже, оюн-зоок мекемелерин түзүүгө жана кармоого, кумар оюндарын уюштурууга берилген лицензиянын көчүрмөсү илинип коюлушу керек.
16. Кумар оюндарын (мелдештерди) өткөрүү эрежелеринин жана оюн-зоок жайынын иштөө эрежесинин өзгөртүлүшү эрежелер өзгөртүлгөн күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга кат жүзүндө билдирүү жасоого кириптер кылат.
17. Эгерде юридикалык жана жеке жак жүргүзгөн ишкердик иштен же башка иш чаралардан кумар оюндарын өткөрүүнүн таасын белгилери бар экендигинин бетин мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган ушул Мыйзамга ылайык ачса, анда ошол аракеттердин жыйындысы, бул маселе боюнча ишкердик субъектисинин ээлеген позициясына карабастан, оюн-зоок иши деп таанылат".
10. 14-беренеде:
1) биринчи бөлүк "саны" деген сөздөн мурда "иштеген" деген сөз менен толукталсын;
2) 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Казинодо орнотулган оюн-зоок жабдуулары лицензиаттын менчигинде же ижарасында болушу мүмкүн.
3. Ойнолуучу автоматтар залында милдеттүү түрдө жыйырмадан кем эмес оюн автоматы орнотулушу, пайдаланылышы керек.
Казиного ойнолуучу автоматтар орнотулган учурда, ойнолуучу автоматтар залынын ойнолуучу автоматтарынын эң аз санына карата коюлуучу талаптар ошол оюн-зоок жайына таркатылат.";
3) 5-бөлүктөгү "ошондой эле акыркысына лицензияны кайра жол-жоболоштуруу үчүн зарыл документтерди берүүгө" деген сөздөр алып салынсын.
11. 15-беренеде:
1) 2-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Төмөнкү жашка жеткендер гана оюн-зоок жайларынын кардарлары болушу мүмкүн:
- ойнолуучу автоматтар залдары, тотализатолор, букмекердик кеңселер үчүн - 18 жаш;
- казино үчүн - 21 жаш.
Бул курактык чектөөлөрдү сактоо үчүн жоопкерчилик оюн-зоок жайларына катышуучулардын өздөрүнө жүктөлөт.";
2) 5-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
3) төмөнкү мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Кумар оюндарына катуу азгырылуунун кесепетинен өз үй-бүлөсүн оор материалдык абалга кириптер кылган жарандын ишке жөндөмдүүлүгү сот тарабынан чектелиши мүмкүн, ушуга байланыштуу ага камкорчу дайындалат.";
12. 17-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин оюн-зоок жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензия алган субъекттер ушул Мыйзам аракетке кирген учурдан тартып бир айдын ичинде өздөрүнүн иштерин ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
Он-зоок жайларынын ишин тартипке келтирүү, оюн-зоок бизнесин уюштуруучулар өз ишинин мыйзамдуу жүргүзүлүшүн камсыз кылуу, лицензиясы жок оюн-зоок ишин жүргүзүүгө жол бербөө, мыйзамдын ченемдерин туура эмес же карама каршылыктуу колдонулушуна жол бербөө, оюн-зоок ишинин субъекттеринин милдеттүү патенттин негизинде мамлекеттик бюджетке салыктарды төлөбөй качууга жол бербөө максатын көздөп Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты.
| № | Аракеттеги редакцияда | Сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор | Негиздеме |
|---|---|---|---|
| 1 | 1-берене. Ушул мыйзамдын максаты үчүн пайдаланылуу- чу негизги аныктамалар Кумар оюндары - тобокелге негизделген жана оюн зоок жайы белгилеген эрежелер боюнча эки же бир нече катышуучулардын ортосунда түзүлгөн утуш жөнүндөгү макулдашуу, анын жыйынтыгы тараптар өздөрүнүн иш-аракеттери менен таасир кылууга мүмкүнчүлүктөрү бар келип чыга турган жагдайларга жараша болот. | 1-берене. Ушул мыйзамдын максаты үчүн пайдаланылуу- чу негизги аныктамалар Кумар оюндары - тобокелге негизделген жана оюн зоок жайы белгилеген эрежелер боюнча [эки же бир нече катышуучулардын ортосунда] түзүлгөн утуш жөнүндөгү макулдашуу, анын жыйынтыгы тараптар катышуучулар өздөрүнүн иш-аракеттери менен таасир кылууга мүмкүнчүлүктөрү бар келип чыга турган жагдайларга жараша болот | Ойнолуучу автоматтарды пайдаланган оюн-зоок ишмердигинин субъекттери оюн-зоок ишмердигин жүргүзүүгө лицензия алуудан жана патенттерге акы төлөөдөн качуу максатында оюн-зоок ишмердиги кумар оюндарына кирбейт деп ырастап жатышат. Мыйзамдын 1-беренесиндеги жобого ылайык кумар оюндары - тобокелдикке жана оюн зоок жайы тарабынан бекитилген эрежелер боюнча эки же андан көп катышуучулардын ортосундагы утуш жөнүндөгү келишимге негизденген, жыйынтыгы шарт-жагдайга жараша болуучу, утушка жетишүүгө тараптар өз аракеттери менен таасир кыла алуучу оюндар, - болуп саналат. Ойнолуучу автоматтар+клиент -деген түшүнүк эки же андан көп катышуучулардын ортосундагы деген аныктамага кирбейт - дешип, ойнолуучу автоматтарды пайдалануучу оюн-зоок ишмердигинин субъекттери ырастап келе жатат; Мындан тышкары, утуш жөнүндө макулдашуу катышуучулардын ортосунда эмес, оюн-зоок жайы менен катышуучулардын, б.а. оюн-зоок жайында өткөрүлгөн кумар оюндары менен мелдешке катышкан жеке жактардын ортосунда түзүлөт. |
| 2 | Мелдеш - тобокелге негизделген жана утуш жөнүндө эки же бир нече катышуучунун ортосунда түзүлгөн макулдашуу, анын жыйынтыгы болоору же болбосу белгисиз жагдайга жараша болот | мелдеш - тобокелге негизделген жана утуш жөнүндө [эки же бир нече] катышуучулардын ортосундагы же болбосо оюн-зоок жайы менен түзүлгөн макулдашуу, анын жыйынтыгынын болушуна ага катышуучулар менен оюн-зоок жайы өз аракеттери менен таасир тийгизе албайт, анын болоору же болбосу белгисиз жагдайга жараша болот; | Сайылган акчаларды кабыл алуу шылтоосу менен оюн автоматтарын пайдалануу акыркы мезгилде көбөйүп бара жатат. Анткени оюн-зоок ишинин субъекттери оюн автоматтарына патент алуудан качып, иш жүзүндө оюн-зоок жайында оюн автоматтары пайдаланылып жатса да, оюн-зоок жайын оюн автоматтары залы эмес, букмекердик контора деп ырастай башташты. Алардын ырастоосу боюнча кардар оюн-зоок жайынын касасына акчасын төгүп, кардардын утаарын же утпасын алдын ала аныктоого мүмкүн болбогон болуучу окуяга акчасын саят. Оюн автоматтары залдарына талаптар күчөтүлгөндөн жана 1 оюн автоматына берилүүчү патенттин баасы жогорулагандан кийин оюн-зоок субъекттеринин ушундай айла-амалдары жаралды. |
