85-берене
Күчүн жоготкон · 27.06.2010 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2010 года.
1. Конституциялык сот Конституцияны коргоо боюнча сот бийлигинин
жогорку органы болуп саналат.
2. Конституциялык сот Конституциялык соттун тогуз судьясынан ту-
рат.
3. Конституциялык сот:
1) мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республи-
касынын Конституциясына карама-каршы келген учурда аларды Конституцияга ылайык эмес деп табат;
2) Конституциянын ченемдерин расмий чечмелейт;
3) Президентти шайлоонун конституциялуулугу жөнүндө корутунду чы-
гарат;
4) Президентти кызматынан четтетүүгө корутунду берет;
5) ушул Конституциянын 98-беренесинин 3-пунктунун жоболоруна ылай-
ык ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбооруна карата корутунду берет.
4. Конституциялык соттун чечими акыркы чечим болуп саналат жана
даттанууга жатпайт. Конституциялык сот тарабынан мыйзамдардын же алардын жоболорунун конституциялык эмес деп табылышы алардын Кыргыз Республикасынын айма- гында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушун да жокко чыгарат. Конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдардын ченемдерине негиз- делген сот актылары, укуктары жана эркиндиктери козголгон жарандардын даттануулары боюнча ар бир өзүнчө учурда сот тарабынан кайра каралат.
5. Конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам
менен жөнгө салынат.
Берененин тексти 27.06.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
85-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202191/st-85" title="85-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>