1-берене
Күчүндө · 23.05.2008 редакциясы
Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 "Энергети-
ка жөнүндө" Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизил-
син:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кайсы жөндөмөлөрдө турган
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы" деген сөздөр "Кыргыз Рес-
публикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы"
деген тиешелүү жөндөмөлөрдөгү сөздөргө алмаштырылсын.
1-п. менен берилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын
16-майындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өз-
гөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөрдү
кайталайт
2. 3-статьяда:
он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр - энергия ресурстарын берүү,
бөлүштүрүү, сатуу, сактоо (электр жана жылуулук энергияларын сактоодон
башка) жана энергия ресурстарын ташуу;";
статья төмөндөгүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар
менен толукталсын:
"электр энергиясы - параметрлерин белгиленген чектерде туруктуу,
үзгүлтүксүз жана сапаттуу кармап турууну талап кылган, бир учурда чыга-
рылуучу жана керектелүүчү товардын өзгөчө түрү;
Кыргыз Республикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мам-
лекеттик органы - энергетика тармагындагы мамилелердин жөнгө салынышын
жана контролдонушун ишке ашыруу үчүн Өкмөт ыйгарым укук берген мамле-
кеттик орган.";
он үчүнчү абзац он бешинчи абзац деп эсептелсин.
3. 5-статьянын экинчи абзацындагы "Жогорку Кењештин эки палатасы
тарабынан" деген сөздөр "Жогорку Кењеш тарабынан" деген сөздөргө алмаш-
тырылсын.
5-статьянын экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын
16-майындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өз-
гөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон
4. 16-статьяда:
статья төмөндөгүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:
"Лицензиянын ээси мамлекеттик стандарттын талаптарына жооп берген
менчиктин чегинде жооп берет жана электр энергиясынын сапатын камсыз
кылат.";
экинчи жана үчүнчү абзацтар үчүнчү жана төртүнчү абзацтар деп
эсептелсин.
Берененин тексти 23.05.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 16.05.2008 · № 85
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202304/st-1" title="1-берене - Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>