| 3 | казино - оюн-зоок жайы, анда оюн ойнолуучу үстөлдөрдү пайдалануу менен жарыяланган акчалай утушу менен кумар оюндары өткөрүлөт | казино - оюн-зоок жайы, анда оюн ойнолуучу үстөлдөрдү пайдалануу менен [жарыяланган акчалай утушу менен кумар оюндары өткөрүлөт;] | Патентке акы төлөбөөчүлүктү жана лицензиясы жок эле оюн-зоок ишмердигин жүргүзүүгө алып келүүчү акчалай эмес утуштарды берүү жөнүндөгү казинодо иштегендердин мыйзамсыз пайда табууларын болтурбоо үчүн ушул өзгөртүүлөр киргизилди. |
| 4 | оюн ойнолуучу үстөл - оюн-зоок жайында атайын жабдылган, утуштун кандай гана түрү болбосун кумар оюндарын өткөрүү үчүн арналган жер, анда оюн-зоок жайы өзүнүн өкүлдөрү аркылуу тарап катары же уюштуруучу жана (же) байкоочу катары катышат (рулетка, карта ойнолуучу үстөлдөр, чакмак-таш оюну үчүн үстөл); | оюн ойнолуучу үстөл - ойнолуучу жабдуу-шаймандар, (оюн-зоок жайындагы атайын жабдылган) утуштун кандай гана түрү болбосун кумар оюндарын бир же бир нече оюн талааларында өткөрүү үчүн арналган жер, анда оюн-зоок жайы өзүнүн өкүлдөрү аркылуу тарап катары же уюштуруучу жана (же) байкоочу катары катышат (рулетка, карта ойнолуучу үстөлдөр, чакмак-таш оюну үчүн үстөл); Бир оюн ойнолуучу үстөлдө бирден ашуун оюн талаалары бар болгон учурда, оюн ойнолуучу үстөлдөрдүн саны оюн талааларынын санына эселенип өсөт. | Ушул өзгөртүүлөр менен толуктоолор Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин 2009-жылдын 17-июлундагы № 07-9-4/645/6130 катына (көчүрмөсү тиркелет) байланыштуу киргизилди. Азыркы учурда көптөгөн казинолордо эки флоту бар оюн үстөлдөрү пайдаланылып жатат, бул үстөлдөр менен бир мезгилде эки оюн талаасында эки дилер менен оюндар жүргүзүлөт. Анткени "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында эки флоту бар оюн үстөлдөрү жөнүндө мыйзамдык ченем жок. Казино ушул эки кишилик үстөлдү 1 оюн үстөлү катары карайт да, ошого ылайык 1 оюн үстөлү үчүн 300 мин сомдук базалык патенттик бааны гана төлөйт. |
| 5 | Оюн талаасы - кумар оюндарынын эрежелерине ылайык жабдылган оюн ойнолуучу үстөлдөгү атайын орун; | "Оюн ойнолуучу үстөл" деген аныктамадан улам мындай аныктама киргизилди | |
| 6 | ойнолуучу автомат - аталган оюндарга оюн-зоок жайынын өкүлдөрү катышпаган акчалай утушу бар, кумар оюндарын өткөрүү үчүн орнотулган жана пайдаланылуучу атайын жабдуу (механикалык, электр, электрондук же башка техникалык жабдуу), анын ичине электрондук рулетка да кирет. | ойнолуучу автомат - аталган оюндарга оюн-зоок жайынын өкүлдөрү катышпаган акчалай утушу бар, кумар оюндарын өткөрүү үчүн орнотулган жана пайдаланылуучу атайын жабдуу (механикалык, электр, электрондук же башка техникалык жабдуу), анын ичине электрондук рулетка да кирет. Ойнолуучу автоматтарды пайдалануу менен лотереяларды өткөрүүгө жол берилбейт. | "Ишкердик иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008- жылдын 30-декабрындагы № 33 Токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 739 Токтомуна ылайык, акчалай эмес утуштарды (1 орнотулган оюн-зоок аппараты үчүн - 4 000 сом) берген ыктыярдуу патенттик негизде көрсөткөн кызматтарга салыктын базалык суммасы киргизилди. Ушул Токтомду чыгаруунун себептери төмөнкүлөр болуп саналат: "Кыргыз Республикасындагы оюн зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2008- жылы 15-ноябрда күчүнө кирди. Анда оюн-зоок жайларынын ишин уюштурууга жана жүргүзүүгө карата талаптар күчөтүлдү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбегендерин олуттуу кыскартууга, оюн-зоок жайларынын тунуктугун жана көзөмөлгө алынуучулугун камсыз кылууга, оюн зоок чөйрөсүнө жаштарды тартууга байланышкан социалдык маселелерди чечүүгө багытталган ченемдер бар. 2009-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө кирди, ага ылайык 1 ойнолуучу автоматтын кызматына карата болгон милдеттүү патенттик негиздеги салыктын базалык баасы 2500 сомдон 10 000 сомго чейин жогорулатылды. Тилекке каршы, оюн-зоок ишинин абийирсиз жана митаам субъекттери мыйзамдардын талаптарын аткарбай коюунун ар кандай жол жоболорун табуу аракеттерин жасашып, иштеринде түрдүү айла амалдарды, ыкмаларды колдоно башташты. Мисалы "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ойнолуучу автоматтар - аталган оюндарга оюн-зоок жайынын өкүлдөрү катышпаган акчалай утушу бар, кумар оюндарын өткөрүү үчүн орнотулган жана пайдаланылуучу атайын жабдуу (механикалык, электр, электрондук же башка техникалык жабдуу), анын ичине электрондук рулетка да кирет. Оюн-зоок жайы эми "Көңүл ачуучу клуб" деп кайра аталды деп ойнолуучу автоматтар залдарынын ээлери ырастай башташты. Анда акчалай эмес утуштарды (акы төлөө картасынын ар кандай номиналдарын, телевизорлорду, турмуш-тиричилик техникаларын ж.б.) берүүчү көңүл ачуучу аппараттар орнотулган жана пайдаланылып жатат. Мындай көрүнүш салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтүүдөн улам жаралды жана мындай иш "Кыргыз Республикасындагы оюн зоок иши жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 349-статьясына каршы келет. Түзүлгөн ушундай кырдаалды оңдоо үчүн мамлекет кандайдыр бир фискалдык чараларды көрүшү керек экендиги шексиз. Администрациялык башкарууну жана көңүл ачуучу клубдардын кызматтарын көрсөтүп жаткан субъекттер тарабынан бюджетке салыктардын түшүшүн жакшыртуу максатын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 353-статьясынын 1-бөлүгүнө жана 354-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык жогоруда белгиленген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому кабыл алынган болчу. Ушул көрсөтүлгөн көңүл ачуучу клубдар же өздөрүн башкачараак атап алгандар акчалай утуштары бар кумар оюндарын ойнотушуп, оюн автоматтары залдарынын ишин жүргүзүп жатышат. Лицензиясы жок эле оюн-зоок ишин мыйзамсыз жүргүзүү аркылуу алар мамлекетке олуттуу зыян келтиришүүдө. Мындай мыйзамсыз ишке жол бербөө максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. |
