18-статья. Лицензияларды берүү тартиби
Күчүн жоготкон · 13.10.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 октября 2009 года № 269.
1. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны жана ушул Мый-
замдын 17-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн продукцияны өндүрүүгө байланышкан иштин түрлөрүнүн бирин жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн уюмдар лицензиялоочу органга төмөнкүдөй документтерди беришет:
1) юридикалык жактын (уюмдун) толук жана/же кыскартылган аталышын
жана уюштуруу-укуктук формасын, анын жайгашкан жерин, иштин лицензияла- нуучу түрлөрүн жүзөгө ашыруучу обочолонгон бөлүмдөрү жайгашкан жердин, банктын аталышын жана уюм жүргүзүүгө ниеттенген иштин лицензиялануучу түрүн, анын банктагы алыш-бериш эсебинин номерин, продукциянын түрүн (ушул Мыйзамдын 17-статьясынын 3 жана 4-пункттарына ылайык), лицензия суралган мөөнөттү көрсөтүү менен лицензия берүү жөнүндө арызды;
2) уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөлөрүн жана юридикалык жакты
- уюмду мамлекеттик каттоо жөнүндө документтин көчүрмөсүн (эгерде доку-
менттердин көчүрмөсү нотариуста күбөлөндүрүлбөсө түп нускаларын көрсө- түү менен);
3) салык органында уюмдун учетко тургандыгы жөнүндө документтин
көчүрмөсүн;
4) лицензия берилгендиги үчүн жыйым төлөнгөндүгү жөнүндө документ-
тин көчүрмөсүн;
5) уюмдун салыктарды жана жыйымдарды төлөө боюнча карызы жок эке-
нин ырастаган салык органынын маалымкатын;
6) атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берген уюмдун өндү-
рүштүк жана кампа жайларынын санитардык-эпидемиологиялык, өрткө каршы, экологиялык нормалар менен талаптарга ылайык келиши жөнүндө корутунду- сун;
7) этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукциянын өндүрүлүшүн
химиялык жана технологиялык жактан контролдоочу лабораториянын техника- лык компетенттүүлүгүн (аккредитациясын) тастыктоочу документти же көрсөтүлгөн контролду жүргүзүүгө ушундай лаборатория менен түзүлгөн ке- лишимдин көчүрмөсүн;
8) негизги технологиялык жабдуулардын ылайык келүү сертификаттары-
нын көчүрмөсүн;
9) ушул Мыйзамдын 10-статьясынын экинчи жана үчүнчү абзацтарына
ылайык уюмдун уставдык капиталынын (уставдык фондунун) болушун тастык- тоочу документти;
10) лицензиялык комиссиянын ишканага жана технологиялык жабдуулар-
га жүргүзгөн текшерүүсү жөнүндө корутундусун;
11) продукцияга коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча сертификация жана
метрология боюнча орган тарабынан белгиленген тартипте берилген ылайык келүү сертификатын;
12) алкогол продукциясын, спиртти жана пивону (арак үчүн кеминде
50 мињ далл) өндүрүүнүн болжолдонгон жылдык көлөмүн.
2. Уюмдардан ушул статьянын 1-пунктунда каралбаган документтерди
талап кылууга жол берилбейт.
3. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны жана ушул Мый-
замдын 17-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн продукцияны жүгүртүүгө (чекене соодадан башка) байланыштуу иштин түрлөрүнүн бирин жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн уюм лицензиялоочу органга алкогол продукциясын сак- тоо үчүн арналган жайларга карата экологиялык экспертиза жүргүзүүгө ый- гарым укуктуу аткаруу бийлик органынын корутундусун берүү талабы коюл- ган бөлүгүндө ушул статьянын 1-пунктунун 6-пунктчасында, ошондой эле ушул статьянын 1-пунктунун 7-пунктчасында каралган документтерди кошпо- гондо, ушул статьянын 1-пунктунда каралган документтерди берет.
