83-берене
Күчүн жоготкон · 27.06.2010 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2010 года.
1. Судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга га-
на баш ийет.
2. Судья колтийгистик укугуна ээ жана кылмыш үстүнөн тутулгандан
тышкары учурларда кармалууга же камакка алынууга, тинтүүгө же жеке тек- шерилүүгө тийиш эмес. Судьянын колтийгистиги, ошондой эле анын турак-жайына, кызматтык жайына, пайдалануучу транспортуна жана байланыш каражаттарына, анын кат-кабарына, ага таандык буюмдарга жана документтерге да жайылтылат.
3. Судьядан конкреттүү бир сот иши боюнча отчет талап кылууга эч
кимдин укугу жок.
4. Судья өзүнүн статусуна ылайык өзүнүн көз карандысыздыгынын со-
циалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыз кылынат.
5. Курагы 35 жаштан кем эмес жана 70 жаштан ашпаган, юридикалык
жогорку билими бар жана укуктук кесиби боюнча кеминде он жылдык иш ста- жысы бар Кыргыз Республикасынын жараны Конституциялык соттун судьясы боло алат. Жогорку сотко 35тен жаш эмес, 70 жаштан өтө элек, жогорку юридика- лык билими жана юридикалык кесип боюнча кеминде он жыл, анын ичинде судьялык кеминде беш жылдык стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны судья боло алат. Конституциялык Соттун жана Жогорку Соттун судьялары Президенттин сунушу менен Жогорку Кењеш тарабынан жаш курагынын жогорку чегине жет- кенге чейин шайланат. Президент Конституциялык соттун, Жогорку соттун Жогорку Кењеш та- рабынан шайланган судьяларынын ичинен Жогорку Кењештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын жана алардын орунбасарларын беш жылдык мөөнөткө дайындайт.
6. Курагы 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан ашпаган, юридикалык
жогорку билими бар жана юридикалык кесиби боюнча кеминде беш жылдан кем эмес иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат. Судьялардын статусу жөнүндөгү конституциялык мыйзам- да Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына карата ко- шумча талаптар белгилениши мүмкүн. Жергиликтүү соттордун судьялары Сот адилеттигинин иштери боюнча улуттук Кењештин сунушу менен Президент тарабынан биринчи ирет беш жыл- дык мөөнөткө, кийин жаш курагынын жогорку чегине чейин дайындалат. Жергиликтүү соттордун судьяларынын ичинен Сот адилеттигинин иштери боюнча улуттук Кењештин сунушу менен Президент жергиликтүү соттордун төрагаларын жана алардын орунбасарларын беш жылдык мөөнөткө дайындайт.
7. Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу конституциялык мый-
зам менен аныкталат.
Берененин тексти 27.06.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
83-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202191/st-83" title="83-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>