| 7 | оюн-зоок зонасы - оюн-зоок жабдууларын орнотуу үчүн арналган оюн-зоок жайынын бир бөлүгү; | оюн-зоок зонасы - оюн-зоок жайынын кассасын жана оюн-зоок жабдууларын орнотуу үчүн арналган оюн-зоок жайынын бир бөлүгү; | Оюн-зоок ишинин субъекттеринин өкүлдөр киргизген сунушка байланыштуу бул толуктоо киргизилди |
| 8 | утуш - кумар оюнунда же мелдеште төлөнүп берилген жана алынган каражаттар суммаларынын ортосундагы утушту катышуучулар тарабынан айырма катары өз алдынча аныктоочу акчалай түрүндөгү экономикалык пайда. | утуш - кумар оюнунда же мелдеште төлөнүп берилген жана алынган каражаттар суммаларынын ортосундагы утушту катышуучулар тарабынан айырма катары өз алдынча аныктоочу акчалай же башка мүлктүк утуш, анын ичинде мүлктүк укук түрүндөгү экономикалык пайда. | Ушул толуктоо ушул таблицанын 3-, 6-пункттарында айтылгандардан улам келип чыгат. |
| 9 | "букмекердик кеңсенин сайылган акчаларды кабыл алуу пункту - оюн-зоок жайынын бөлүгү, анда оюн-зоок бизнесин уюштуруучу катышуучулар менен мелдешти өткөрөт жана анда жайгашкан атайын жабдуулар сайылган акчалардын эсебин алат, мелдештердин жыйынтыгын аныктайт жана утуштарды төлөп берет; | Ушул толуктоо милдеттүү патенттин негизинде салык алынуучу обьект катары букмекердик кеңселерге кассаларды орнотуу максатында киргизилди. | |
| 10 | тотализатордун сайылган акчаларды кабыл алуу пункту - оюн-зоок жайынын бөлүгү, анда оюн-зоок бизнесин уюштуруучу катышуучулар менен мелдешти уюштурат жана анда жайгашкан атайын жабдуулар сайылган акчалардын эсебин алат, мелдештердин жыйынтыгын аныктайт жана утуштарды төлөп берет; | Ушул толуктоо милдеттүү патенттин негизинде салык алынуучу обьект катары тотализаторлорго кассаларды орнотуу максатында киргизилди | |
| 11 | 2-берене. Оюн-зоок ишинин субъекттери 1. Өзүнүн ишин ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген компетенциялардын жана укуктардын чектеринде өз алдынча уюштурушкан жана жүзөгө ашырышкан, белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана оюн-зоок ишин жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар, оюн-зоок ишинин субъекттери болуп саналышат. | 2-берене. Оюн-зоок ишинин субъекттери 1. Өзүнүн ишин ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген компетенциялардын жана укуктардын чектеринде өз алдынча уюштурушкан жана жүзөгө ашырышкан, белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана оюн-зоок ишин жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар, оюн-зоок ишинин субъекттери болуп саналышат. Уюштуруучулары (катышуучулары) Кыргыз Республикасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болуп саналган юридикалык жак оюн-зоок ишинин субъектиси катары чыга албайт. | Бул толуктоо оюн-зоок ишинин субъекттеринин катарына кирүүгө чектөөлөрдү коюуу максатында киргизилди. Мындай чектөөлөр башка өлкөлөрдүн мыйзамдарында да бар. |
| 12 | 6-берене. Милдеттүү резервдик фонд - Кыргыз Республикасынын борборундагы казино үчүн - кырк миң эсептик көрсөткүчкө, облустук - администрациялык бирдиктерде жайгашкан казино үчүн - жыйырма миң эсептик көрсөткүчкө барабар; - Кыргыз Республикасынын борборундагы оюн-зоок автоматтарынын залдары үчүн - он миң эсептик көрсөткүчкө, облустук - администрациялык аймактык бирдиктерде жайгашкан оюн автоматтар залдары үчүн - беш миң эсептик көрсөткүчкө барабар; | 6-берене. Милдеттүү резервдик фонд [- Кыргыз Республикасынын борборундагы] казино үчүн - кырк миң эсептик көрсөткүчкө [облустук администрациялык бирдиктерде жайгашкан казино үчүн жыйырма миң эсептик көрсөткүчкө барабар;] [- Кыргыз Республикасынын борборундагы] оюн-зоок автоматтарынын залдары үчүн - өн беш миң эсептик көрсөткүчкө,[облустук администрациялык аймактык бирдиктерде жайгашкан оюн автоматтар залдары үчүн беш миң эсептик көрсөткүчкө] барабар; | Бул сунушту жумушчу топтун мүчөлөрү киргизишти. Аймактарда оюн-зоок жайларынын чектен тыш көбөйүп кетишин болтурбоо, алардын көзөмөлгө алынуучулугун, кумар оюндарына жана мелдештерге катышуучуларга утуштардын төлөнүп берилишин камсыз кылуу үчүн мындай иш-чара кабыл алдыңды. Бул сунушту жумушчу топтун мүчөлөрү киргизишти. Аймактарда оюн-зоок жайларынын чектен тыш көбөйүп кетишин болтурбоо, алардын көзөмөлгө алынуучулугун, кумар оюндарына жана мелдештерге катышуучуларга утуштардын төлөнүп берилишин камсыз кылуу үчүн мындай иш-чара кабыл алдыңды. |
| 13 | - Кыргыз Республикасынын борборундагы букмердик кеңселер жана тотализаторлор үчүн - миң эсептик көрсөткүчкө, облустук администрациялык аймактык бирдиктерде жайгашкан букмердик кеңселер жана тотализаторлор үчүн - беш миң эсептик көрсөткүчкө барабар, | [- Кыргыз Республикасынын борборундагы] букмердик кеңселер жана тотализаторлор үчүн - миң эсептик көрсөткүчкө, облустук [администрациялык аймактык бирдиктерде жайгашкан букмердик кеңселер жана тотализаторлор үчүн беш миң эсептик көрсөткүчкө барабар,] | Бул сунушту жумушчу топтун мүчөлөрү киргизишти. |