4. Ушул Мыйзамдын 17-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн иштин
түрлөрүнүн бирин (алкогол продукциясын чекене сатууну кошпогондо) жүр- гүзүүгө лицензиясы бар уюм этил спиртин, алкогол жана спирттүү продук- цияны чыгарууга байланыштуу иштерден тышкаркы иш-аракеттин башка түрүн жүргүзүүгө лицензия алууда лицензиялоочу органга лицензия берүүнү сура- ган арызды, лицензия үчүн жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө документтин кө- чүрмөсү жана уюмдун салыктар менен жыйымдарды төлөө боюнча карыздарынын жоктугу тууралуу салык органынын маалымкатын гана берет.
5. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана
жүгүртүүгө лицензия алуу үчүн уюмдун лицензиялоочу органга берген доку- менттери катталат жана лицензиялоочу орган тарабынан экспертизадан өтүүгө тийиш.
6. Берилген лицензияларды, колдонулушу убактылуу токтотулган жана
кайра алынып коюлган лицензияларды мамлекеттик каттоо жүргүзүү ушундай реестрди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органы тарабынан иш- ке ашырылат.
7. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана
жүгүртүүгө лицензия берүү же аны берүүдөн баш тартуу тууралу чечим арызды жана бардык зарыл документтерди алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде кабыл алынат. Кошумча экспертиза жүргүзүү зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн мөөнөт аны жүргүзүүгө кеткен мезгилге, бирок 30 күндөн аш- пагандай узартылышы мүмкүн.
8. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана
жүгүртүүгө лицензия берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ан- дан баш тартуу себептерин жазуу жүзүндө көрсөтүү менен тийиштүү чечим кабыл алынгандан кийин 3 күндүн аралыгында уюмга жиберилет.
9. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны чыгарууга жана
жүгүртүүгө лицензия берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн:
1) берилген документтерде туура эмес же бурмаланган маалымат анык-
талса;
2) ушул Мыйзамдын 6-статьясынын талаптары бузулса;
3) арыз ээсине карата иштин ушундай түрүн жүргүзүүгө тыюу салуучу
соттун чечими болсо;
4) алкогол продукцияны жана спиртти өндүрүүнүн минималдуу көлөмүн
(арак үчүн 50 мињ далл) аткарбаса;
5) ушул Мыйзамда белгиленген башка лицензиялык талаптарга уюм ыла-
йык келбеген учурларда.
10. Этил спиртин жана алкогол продукциясын өндүрүү үчүн колдонула
турган жаны негизги технологиялык жабдуу сатып алынган учурда лицензиат ошол жабдуунун түрлөрүнүн тизмесин жана ылайык келүү сертификатын ли- цензиялоочу органга берүүгө милдеттүү. Лицензиялоочу орган көрсөтүлгөн документтерди алган учурдан тартып 30 күндүн ичинде карап чыгат. Эгерде берилген документтерде туура эмес маалыматтар аныкталса жа- на (же) ушул Мыйзамдын 6-статьясынын талаптары лицензиат тарабынан бу- зулса, лицензиялоочу орган жаны негизги технологиялык жабдууну этил спиртин жана алкогол продукциясын чыгаруу үчүн колдонууга жол бербөө тууралуу чечим кабыл алат. Мындай чечим жөнүндө лицензиялоочу орган аны кабыл алгандан кийин 3 күндүн аралыгында лицензиатка жазуу жүзүндө ка- барлайт. Этил спиртин жана алкогол продукциясын чыгаруу үчүн жањы негизги технологиялык жабдууну колдонууга ушул пункттун экинчи абзацында көрсө- түлгөн чечим болбогон шартта ошол жабдуунун түрлөрүнүн тизмесин жана ылайык келүү сертификаттарын лицензиялоочу органга бергенден кийин 45 күн аяктаган соњ жол берилет. Ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн чечим болсо, этил спир- тин жана алкогол продукциясын чыгаруу үчүн жањы негизги технологиялык жабдууну пайдаланууга жол берилбейт.
11. Уюм өзгөртүлүп кайра түзүлгөн учурда лицензияны кайра жол-жо-
болоштуруу аны алуу үчүн белгиленген тартипте уюмдун же анын укук му- раскорунун арызы боюнча ишке ашырылат.
