6-статья. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү
Күчүн жоготкон · 13.10.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 октября 2009 года № 269.
жана жүгүртүү үчүн жабдууларды пайдалануучу уюмдардын милдеттери
1. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү ишке
ашыруучу жана ушул максатта Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын аймагынан тышкары жактарда жасалган негизги технологиялык жабдууну пай- далануучу уюмдар аталган жабдууда шайкеш келүү сертификатына жана мам- лекеттик экологиялык экспертизанын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген он корутундусуна ээ болууга милдеттүү.
2. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү үчүн
негизги технологиялык жабдуу, шарап, шарап материалдарын өндүрүү үчүн жабдуудан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү тизмекке ылайык спирттүү азык эмес продукция жасоо үчүн пайдаланылчу жабдуудан башка да даяр продукциядагы суусуз спирттин концентрациясын жана көлөмүн, даяр продукциянын көлөмүн өлчөөчү жана эсепке алуучу автоматтык каражаттар менен жабдылууга тийиш. Шарап жана шарап материалдарын өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдуу даяр продукциянын көлөмүн өлчөөчү жана эсепке алуучу автоматтык каражаттар менен жабдылууга тийиш. Ушул пункттун биринчи жана экинчи абзацтарында көрсөтүлгөн негизги технологиялык жабдуу жана этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукци- яны жүгүртүүнүн же жеке максатка пайдалануунун көлөмүн эсептегич жабдуу (чекене сатуунун көлөмүн эсептөөдөн башка) этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө маалы- матты каттоочу жана мамлекеттик автоматташкан бирдиктүү маалымат систе- масына берүүчү, катталуучу жана берилүүчү маалыматтын бурмаланышын жана жасалмаланышын болтурбоочу маалыматты коргоочу каражаттарды өзүнө кам- тыган техникалык каражаттар менен жабдылууга тийиш. Даяр продукциядагы суусуз спирттин концентрациясын жана көлөмүн, даяр продукциянын көлөмүн өлчөөчү жана эсепке алуучу автоматтык кара- жаттарга, этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны жасоонун жана жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө маалыматты каттоочу жана мамлекеттик авто- матташкан бирдиктүү маалымат системасын берүүчү техникалык каражаттарга коюлуучу талаптарды, мамлекеттик автоматташкан бирдиктүү маалымат сис- темасынын иш тартибин жана ишке киргизүү мөөнөтүн Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтү аныктайт. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жү- гүртүү үчүн негизги технологиялык жабдуунун түрлөрүнүн тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
3. Этил спиртин өндүрүү үчүн ишке жаны киргизилип же модерндешти-
рилип жаткан негизги технологиялык жабдууну эксплуатациялоого спирт өн- дүрүшүнүн негизги калдыктарын (барданы) толугу менен иштетүүгө же утил- дештирүүгө мүмкүндүк берүүчү жабдуу киргизилгенде жана мамлекеттик эко- логиялык экспертизанын оњ корутундусу болгондо гана жол берилет.
4. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана
жүгүртүү үчүн негизги технологиялык жабдууну ижарага берүүгө жол берил- бейт.
5. Этил спиртин, анын ичинде денатурат өндүрүү үчүн Кыргыз Респуб-
ликасында өндүрүлгөн азыктык жана азыктык эмес чийки зат колдонулат, анын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аныкта- лат.
6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда өндүрүлгөн чий-
ки заттан бир жолу этил спиртин өндүрүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төмөндөгүдөй учурларда жол берилет:
- Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн чийки зат жетишсиз өлчөмдө
болсо;
- эгерде Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн чийки заттын баасы Кыр-
гыз Республикасынан тышкары жактарда өндүрүлгөн чийки заттан бир топ жогору болуп, спирттин өзүнө турган наркынын жогорулап кетишине таасир эте турган болсо.
Берененин тексти 13.10.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202131/st-6" title="6-статья - Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>