| 14 | 4. Эң аз өлчөмдөгү милдеттүү резервдик фонд оюн-зоок жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензия алуу үчүн арыз бергенге чейин түзүлүшү керек. Милдеттүү резервдик фонддун каражаттары оюн-зоок жайынын кассасында сакталат жана бул каражаттар бышыктоочу документтерин тапшыруу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү түрдө билдирилүүгө тийиш. | 4. Эң аз өлчөмдөгү милдеттүү резервдик фонд оюн-зоок жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензия алуу үчүн арыз бергенге чейин түзүлүшү керек. [Милдеттүү резервдик фонддун каражаттары оюн-зоок жайынын кассасында сакталат жанаёбул каражаттар бышыктоочу документтерин тапшыруу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү түрдө билдирилүүгө тийиш.] Милдеттүү резервдик фонддун каражаттары казино болуп саналган оюн-зоок жайынын кассасында сакталат. Ойнолуучу автоматтардын, букмекердик кеңсенин, тотализаторлордун ишин жүргүзгөн оюн-зоок ишинин субьекттери милдеттүү резервдик фонддун каражаттарын казино болуп саналган оюн-зоок жайынын кассасында жана (же) оюн-зоок ишинин ошол субьектисинин өзүнчө банктык эсебинде сакташат. Ошол каражаттарды ырастоочу документтерди берүү менен милдеттүү резервдик фонддун каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга билдирилиши керек. Милдеттүү резервдик фонддун каражаттары кумар оюндарынын жана (же) мелдештердин катышуучуларынын утуштарын берүү боюнча оюн-зоок бизнесин уюштуруучулардын милдеттенмелерин аткаруу максатында гана пайдаланылат. Милдеттүү резервдин суммасы ушул Мыйзам менен белгиленген өлчөмдөн аз болуп калган учурда, оюн-зоок бизнесинин уюштуруучусу мындай төмөдөө күнүнөн тартып үч иш күндүн ичинде, лицензия берилүүчү иштердин ар бир түрү үчүн ушул Мыйзам белгилеген өлчөмгө чейин, милдеттүү резервдерди толтурат. | Мыйзамдын долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө резервдик фонддун каражаттарын казинонун кассасында сактоо керек деген туруктуу пикирлерин айтышты казино өкүлдөрү, анткени банктар күндүз гана, ал эми казино күндүр-түндүр иштейт. Кардарларга утуштарды төлөп берүү үчүн резервдик фонддун каражаттарын казино каалаган учурда пайдалана алат. Төлөмдөрдүн төлөнүп берилишин күтүүлөр кардарларга терс таасирин тийгизет, кардарлардын көңүлүнүн калуусун, келбей калуусун жаратат. Талкуунун жүрүшүндө ойнолуучу автоматтардын, букмекердик кеңсенин, тотализаторлордун өкүлдөрү резервдик фонддун каражаттарын казинонун кассасында сактоо өтө кооптуу экендигин, акча каражаттарын тартып алуу максатында оюн-зоок жайларына кол салуулар болуп жаткандыгын айтышты. Мына ушуга байланышту акча каражаттарын оюн-зоок жайларына да, банктарга да сактоо керек деген сунуштарын алар беришти. |
| 15 | 7-берене. Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу | 7-берене. Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу 5. Оюн-зоок ишинин отчетторду жүргүзүүсүнүн тартиби, шарттары жана түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен бекитилет | Оюн-зоок иштерин жүргүзгөн субъекттер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчетторду берип турушу керек, ушуга байланыштуу бул жаңы пункт киргизилди |
| 16 | 8-берене. Оюн-зоок жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюнда- рын уюштуруу- га лицензия берүүнүн тартиби 3. Лицензия алыш үчүн арыз ээси (лицензиат) төмөнкүдөй документтерди тиркөө менен лицензия берүүнү сурап, лицензиарга арыз киргизет: а) юридикалык жактар үчүн (оюн-зоок автоматтар залы, тотализаторлор жана букмердик кеңселер): | 8-берене. Оюн-зоок жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюнда- рын уюштуруу- га лицензия берүүнүн тартиби 3. Лицензия алыш үчүн арыз ээси (лицензиат) төмөнкүдөй документтерди тиркөө менен лицензия берүүнү сурап, лицензиарга арыз киргизет: а)[юридикалык жактар] үчүн (оюн-зоок автоматтар залы, тотализаторлор жана букмердик кеңселер): | Бул жерде "юридикалык жактар" деген сөздү эскертүү ашык баш болуп саналат, анткени Мыйзамга ылайык юридикалык жак гана оюн-зоок ишинин субъектиси боло алат. |
| 17 | - оюн-зоок жайлары үчүн башпаананын (имараттын) өрт коопсуздугунун ченемдерине, санитардык ченемдер менен эрежелерге шайкеш келиши, оюн зоок жайынын кайтаруу каражаттары жана коопсуздук сигналдаштыруунун зарыл каражаттары менен жабдылышы жөнүндө мамлекеттик контроль кызматтарынын актыларын; | -[ оюн-зоок жайлары үчүн башпаананын (имараттын) өрт коопсуздугунун ченемдерине, санитардык ченемдер менен эрежелерге шайкеш келиши, оюн зоок жайынын кайтаруу каражаттары жана коопсуздук сигналдаштыруунун зарыл каражаттары менен жабдылышы жөнүндө мамлекеттик контроль кызматтарынын актыларын;] (оюн автоматтары залдары үчүн) - коркунуч белгилерин берүүчү, видеобайкоо системасы, металл детектору (металл издөөчү) зарыл каражаттары менен оюн-зоок жайынын жабдылгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн; - оюн-зоок жайын коргоо жөнүндө келишимди, оюн-зоок ишинин субъектисинин штаттык кызматкерлеринен турган өздүк атайын коопсуздук кызматы бар болгондон башка учурларда; - коркунуч белгилерин берүүчү, видеобайкоо системасы, металл детектору (металл издөөчү) зарыл каражаттары менен оюн- зоок жайынын жабдылгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн (ушул Мыйзамдын 13-беренесинин жетинчи бөлүгүндө каралган башка учурларда); | Мыйзам долбоорунда Оюн-зоок ишине лицензия алуу учун берилүүчү документтердин тизмесине да өзгөртүүлөр киргизилди. "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында өрт коопсуздугун, санитардык ченемдерди камтыган ченемдер болбошу керек. Мындай ченемдер өрт коопсуздугу, санитардык эпидемиологиялык ченемдер жөнүндө Кыргыз Республикасынын өзүнчө мыйзамдары менен жөнгө салынат. Оюн-зоок мекемелери кааласа каалабаса да өрт коопсуздугун жана санитардык коопсуздукту камсыз кылуучу органдардын текшерүүсүнөн өтүшү керек. Коргоо сигналдары боюнча белгилей кетүүчү нерсе, буга талаптарды коюу ашык баш болуп калат, анткени оюн-зоок жайларында күндүр-түндүр кайтаруучу кароолчулар, байланыш каражаттары бар. Ыгы жок мамлекеттик тескөөнү, жөнгө салууну алып таштоо