10-статья. Алкогол жана спирттүү продукция өндүрүүгө жана
Күчүн жоготкон · 13.10.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 октября 2009 года № 269.
жүгүртүүгө коюлуучу өзгөчө талаптар
1. Алкоголдуу жана спирттүү продукция өндүрүүнү жана жүгүртүүнү
ишканалар тийиштүү лицензиясы болгондо ишке ашырышат.
2. Алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү үчүн азык чийки заты-
нан алынган этил спиртти гана пайдаланууга уруксат берилет.
2.1. Даяр продукциясынын (арактан башка) көлөмүндө 15 пайыздан
ашуун этил спирти бар алкогол продукциясын өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (чекене соодалоодон башка) мамлекеттик ишканалар, ошондой эле кеминде 1 миллион сомдук төлөнгөн уставдык капиталы бар дагы башка ишканалар укуктуу.
2.2. Арак өндүрүүгө мамлекеттик ишканалар, ошондой эле 5 миллион
сомдон кем эмес төлөнгөн уставдык капиталы бар башка уюмдар укуктуу.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында чекене сатыктагы алкоголу про-
дукциясы кыргыз жана орус тилиндеги маалымат менен коштолууга тийиш, анда төмөнкүлөр болушу керек: алкогол продукциянын аталышы; алкогол продукциянын баасы; өндүрүүчүнүн аталышы (юридикалык дареги); алкогол продукцияны өндүргөн өлкө; алкогол продукциясынын сертификациясы; талаптарына алкогол продукция шайкеш келе турган техникалык регла- менттер; керектөө тарасындагы алкогол продукциясынын көлөмү; алкогол продукциясынын даамына жана жытына таасир этүүчү негизги кошундулардын аталыштары; техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына салыштырганда ден соолук үчүн зыяндуу заттар жана аны колдонуудагы терс көрсөткүчтөр; жасалган күнү жана колдонуу мөөнөтү же колдонсо боло турган акыркы мөөнөтү. Бул көрсөтүлгөн маалыматтар керектөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жеткирилет.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алкогол продукциясынын керектөө-
чүлүк тарасынын бекитилиши боюнча жалпы талаптарды аныктайт, алар тара- нын ачылгандык фактысын көз менен көрүп аныктоого мүмкүндүк болгудай камсыздалат.
Берененин тексти 13.10.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202131/st-10" title="10-статья - Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>