27-берене. Судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун негиздери жана тартиби
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148
1. Судьянын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн бүтүшүнө, курагынын чегине жеткендигине байланыштуу токтотулат.
Көңүл буруңуздар! "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруунун алкактарында судьялар корпусун түзүү аяктаганга чейин 27-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацынын (ыйгарым укуктардын мөөнөттөрүнүн аяктаганына байланыштуу ыйгарым укуктарды токтотуу бөлүгүндө) колдонулушу токтотулду (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
1) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11. Судьянын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:
1) отставкага кеткендиги тууралуу кат жүзүндө арыз берилгенде;
2) жеке каалоосу боюнча кат жүзүндө арыз берилгенде;
3) ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жөндөмсүздүгү медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталганда;
4) Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы жергиликтүү соттун судьясы болуп дайындалганда; жергиликтүү соттун судьясы Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланганда;
5) сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган башка жумушка өткөндө;
6) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же жарандыгынан чыкканда, же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;
7) судьянын эмгекке жарактуулугу чектелгендиги жөнүндө же аны эмгекке жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
8) ал өлгөндө;
9) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аны өлдү деп жарыялаганда;
10) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аны дайынсыз жок деп тааныганда;
11) жергиликтүү соттун судьясы ушул конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча башка жергиликтүү сотко которуудан баш тартканда;
12) ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
13) реабилитациялабоочу негиздер боюнча ага карата жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө соттун айыптоочу өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө киргенде;
14) судьяны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жазасы колдонулганда;
15) судьянын кызмат орду менен айкалышпаган иштер менен алектенгенде;
16) саясий партияларга мүчө болгондо, ал кайсы бир саясий партияны колдоп чыкканда;
17) Президенттикке, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталганда;
18) Жогорку Кеңешке шайлоолорго катышып жаткан саясий партиянын каттоодон өткөн тизмесине киргенде.
2. Судьянын ыйгарым укуктары ушул берененин 11-бөлүгүнүн 14-пунктун кошпогондо, ушул берененин 1 жана 11-бөлүктөрүндө каралган негиздер пайда болгон күндөн тартып Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, ал эми ушул берененин 11-бөлүгүнүн 14-пунктунда каралган учурларда - Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча Президент же Жогорку Кеңеш тарабынан судьяны кызмат ордунан бошотуу жолу менен токтотулат.
Ушул берененин 11-бөлүгүнүн 9, 10, 13-пункттарында каралган соттун чечимдери жокко чыгарылган учурда, жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары Президент тарабынан, ал эми Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеш тарабынан кайрадан жаңыртылат.
3. Отставкага кеткендиги тууралуу кат жүзүндөгү арыз ал берилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.
(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын, КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 января 2010 года № 6 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (105)
- КР Президентинин 2018-жылдын 14-февралы ПЖ № 38 "З.М.Абдиева, Ш.Ж.Жакыпбаев, М.И.Ибраимов, У.Ж.Сарымсаков жана А.Н.Таштемиров жөнүндө" жарлыгыУказ · 14.02.2018 · № 38
- КР Президентинин 2010-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 105 "Кыргыз Республикасынын сотунун төрагасынын, төрагасынын орун басарынын жана судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө"…Указ · 05.04.2010 · № 105
- КР Президентинин 2008-жылдын 25-декабрындагы ПЖ № 463 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.12.2008 · № 463
- КР Президентинин 2011-жылдын 30-декабрындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 30.12.2011 · № 69
- КР Президентинин 2016-жылдын 30-майындагы ПЖ № 135 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарынын токтотулушу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 30.05.2016 · № 135
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 23-январындагы № 914-IV "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы А.С.Кененсариевдин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.01.2009 · № 914-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 23-январындагы № 915-IV "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Ж.Ж.Тогонбаевдин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.01.2009 · № 915-IV
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы УӨ № 535 (С.Т.Маатов жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 03.09.2010 · № 535
- КР Президентинин 2019-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 "С.С.Кангельдиева жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.02.2019 · № 20
- КР Президентинин 2019-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 55 "А.А.Шамшиев жана Н.Т.Матраимов жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.04.2019 · № 55
- КР Президентинин 2019-жылдын 5-июлундагы ПЖ № 93 "М.Э.Канулькулов жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.07.2019 · № 93
- КР Президентинин 2019-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 94 "А.М.Абдивалиев жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.07.2019 · № 94
- КР Президентинин 2019-жылдын 17-сентябрындагы ПЖ № 135 "К.А.Доспаева жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.09.2019 · № 135
- КР Президентинин 2020-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 46 "С.И.Кузьменко жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.03.2020 · № 46
- КР Президентинин 2020-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 47 "А.М.Джоробекова жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.03.2020 · № 47
- КР Президентинин 2020-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 48 "А.С.Кадырова жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.03.2020 · № 48
- КР Президентинин 2020-жылдын 12-майындагы ПЖ № 86 "Н.Х.Бекбаева жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.05.2020 · № 86
- КР Президентинин 2020-жылдын 12-майындагы ПЖ № 87 "М.К.Касымалиев жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.05.2020 · № 87
- КР Президентинин 2020-жылдын 12-майындагы ПЖ № 88 "Э.Б.Мамбеталиев жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.05.2020 · № 88
- КР Президентинин 2020-жылдын 28-майындагы ПЖ № 97 "Н.К.Каипова жана Б.О.Мажитов жөнүндө" токтомуУказ · 28.05.2020 · № 97
105 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Бул актынын беренеде аталган беренелери
- 23-берене. Судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун негиздери жана тартиби
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 28.07.2017 · № 148 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202352/st-27" title="27-берене - Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>