максатында мыйзам долбоорунда букмекердик кеңселер менен тотализаторлордо коркунуч сигналдарынын болушу милдеттүү түрдө эмес деген ченем киргизилди. Алар үчүн күндүр-түндүр кайтаруучу кароолчулардын, байланыш каражаттарынын бар экендиги коопсуздукту камсыз кылууга жетиштүү болуп саналат. Оюн-зоок ишине лицензия алуу үчүн оюн-зоок жайын кайтаруу жөнүндө келишим талап кылынат. Ушуну менен бирге Мыйзамдын 13-беренесинин 6-пунктуна ылайык оюн-зоок жайындагы жана ага жакын жерлердеги коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу үчүн оюн-зоок жайынын өздүк жана (же) башка атайын коопсуздук кызматы болушу керек. Эгерде оюн-зоок жайы өз штатында коопсуздукка жана кайтарууга жооп берүүчү атайын адамдары (кызматкерлери) болсо эмне болот? Анда алар менен келишим түзүшү керекпи? Ойнолуучу автоматтар залына лицензия алуу үчүн коркунуч белгилерин берүүчү, видеобайкоо системасы, металл детектору (металл издөөчү) зарыл каражаттары менен оюн-зоок жайынын жабдылгандыгын ырастаган документтерди берүү жөнүндө ченем каралды. |
| 18 | б) юридикалык жак үчүн (казино): | б) юридикалык жак үчүн (казино): | Бул жерде "юридикалык жактар" деген сөздү эскертүү ашык баш болуп саналат, анткени Мыйзамга ылайык юридикалык жак гана оюн-зоок ишинин субъектиси боло алат. |
| 19 | оюн-зоок жайлары үчүн башпаананын (имараттын) өрт коопсуздугунун ченемдерине, санитардык ченемдер менен эрежелерге шайкеш келиши, оюн-зоок жайынын кайтаруу каражаттары жана коопсуздук сигналдаштыруунун зарыл каражаттары менен жабдылышы жөнүндө мамлекеттик контроль кызматтарынын актыларын; | [оюн-зоок жайлары үчүн башпаананын (имараттын) өрт коопсуздугунун ченемдерине, санитардык ченемдер менен эрежелерге шайкеш келиши, оюн-зоок жайынын кайтаруу каражаттары жана коопсуздук сигналдаштыруунун зарыл каражаттары менен жабдылышы жөнүндө мамлекеттик контроль кызматтарынын актыларын;] (оюн автоматтары залдары үчүн) - коркунуч белгилерин берүүчү, видеобайкоо системасы, металл детектору (металл издөөчү) зарыл каражаттары менен оюн-зоок жайынын жабдылгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн; | Ушул таблицанын 17-пунктун кара. |
| 20 | - мейманкана же ресторан үчүн коюлган ченемге шайкеш келүү тастыктамасын; | - мейманкана же ресторан үчүн коюлган ченемге шайкеш келүү тастыктамасын; "- казинодо мамлекеттик органдан тиешелүү лицензияны алган алмаштыруучу бюро бар экендигин ырастаган документтин көчүрмөсүн"; | Бул толуктоо жумушчу топко кирген казино өкүлдөрүнүн колдоосу менен сунуш кылынды. |
| 21 | 10. Оюн-зоок жайы иши убактылуу токтотулган учурда беш күндүк мөөнөттө тиешелүү себептерин көрсөтүү менен токтотулганы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекетгак органды жана катталган жери боюнча салык органдарын кабардар кылышы керек. | 10. Оюн-зоок жайы иши убактылуу токтотулган учурда беш күндүк мөөнөттө тиешелүү себептерин көрсөтүү менен токтотулганы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жана катталган жери боюнча салык органдарын кабардар кылышы керек. Оюн-зоок жайынын иши убактылуу токтотулган учурда, жеңилгис күчтөрдөн, ошондой эле табигый мүнөздөгү башка кубулуштардын (өрттүн, күрткүлөрдүн, ташкындардын) кесепеттеринен жана согуштук аракеттерден башка жагдайларга көз каранды болбостон, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кат жүзүндө билдирүү берген күндөн тартып 3 айдан ашкан мөөнөттө ошол оюн-зоок жайына оюн-зоок жайларын түзүү жана кармоо, кумар оюндарын уюштуруу үчүн берилген лицензияны кайта чакырып алууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укуктуу. | Азыркы учурда 35 казиного лицензия берилген. Бирок алардын 14ү гана иштеп жатат (2010-жылдын 23-сентябрына карата алынган абал боюнча), анын 4өө облустарда (Чүйдө, Баткенде, Ошто, Жалал-Абатта). 2009-жылдын 1-январына чейин лицензияны алган көптөгөн казинолор казинолордун төлөөчү салыгын 6 эсеге - 50 миң сомдон 300 миң сомго чейин көбөйткөн Кыргыз Республикасынын Жаңы Салык Кодекси кабыл алынганга чейин өз иштерин таптакыр жүргүзүшкөн эмес. Бир катар казинолор кыска убакытка иштеп, жаңы салык бааларын төлөй албай жабылууга дуушар болушкан. Азыркы учурда иштебей турган казинолордун арасында акы төлөөгө жөндөмдүү, жакынкы арада ишин жандандыра алуучу казинолор да бар, алардын саны 2 - Зтөн ашпайт. Кагаз жүзүндө гана түзүлгөн казинолордун Кыргызстанга кереги жок. |
| 22 | 9-берене. Лицензияны кайра жол- жоболоштуруу 1. Юридикалык жак кайра уюштурулган, юридикалык жактын аталышы, юридикалык дареги, оюн-зоок жайынын аталышы, оюн-зоок жайы жайгашкан жер өзгөртүлгөн, оюн-зоок жабдууларынын саны өзгөрүлгөн учурда лицензия алган лицензиат беш жумушчу күндүн ичинде өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматты жана кайра жол-жоболоштуруу үчүн лицензиарга зарыл документтерди берүүгө милдеттүү. | 9-берене. Лицензияны кайра жол- жоболоштуруу 1. Юридикалык жак кайра уюштурулган, юридикалык жактын аталышы, юридикалык дареги, оюн-зоок жайынын аталышы, оюн-зоок жайы жайгашкан жер өзгөртүлгөн,[оюн-зоок жабдууларынын саны өзгөрүлгөн] учурда лицензия алган лицензиат беш жумушчу күндүн ичинде өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматты жана кайра жол-жоболоштуруу үчүн лицензиарга зарыл документтерди берүүгө милдеттүү. | Мыйзамдык оордукту төмөндөтүү максатын көздөп өзгөртүү киргизилди. Мындан тышкары, Мамфинкөзөмөл ар ай сайын оюн-зоок жайларынан, ошондой эле мамлекеттик салык кызматтарынан оюн-зоок жабдууларынын патентине төлөнгөн акылар жөнүндө отчетторду алат. |
