Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Бишкек шаары
2008-жылдын 23-майы № 93
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 "Энергети-
ка жөнүндө" Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизил-
син:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кайсы жөндөмөлөрдө турган
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы" деген сөздөр "Кыргыз Рес-
публикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы"
деген тиешелүү жөндөмөлөрдөгү сөздөргө алмаштырылсын.
1-п. менен берилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын
16-майындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өз-
гөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөрдү
кайталайт
2. 3-статьяда:
он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр - энергия ресурстарын берүү,
бөлүштүрүү, сатуу, сактоо (электр жана жылуулук энергияларын сактоодон
башка) жана энергия ресурстарын ташуу;";
статья төмөндөгүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар
менен толукталсын:
"электр энергиясы - параметрлерин белгиленген чектерде туруктуу,
үзгүлтүксүз жана сапаттуу кармап турууну талап кылган, бир учурда чыга-
рылуучу жана керектелүүчү товардын өзгөчө түрү;
Кыргыз Республикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мам-
лекеттик органы - энергетика тармагындагы мамилелердин жөнгө салынышын
жана контролдонушун ишке ашыруу үчүн Өкмөт ыйгарым укук берген мамле-
кеттик орган.";
он үчүнчү абзац он бешинчи абзац деп эсептелсин.
3. 5-статьянын экинчи абзацындагы "Жогорку Кењештин эки палатасы
тарабынан" деген сөздөр "Жогорку Кењеш тарабынан" деген сөздөргө алмаш-
тырылсын.
5-статьянын экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын
16-майындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өз-
гөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон
4. 16-статьяда:
статья төмөндөгүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:
"Лицензиянын ээси мамлекеттик стандарттын талаптарына жооп берген
менчиктин чегинде жооп берет жана электр энергиясынын сапатын камсыз
кылат.";
экинчи жана үчүнчү абзацтар үчүнчү жана төртүнчү абзацтар деп
эсептелсин.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
Шилтеме берет (2)
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 16.05.2008 · № 85