12. Эгерде уюмдун аталышы өзгөрсө (өзү өзгөртүлүп түзүлбөсө), анын
жайгашкан жери же лицензияда көрсөтүлгөн анын обочолонгон бөлүмдөрүнүн жайгашкан жери өзгөрсө, лицензияда көрсөтүлгүн башка маалыматтары өз- гөрсө, ошондой эле лицензиясын жоготуп жиберген учурда аны кайра жол-жоболоштуруу көрсөтүлгөн өзгөрүүлөрдү же лицензиянын жоголгондугун тастыктоочу документтерди тиркөө менен уюм берген арыздын негизинде иш- ке ашырылат. Мындай учурларда лицензияны кайра жол-жоболоштуруу лицен- зиянын колдонулуш мөөнөтүн сактоо жана мурда берилген лицензияны (аны жоготуп жиберген учурдан тышкары) лицензиялоочу органга кайтарып берүү менен ага жаны лицензия берүү аркылуу ишке ашырылат.
13. Лицензияны кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө арыз лицензиялоочу
органга аны кайра жол-жоболоштуруу зарылдыгы келип чыккан кырдаалдар пайда болгон күндөн тартып 30 күндүн ичинде берилет.
14. Лицензияны кайра жол-жоболоштурганга чейин уюм же анын укук
мураскору өз ишин мурда берилген лицензиянын негизинде жүргүзө алат.
15. Лицензиялоочу орган лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алын-
ганга чейин уюмдун ушул Мыйзамда белгиленген лицензиялык талаптарга шайкеш келер-келбестагин текшерүүгө укуктуу.
16. Лицензиялоочу орган тарабынан лицензияны кайра жол-жоболошту-
руу жөнүндө чечим кабыл алуу мөөнөтүн лицензия берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн белгиленген мөөнөттөн ашпоо- го тийиш.
17. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана
жүгүртүүгө лицензия уюм көрсөткөн мөөнөткө, бирок 5 жылдан ашпагандай убакытка берилет. Мындай лицензияны колдонуу мөөнөтү лицензиялоочу ор- ганга уюмдун жазуу жүзүндө берген арызынын, салыктар менен жыйымдарды төлөө боюнча карызынын жоктугу тууралуу салык органынын маалымкатынын жана ушул статьянын 18-пунктуна ылайык жыйымдарды төлөгөндүгү тууралуу документтин көчүрмөсүнүн негизинде уюмдун өтүнүчү боюнча узартылат. Мындай лицензия уюмдун өтүнүчү боюнча 5 жылдан аз мөөнөткө да узартылы- шы мүмкүн. Лицензиялоочу орган лицензиянын колдонулуш мөөнөтүн узартуу жөнүндө арызды 15 күндүн аралыгында карап, ушул мөөнөткө лицензиянын колдонулуш мезгилин узартуу же андан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат, тийиштүү чечим кабыл алынгандан кийин 3 күндүн ичинде өзүнүн че- чими тууралуу уюмга жазуу жүзүндө кабар билдирет, ал эми лицензиянын колдонулуш мөөнөтүн узартуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алса, анын себептерин көрсөтөт.
18. Алкогол продукциясын чекене сатууга лицензияларды кошпогондо
ушул Мыйзамдын 17-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн жүргүзүүгө лицензия берүү, мындай лицензиялардын колдонулуш мөөнөтүн узартуу жана аларды кайра жол-жоболоштуруу үчүн мыйзамда белгиленген өлчөмдө жана тартипте жыйымдар алынат.
19. Лицензияда лицензиялоочу органдын толук жана (же) кыскартылган
аталышы, уюмдун уюштуруу-укуктук формасы, жайгашкан жери, иштин лицен- зиялануучу түрлөрүн жүргүзүүчү анын обочолонгон бөлүмдөрү орун алган жери, иш-аракеттин лицензиялануучу түрү, продукциянын түрү, лицензияны колдонуу мөөнөтү, анын номери жана берилген датасы көрсөтүлөт. Маалы- маттардын ушул көрсөтүлгөн тизмеги толук деп эсептелет.
20. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана
жүгүртүү үчүн уюмга берилген лицензиянын күчү лицензияда жайгашкан жери көрсөтүлгөндө гана анын обочолонгон бөлүмдөрүнүн ишине кошо жайылтылат.
Берененин тексти 13.10.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202131/st-18" title="18-статья - Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>