| 23 | 3. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда лицензияны кайра жол-жоболоштуруу лицензиат тарабынан тиешелүү арыз берилген жана мурдагы лицензия кайтарып берилген күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө ишке ашырылат. | 3. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда лицензияны кайра жол-жоболоштуруу лицензиат тарабынан тиешелүү арыз берилген жана мурдагы лицензия кайтарып берилген күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө ишке ашырылат. Лицензияны кайра оформит эткенге жана лицензияны колуна алганга чейин лицензиант мурда берилген лицензиянын көчүрмөсүнүн негизинде иш жүргүзөт. | Техникалык жактан оңдоолор жасалды. Лицензиаттын лицензияны кайра жол-жоболоштурууга жана лицензиянын мурдагы түп нускасын кайтарып берүүгө берген тиешелүү арызына жараша оюн-зоок ишин лицензиаттын андан ары жүргүзүшүн токтотуп кое албагандыгына байланыштуу ушул толуктоо киргизилди. Мындай ченем Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 Токтому менен бекитилген Айрым иштин түрлөрүнө лицензия берүү жөнүндө жободо бар. |
| 24 | 10-берене. Лицензиянын колдонулушун токтото туруунун тартиби 4. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу лицензиат тарабынан жол берилген укук бузуулар чететтилгенге чейин оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууга тыюу салынат дегенди билдирет жана ал лицензиат тарабынан лицензияда камтылган талаптар аткарылбаган учурда жүргүзүлөт. | 10-берене. Лицензиянын колдонулушун токтото туруунун тартиби 4. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу лицензиат тарабынан жол берилген укук бузуулар чететтилгенге чейин оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууга тыюу салынат дегенди билдирет жана ал лицензиат тарабынан [лицензияда камтылган] талаптар аткарылбаган учурда жүргүзүлөт. | Редакциялык мүнөздөгү оңдоолор киргизилди. Лицензиялык талаптар лицензиянын өзүндө эмес, Мыйзамда көрсөтүлөт. |
| 25 | 11-берене. Лицензияны чакыртып алуунун жана анын колдонулушун токтотуунун тартиби 1. Лицензия лицензиар тарабынан төмөндөгүдөй учурларда чакыртып алынышы мүмкүн: - лицензиянын колдонулушу лицензиар тарабынан токтолушуна себеп болгон бузуулар, анын ичинде тийиштүү салыктарды төлөбөгөндүгүнө же өз учурунда төлөбөгөндүгүнө байланышкан бузуулар, белгиленген мөөнөттө четтетилбесе; | 11-берене. Лицензияны чакыртып алуунун жана анын колдонулушун токтотуунун тартиби 1. Лицензия лицензиар тарабынан төмөндөгүдөй учурларда чакыртып алынышы мүмкүн: - лицензиянын колдонулушу лицензиар тарабынан токтолушуна себеп болгон бузуулар, анын ичинде [тийиштүү салыктарды төлөбөгөндүгүнө же өз учурунда төлөбөгөндүгүнө байланышкан бузуулар,]белгиленген мөөнөттө четтетилбесе; - эгерде лицензияны алгандан кийин 3 ай ичинде оюн-зоок жайы ишти баштабаса. Ушул Мыйзамдын 8-беренесинин онунчу бөлүгүндө, ошондой эле ушул Мыйзамдын 13-беренесинин жетинчи бөлүгүндө каралган негиздер боюнча да лицензия чакыртып алынышы мүмкүн. | Салыктык милдеттенме жетик аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын Жаңы салык Кодексинин 55-беренесинин төртүнчү бөлүгүнө ылайык салык кодексинде белгиленген мажбурлоо чараларын колдонууга салык кызматынын органдарынын укугу бар. Мамфинкөзөмөл салык мыйзамдарынын чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү мамлекеттик орган болуп саналбастыгын, салыктык милдеттенмелерди оюн-зоок ишинин субьекттеринин аткаргандыгына көзөмөл коюуга анын укугу жок экендигин эске алынды. Ушул таблицанын 21-пунктун кара. |
| 26 | 13-берене. Оюн-зоок жайына коюлуучу чектөөлөр 2. Казино жеке менчик ресторанда же жеке менчик мейманкана комплексинде жайгаштырылышы керек. Мында ресторанда - жүздөн кем эмес орун, ал эми мейманканада талаптагыдай жабдылган жыйырмадан кем эмес номер болууга тийиш. | 13-берене. Оюн-зоок жайына коюлуучу чектөөлөр 2. Казино жеке менчик ресторанда же жеке менчик мейманкана комплексинде жайгаштырылышы керек. Мында ресторанда - жүздөн кем эмес орун, ал эми мейманканада талаптагыдай жабдылган жыйырмадан кем эмес номер болууга тийиш. | Ишкердик ишти жөнгө салуучу укуктук базанын ченемдерин оптималдаштыруу боюнча ведомстволук комиссиянын эксперттик тобу чыгарган бүтүмдүн негизинде ушул ченем алынып салынды, бул комиссия төмөнкүлөргө ылайык түзүлдү: -"Ишкердик ишти жөнгө салуучу укуктук базанын ченемдерин оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзмына; -"Кыргыз Республикасындагы уруксат берүү-жөнгө салуу системасьш оптималдаштыруу боюнча бир катар чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы № 344 Жарлыгына; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-р буйругуна. |
| 27 | 4. Оюн автоматтар залы өзүнчө жайда (имаратта) жайгаштырылышы керек, андагы оюн-зоок зонасы эки жүздөн кем эмес чарчы метр аянтка шайкеш келиши керек. | 4. Оюн автоматтар залы өзүнчө жайда (имаратта) жайгаштырылышы керек, андагы оюн-зоок зонасы [эки жүздөн] кем эмес чарчы метр аянтка шайкеш келиши керек. | 20 даана ойнолуучу автоматтарды жайгаштыруу үчүн 100 чарчы метр аянт толук жетиштүү экендигин тажрыйба көрсөттү. Мисалы Россияда Ойнолуучу автоматтар залында 100 чарчы метрден кем эмес оюн зонасынын аянты болушу керек. |
