Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 13.06.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 июня 2011 года № 40.
"Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кење-
ши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити,
2007-жылдын 14-сентябры, № 66) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо
киргизилсин:
1. 1-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Улуттук кењештин негизги милдети Кыргыз Республикасынын жерги-
ликтүү сотторунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын
бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо, аларды дайындоого жана ко-
торууга (ротациялоого), кызматынан четтетүүгө жана бошотууга сунуштоо
болуп эсептелет.".
2. 4-статьянын 1-пунктунда:
1-пунктча төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун, Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук
тандоо өткөрөт жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жана
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын бош кызмат ордуна та-
лапкерди сунуш кылуу жөнүндө чечим кабыл алат;";
2-пунктчада:
- экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун, Кыргыз Республи-
касынын Жогорку сотунун судьясынын бош кызмат орундарына талапкерди
дайындоо тууралу сунуштама;";
- бешинчи абзац алып салынсын;
пункт төмөндөгүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьяларын соттук
тартипте берилүүчү жазык жана административдик жоопкерчиликке тартууга
макулдук берет.".
Берененин тексти 13.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202341/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>