84-берене
Күчүн жоготкон · 27.06.2010 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2010 года.
1. Бардык соттордун судьялары кызмат орундарын өз ыйгарым укукта-
рын жүрүм-туруму кынтыксыз болгон учурда ээлешет жана сактап калат.
2. Конституциялык соттун судьясы, Жогорку соттун судьясы Прези-
денттин сунушу боюнча Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын ке- минде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен Жогорку Кењеш тарабынан кыз- мат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.
3. Судья каза болгондо, өлдү же дайынсыз жок болду деп жарыялан-
ганда, аракетке жөндөмсүз деп таанылганда; жарандыгын жоготкондо, андан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда судьянын ыйга- рым укуктары конституциялык мыйзамга ылайык негиздер келип чыккан күндөн тартып аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан токтотулат.
4. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкер-
лерди тандап алуу, аларды дайындоого жана которууга (ротациялоого), су- нуштоо, кызматынан четтетүү жана бошотуу Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук Кењеш тарабынан конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жү- зөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьяларын сот тартибинде салынган жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга сот ади- леттиги иштери боюнча Улуттук кењештин макулдугу менен жол берилет.
5. Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук Кењеш бийликтин мыйзам чы-
гаруучу, аткаруучу, сот бутактарынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдө- рүнүн ичинен түзүлөт.
6. Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук Кењешти уюштуруу жана анын
иши, анын ыйгарым укуктары мыйзамда аныкталат.
Берененин тексти 27.06.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
84-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202191/st-84" title="84-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>