| 28 | 7. Казинодо жана оюн автоматтар залында мамлекеттик органдын тиешелүү лицензиясы бар акча алмаштыруу бюросу болушу зарыл. | 7. Казинодо жана оюн автоматтар залында мамлекеттик органдын тиешелүү лицензиясы бар акча алмаштыруу бюросу болушу зарыл. АЛМАШТЫРУУЧУ БЮРОНУН БОЛУШУНА КАРАТА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР ОЙНОЛУУЧУ АВТОМАТТАР ЗАЛДАРЫНА КОЛДОНУЛБАЙТ, АНДАГЫ ЖҮГҮРТҮЛҮҮЧҮ АКЧА БИРДИКТЕРИ, МУНУ МЕНЕН КОШО РЕЗЕРВДИК ФОНДДУН КАРАЖАТТАРЫ БОЛУП КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ВАЛЮТАСЫ БОЛУП САНАЛАТ. АЛМАШТЫРУУЧУ БЮРОСУ ЖОК ОЙНОЛУУЧУ АВТОМАТТАР ЗАЛЫНДАГЫ КАССАДАН ЧЕТ ЭЛДИК ВАЛЮТАЛАРДЫ МАМЛЕКЕТТИК ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАНДЫН ТАБЫШЫ, ОЮН-ЗООК МЕКЕМЕЛЕРИН ТҮЗҮҮГӨ ЖАНА КАРМООГО, КУМАР ОЮНДАРЫН УЮШТУРУУГА БЕРИЛГЕН ЛИЦЕНЗИЯНЫ ЧАКЫРЫП АЛУУГА НЕГИЗ БОЛУП САНАЛАТ". | Киргизилген толуктоого ылайык, алмаштыруучу бюронун болушуна карата коюлуучу талаптар ойнолуучу автоматтар залдарына колдонулбайт, андагы жүгүртүлүүчү акча бирдиктери, муну менен кошо резервдик фонддун каражаттары болуп сом болуп саналат. Алмаштыруучу бюросу жок ойнолуучу автоматтар залындагы кассадан чет элдик валюталарды мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын табышы, оюн-зоок мекемелерин түзүүгө жана кармоого, кумар оюндарын уюштурууга берилген лицензияны чакырып алууга негиз болуп саналат Ар бир ойнолуучу автоматтар залына акча алмаштыруучу бюрону ачууга мажбур кылынып жатышат ойнолуучу автоматтар залдарынын көптөгөн ээлери нааразычылыктарын билдиришти, анткени алар мындан ири зыяндарды тартып жатышыптыр. |
| 29 | 8. Казино жана оюн автоматтар залы төмөнкүдөй атайын жабдуулар менен жабдылышы керек: - өрт сигнализациясы; - кайтаруу сигнализациясы; - кооптуулук (кнопкасы) сигнализациясы; - металл детектор (кире беришинде); - видеобайкоо системасы. | [8. Казино жана оюн автоматтар залы төмөнкүдөй атайын жабдуулар менен жабдылышы керек: - өрт сигнализациясы; - кайтаруу сигнализациясы; - кооптуулук (кнопкасы) сигнализациясы; - металл детектор (кире беришинде); - видеобайкоо системасы.] | Бул пункт кайталап жатат, анткени мыйзам долбоорунда казиного жана оюн ойнолуучу автоматтар залына лицензияны алуу үчүн берилген документтердин тизмесине (8-берене), коркунуч белгилерин берүүчү, видеобайкоо системасы, металл детектору (металл издөөчү) зарыл каражаттары менен оюн- зоок жайынын жабдылгандыгын ырастаган документтерди берүү боюнча талаптарга киргизилген. |
| 30 | 11. Катышуучунун талабы боюнча оюн-зоок жайынын өкүлү ага оюн-зоок жайынын кассасынан утушту - акчалай сумманы алууну бышыктаган документ берүүгө милдеттүү. | 11. Катышуучунун талабы боюнча оюн-зоок жайынын өкүлү ага [оюн-зоок жайынын кассасынан] утушту - [акчалай сумманы] алууну бышыктаган документ берүүгө милдеттүү. | Мыйзам долбоорунда берилген жобого ылайык акча же башка мүлк түрүндөгү утуштар, анын ичинде мүлктүк укук экономикалык пайда деп түшүнүлөт |
| 31 | 12. Оюн-зоок жайларында төмөнкүлөргө тыюу салынат: кредитке ойноого (оюн автоматтарында "кредитке" ойноону кошпогондо); | 12. Оюн-зоок жайларында төмөнкүлөргө тыюу салынат: [кредитке] карызга ойноого [(оюн автоматтарында "кредитке" ойноону кошпогондо);] | Редакциялык түзөтүүлөр киргизилген. |
| 32 | 13. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат: 1) оюн-зоок ишинин чөйрөсүндө ушул Мыйзамдын 1-беренесинде каралбаган иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууга; 2) акчадан башка мүлк түрүндө төлөп берүүчү кумар оюндарын уюштурууга. | 13. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат: - УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 1-БЕРЕНЕСИНДЕ КАРАЛБАГАН ОЮН-ЗООК ЖАЙЛАРЫН ТҮЗҮҮГӨ ЖАНА КАРМООГО, КУМАР ОЮНДАРЫН (МЕЛДЕШТЕРДИ) УЮШТУРУУГА; - КУМАР ОЮНДАРЫНА ЖАНА МЕЛДЕШТЕРГЕ ТИКЕ КАТЫШКАН АДАМДАРДЫ КАТЫШТЫРУУ ЫКМАЛАРЫН ЖАНА ЖОЛДОРУН ПАЙДАЛАНУУ МЕНЕН ОЮН-ЗООК ЖАЙЫНАН ТЫШКАРКЫ ЖЕРЛЕРДЕ ОЮН-ЗООК ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮГӨ; | Сунушту жумушчу топтун мүчөлөрү жактырган. |
| 33 | 15. ОЮН-ЗООК ЖАЙЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ (КЕЛҮҮЧҮЛӨРҮ) ҮЧҮН ЖЕТКИЛИКТҮҮ ЖЕРГЕ ОЮН-ЗООК ЖАЙЫ БЕЛГИЛЕГЕН (БЕКИТКЕН) КУМАР ОЮНДАРЫН ӨТКӨРҮҮНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ОЮН-ЗООК ЖАЙЫ ИШТӨӨЧҮ ЭРЕЖЕ, ОЮН- ЗООК МЕКЕМЕЛЕРИН ТҮЗҮҮГӨ ЖАНА КАРМООГО, КУМАР ОЮНДАРЫН УЮШТУРУУГА БЕРИЛГЕН ЛИЦЕНЗИЯНЫН КӨЧҮРМӨСҮ ИЛИНИП КОЮЛУШУ КЕРЕК. 16. КУМАР ОЮНДАРЫН ӨТКӨРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИНИН ЖАНА ОЮН-ЗООК ЖАЙЫ ИШТӨӨЧҮ ЭРЕЖЕСИНИН ӨЗГӨРТҮЛҮШҮ ЭРЕЖЕЛЕР ӨЗГӨРТҮЛГӨН КҮНДӨН ТАРТЫП 3 ИШ КҮНДҮН ИЧИНДЕ МАМЛЕКЕТТИК ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАНГА КАТ ЖҮЗҮНДӨ БИЛДИРҮҮ ЖАСООГО КИРИПТЕР КЫЛАТ. | Жаңы пункттарды киргизүү сунуш кылынууда. Мындай ченемдер башка өлкөлөрдүн мыйзамдарында бар. | |
| 34 | 17. Эгерде юридикалык жана жеке жак жүргүзгөн ишкердик иштен же башка иш чаралардан кумар оюндарын өткөрүүнүн таасын белгилери бар экендигинин бетин мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган ачса, анда ошол аракеттердин жыйындысы, бул маселе боюнча ишкердиктин субъектисинин ээлеген позициясына карабастан, оюн-зоок иши деп таанылат". | Лицензиясы жок оюн-зоок иштерин жүргүзүүнү болтурбоочу жаңы пункттарды киргизүү сунуш кылынууда. | |
| 35 | 14-берене. Оюн-зоок жабдууларына коюлуучу чектөөлөр 1. Кыргыз Республикасынын борборундагы казинодогу оюн-зоок үстөлдөрүнүн саны ондон кем болбошу керек. Областтык администрациялык - аймактык бирдиктерде жайгашкан казино үчүн оюн-зоок үстөлдөрүнүн саны бештен кем болбошу керек. 2. Казинодо орнотулган оюн-зоок жабдуулары лицензиаттын менчигинде болууга тийиш. 3. Оюн автоматтар залында милдеттүү түрдө отуздан кем эмес оюн автоматы орнотулушу керек. 5. Оюн-зоок жайында оюн-зоок жабдууларынын жалпы саны өзгөрүлгөн учурда оюн-зоок бизнесинин субъекттери беш жумушчу күндүн ичинде бул тууралу жазуу жүзүндө тиешелүү салык органын жана лицензиарды кабардар кылууга, ошондой эле акыркысына лицензияны кайра жол--жоболошту- руу үчүн зарыл документтерди берүүгө милдеттүү. | 14-берене. Оюн-зоок жабдууларына коюлуучу чектөөлөр 1. Кыргыз Республикасынын борборундагы казинодогу ИШТЕП ЖАТКАН оюн-зоок үстөлдөрүнүн саны ондон кем болбошу керек. Областтык администрациялык - аймактык бирдиктерде жайгашкан казино үчүн ИШТЕП ЖАТКАН оюн-зоок үстөлдөрүнүн саны бештен кем болбошу керек. 