Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 8 мая 2024 года № 218 "О мерах по реализации Указа Президента Кыргызской Республики "О введении временного запрета (моратория) на проведение проверок субъектов предпринимательства" от 9 января 2024 года № 1"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-05-08.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-декабры № 725
Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 326, 2023-жылдын 14-августундагы № 410 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 380 "2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 276-VII токтому менен бекитилген Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегине ылайык ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар жана укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүгө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдү кошпогондо, убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилсин:
1) кылмыш-жаза жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердик субъекттеринин арыздары боюнча;
3) башка мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын суроо-талаптары боюнча;
4) жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча;
5) электр жана жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди түзүү жана колдонуу бөлүгүндө отун-энергетика комплекси чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча;
6) бажы кызматы тарабынан бажы контролунда турган товарларга карата;
7) ташылып келүүчү, өндүрүлүүчү жана сатылуучу күйүүчү-майлоочу материалдардын, отундун сапатынын сакталышын көзөмөлдөө иретинде;
8) жер казынасын изилдөөнү жана иштетүүнү жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттери тарабынан экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин жана талаптарын сактоо маселелери боюнча;
9) социалдык маанилүү товарларга бааларды жөнгө салуу маселелери боюнча;
10) санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча;
11) алкоголдук, спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча;
12) Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында экологиялык коопсуздукту сактоо, анын ичинде менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан рекреация объекттеринин инженердик коммуникациялар жана суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу курулмалары менен камсыз болуу бөлүгүндөгү маселелер боюнча.
13) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин жана талаптарын сактоо маселелери боюнча;
14) салык органдары тарабынан.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 326, 2023-жылдын 14-августундагы № 410 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча), ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча ишкердик субъекттерине консультациялык жардам берүү жана мораторий киргизүү жөнүндө бизнес-коомчулуктар үчүн кеңири маалыматтык өнөктүк жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы № 1 "Ишкердик субъекттерине…Постановление · 08.05.2024 · № 218 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 18.05.2024 ж. № 218 токтомуПостановление · 18.05.2024 · № 218
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 410 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 725 "Ишкердик…Постановление · 14.08.2023 · № 410 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 326 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 725 "Ишкердик…Постановление · 23.06.2023 · № 326 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ № 380 "2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну…Указ · 21.11.2022 · № 380
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 276-VII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин…Постановление · 26.05.2022 · № 276-VII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы № 1 "Ишкердик субъекттерине…Постановление · 08.05.2024 · № 218 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.