17-статья. Лицензияланууга тийиш иштердин түрлөрү
Күчүн жоготкон · 13.10.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 октября 2009 года № 269.
1. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана
жүгүртүү боюнча иштин түрлөрү лицензияланууга тийиш.
2. Лицензия иштин төмөнкүдөй түрлөрүн жүргүзүү үчүн берилет:
өндүрүлгөн этил спиртин, анын ичинде денатуратты өндүрүүгө, сакто- ого жана берүүгө; өндүрүлгөн алкогол жана спирттүү тамак-аш продукциясын сактоого жана берип турууга; этил спиртин, алкогол жана спирт кошулуучу тамак-аш продукциясын сактоого; спирт кошулуучу тамак-аштык эмес продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана берүүгө; алкогол продукциясын чекене сатууга.
3. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана
өндүрүлгөн продукция чекене соодага берилген жана келип түшкөн ар бир түрү боюнча лицензияланууга тийиш.
4. Ушул статьянын 2-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтарында
көрсөтүлгөн иштердин түрлөрүн жүргүзүүгө лицензия алкогол продукциясы- на, спирттүү тамак-аш азыктарына жана спирттүү азыктык эмес продукцияга өзүнчө берилет.
5. өндүрүлгөн этил спиртин, алкогол жана спирттүү азыктык продук-
цияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия ушул Мыйзамдын 7-статьясынын талаптарына жооп бергидей жабдуулары бар уюмдарга гана берилет.
6. Бешинчи жана алтынчы абзацтарда көрсөтүлгөн иштердин түрлөрүн
кошпогондо, ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн иштердин түрлөрүн жүргүзүүгө лицензия ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилет.
7. Ушул статьянын 2-пунктунун бешинчи абзацында көрсөтүлгөн иштер-
дин түрлөрүн жүргүзүүгө лицензия Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы- нан белгилеген тартипте берилет. Мындай лицензиялар Кыргыз Республика- сынын Өкмөтү тийиштүү түрдө ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлик органдары тарабынан берилет.
Берененин тексти 13.10.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202131/st-17" title="17-статья - Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>