2. Казинодо орнотулган оюн зоок жабдуулары лицензиаттын менчигинде болууга тийиш болушу мүмкүн. 3. Оюн автоматтар залында милдеттүү түрдө отуздан ЖЫЙЫРМАДАН кем эмес оюн автоматы орнотулушу, ПАЙДАЛАНЫЛЫШЫ керек. КАЗИНОГО ОЙНОЛУУЧУ АВТОМАТТАР ОРНОТУЛГАН УЧУРДА, ОЙНОЛУУЧУ АВТОМАТТАР ЗАЛЫНЫН ОЙНОЛУУЧУ АВТОМАТТАРЫНЫН ЭН КИЧИНЕКЕЙ САНЫНА КАРАТА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР ОШОЛ ОЮН-ЗООК ЖАЙЫНА ТАРКАТЫЛАТ; 5. Оюн-зоок жайында оюн-зоок жабдууларынын жалпы саны өзгөрүлгөн учурда оюн-зоок бизнесинин субъекттери беш жумушчу күндүн ичинде бул тууралу жазуу жүзүндө тиешелүү салык органын жана лицензиарды кабардар кылууга,[ ошондой эле акыркысына лицензияны кайра жол-жоболоштуруу үчүн зарыл документтерди берүүгө] милдеттүү. | Мыйзам тарабынан орнотулган оюн столдорунун же ойнолуучу автоматтардын санына эмес, а иштеп жаткан (пайдалануу үчүн орнотулган) оюн столдорунун же ойнолуучу автоматтардын санына карата талаптар коюлушу керек. Мисалы, ойнолуучу автоматтар залына орнотулган 30 оюн автоматтарынын 1Оу иштебейт дейли. Минтүүгө жол берилбейт. МВКнын бүтүмүнө ылайык, ушуну менен бирге мыйзамдык оордукту төмөндөтүү максатына байланыштуу өзгөртүү киргизилди. Ойнолуучу автоматтар залдарынын өкүлдөрү киргизген сунуштар менен да мунун байланышы бар, алардын ырастоосуна караганда 1 оюн автоматынын милдеттүү патентинин баасынын 10 000 сом болушу өтө жогору жана күч жеткис болуп саналат. Бул сунушту казино өкүлдөрү да колдошту. Анын үстүнө ушундай эле талаптар россиялык мыйзамдарда да бар. Азыркы мыйзамда казиного коюлуучу оюн автоматтарынын эң кичинекей санына коюлуучу чектөө так каралган эмес. Бул маселе өз учурунда талаш-тартыштарды жараткан. Азыркы аракеттенип жаткан мыйзамдык ченем лицензияны кайра алуу түйшүгүн жаратат жатат. Мындай мыйзамдык ченемдин зарылдыгы мындан ары жок. Ар бир ай сайын Мамфинкөзөмөл оюн-зоок жабдууларынын патентине төлөнгөн акылар жөнүндө маалыматтарды КРнын мамсалык кызматынан алып турат. Ошол маалыматтардын негизинде талдоолорду жасаган учурда оюн-зоок жабдууларынын саны тууралуу маалыматтар Мамфинкөзөмөлдүн маалыматтары менен дал келбей калса, анда оюн-зоок ишинин субъекттери жоопкерчиликтерге кириптер болот. |
| 36 | 15-берене. Оюн-зоок жайларынын кызматкер- лери жана кардарлары үчүн белгиленген чектөөлөр 2. Төмөнкүдөй жашка жеткендер гана оюн-зоок жайларынын кардарлары болушу мүмкүн: - оюн-зоок залдары үчүн - (толук жөндөмдүүлүгү бар) 18 жаштагылар; 5. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери оюн-зоок жайлары белгилеген эрежелерди, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун бузган кайсы бир кардардан оюн-зоок жайынан тез арада чыгып кетүүнү талап кылууга укуктуу. Оюн-зоок жайларынын эрежелери кардарлар үчүн көрүнүктүү, жеткиликтүү жерде жайгаштырылышы керек. | 15-берене. Оюн-зоок жайларынын кызматкер- лери жана кардарлары үчүн белгиленген чектөөлөр 2. Төмөнкүдөй жашка жеткендер гана оюн-зоок жайларынын кардарлары болушу мүмкүн: - оюн-зоок залдары үчүн - (толук жөндөмдүүлүгү бар) 18 жаштагылар; 5. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери оюн-зоок жайлары белгилеген эрежелерди, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун бузган кайсы бир кардардан оюн-зоок жайынан тез арада чыгып кетүүнү талап кылууга укуктуу. Оюн-зоок жайларынын эрежелери кардарлар үчүн көрүнүктүү, жеткиликтүү жерде жайгаштырылышы керек. | Өзгөртүүлөрдү жумушчу топ жактырды. Кардардын ишке жөндөмсүздүгүн оюн-зоок жайынын аныкташы өтө кыйын. Ушуну менен бирге кардар үчүн көрүнүктүү, жеткиликтүү жерге жаш-курактык чектөөлөрдү көрсөтүү менен оюн-зоок жайынын эрежесин илип коюу керек. Дене түзүлүшү эрет өсүп жетилген мектеп окуучусу эр жеткен жаран сыяктуу эле көрүнөт жана байкалат. Муну алып таштоонун себептери жаңы пункттарды киргизүү сунушу менен байланышкан. Мындай ченем ушул таблицанын 33-пунктунда кыйла кеңири баяндалган. "Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президенти 2009-жылы 17-июлда кол койгон Кыргыз Республикасынын № 233 Мыйзамынын 5-статьясындагы жобону камсыз кылуу максатын көздөп 6-пункт менен толукталды. Кумар оюндарынан келип чыгуучу тескери социалдык кесепеттерди болтурбоо, жаш өспүрүмдөрдү жана калктын корголбогон катмарын кумар оюндарына азгырылып кетүүдөн сактоо максатын көздөп, каалаган адам, кумар оюндарына азгырылуу оорусу менен ооруган, ишке жөндөмсүз адамдын кумар оюндарын ойноо укугун соттук чектөө арызы менен сот органдарына кайрыла алат. |
| 37 | 17-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө киргенине байланыштуу коюлуучу талаптар 2. Мурда берилген лицензиялар боюнча 13-берененин 2-бөлүгү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып беш жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет | 17-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө киргенине байланыштуу коюлуучу талаптар [2. Мурда берилген лицензиялар боюнча 13-берененин 2-бөлүгү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып беш жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.] | 26-пунктту кара |
Ушул Мыйзамды кабыл алуу жана анын жоболорун турмушка ашыруу, мамлекеттик бюджеттен каржылык чыгымдардын жумшалышын эч качан талап кылбайт. Тескерисинче, ушул Мыйзамды кабыл алуу мамлекеттик бюджетке кошумча салык төлөмдөрүнүн түшүшүн камсыз кылат. Ушул Мыйзамды кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын башка чендик-укуктук актыларына да өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү да талап кылбайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндөЗакон · 11.08.2008 · № 201 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-мартындагы №185 "«Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу»…Постановление · 19.03.2012 · № 185 · Күчүн жоготкон