Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 30-декабры ПЖ № 69 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө (КР Президентинин 2012-жылдын 11-январындагы ПЖ № 5 Жарлыгынын редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарынын жети жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2011-жылдын 29-декабрынан баштап токтотулсун:
- Баткен облусунун экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун төрагасы Абдугапаров Алмаз Абибулаевичтин;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунун судьясы Абыкеев Талайбек Капаровичтин;
- Ош шаардык сотунун судьясы Айбатиев Турсунбай Тургунбаевичтин;
- (КР Президентинин 2012-жылдын 11-январындагы ПЖ № 5 Жарлыгына ылайык алынып салынды)
- Нарын облусунун Нарын шаардык сотунун судьясы Амиракулова Замира Тилебалдыевнанын;
- Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясы Астаркулов Данияр Шаршенбековичтин;
- Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун төрагасы Бекишов Дуулатбектин;
- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Боромбаев Абдуразак Эсентаевичтин;
- Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы Бостонов Нурдин Гүлжигитовичтин;
- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Жаналиев Бекболот Болотбековичтин;
- Бишкек шаардык сотунун судьясы Жакыбердиев Жолдошбектин;
- Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун төрагасы Жоомартов Күмүшбек Рысбековичтин;
- Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Илиязов Камчыбек Темирбековичтин;
- Чүй облусунун Панфилов райондук сотунун төрагасы Исаков Абиджан Исаковичтин;
- Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун төрагасы Исраилов Автандил Жапаровичтин;
- Талас облустук сотунун судьясы Маматбекова Айканыш Мырсабековнанын;
- Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Мамбеталиев Өмүрбек Акылбековичтин;
- Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун төрагасынын орун басары Мусаев Нурлан Алишеровичтин;
- Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Оңолбеков Дамирбек Мадылбековичтин;
- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төрагасы Осмонов Айдарбек Касымалиевичтин;
- (КР Президентинин 2012-жылдын 11-январындагы ПЖ № 5 Жарлыгына ылайык алынып салынды)
- Нарын облустук сотунун төрагасы Сыдыков Советбек Кемеловичтин;
- Ош облусунун Ноокат райондук сотунун төрагасы Ташбаев Сатыбалды Кочкоровичтин;
- Ош облустук сотунун судьясы Усубалиев Бакыт Токтогазиевичтин;
- Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьясы Хамидулина Гульшат Ахмедзияновнанын;
- Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотунун төрагасы Чоконов Абдисатардын.
(КР Президентинин 2012-жылдын 11-январындагы ПЖ № 5 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2012-жылдын 11-январындагы ПЖ № 5 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 30-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым…Указ · 11.01.2012 · № 5
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөЗакон · 09.07.2008 · № 141 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.