271-берене. Судьянын отставкасы
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148
1. Судьянын кызмат ордунан кетиши судьянын отставкасы деп таанылат.
2. Ар бир судья жаш курагына карабастан өз каалоосу боюнча отставкага укугу бар. Эгерде судья катары анын жүрүм-туруму кынтыксыз болуп саналса жана анын ыйгарым укуктары ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүндө, 11-бөлүгүнүн 1, 3, 5, 11, 17, 18-пункттарында каралган негиздер боюнча токтотулган болсо, судья отставкага кетти деп эсептелет.
3. Отставкадагы судьяларга Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген тартипте отставкадагы судьянын күбөлүгү берилет.
4. Эгерде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен гана билип туруп адилетсиз сот актысын чыгарууда судьянын күнөөлүү экени аныкталбаса, отставкадагы судьянын наамы, судьялык коомдоштукка таандыктуулугу, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда ал айткан пикир жана сот тарабынан кабыл алынган чечим үчүн кол тийбестиктин кепилдиктери отставкадагы судьяда сакталып калат.
5. Судья Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап турганда жана аны жаманатты кылуучу кадамдарга барбаганга, ошол аркылуу сот бийлигинин беделин төмөндөтүүгө жол бербегенге чейин отставкада деп эсептелет.
Судья Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтоткон же аны жаманатты кылуучу кадамдарга барган, ошол аркылуу сот бийлигинин беделин төмөндөтүүгө жол берген учурда, анын отставкада болуусун токтотуунун тартиби жана шарттары Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет. (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
271-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202352/st-271" title="271-берене - Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>