Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Бишкек шаары
2008-жылдын 16-майы № 85
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам
актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
2008-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 "Энергети-
ка жөнүндө"Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агенттик" деген ар кайсы жөндө-
мөлөрдө турган сөздөр "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген тиешелүү жөндөмөлөрдөгү сөз-
дөргө алмаштырылсын.
2. 5-статьяда:
биринчи абзацтагы "коммуналдык" деген сөз "муниципалдык" деген
сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүк алып салынсын.
3. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Аткаруучу кењеш
Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органда Аткаруучу кењеш түзүлөт. анын курамы жана иш-мил-
деттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
4. 13-статьянын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Улуттук энергетика программасы (УЭП) Кыргыз Республикасынын Өкмө-
тү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
тарабынан бекитилет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 28-февралындагы № 8 "Электр
энергетикасы жөнүндө"Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
3-статьяда:
биринчи абзац алып салынсын;
экинчи абзацта "аныктайт" деген сөз "иштеп чыгат" деген сөздөргө
алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 23.05.2008 · № 93
Шилтеме берет (1)
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56