6-1-статья. Электрондук почта боюнча келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
1. Жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу электрондук билдирүүлөр мамлекеттик тутуму, башка маалыматтык тутум, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайты жана электрондук почтасынын расмий дареги аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Жаран өзүнүн электрондук кайрылуусунда электрондук кайрылууну жөнөткөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышын, же болбосо тиешелүү кызмат адамынын фамилиясын, атын, атасынын атын, же болбосо тиешелүү адамдын кызмат ордун, ошондой эле өзүнүн-фамилиясын, атын, атасынын атын (ал болсо), байланыш телефонун (үй, уюлдук же жумушчу), жашаган дарегин милдеттүү тартипте көрсөтөт, кайрылуусунун маани-маңызын баяндайт.
3. Электрондук кайрылууга көчүрмөлөрдү, анын ичинде алар боюнча электрондук файлдар жайгаштырылган (электрондук документтер, фото- жана көрмө материалдар) сканерленген электрондук документтерди, Интернет тармагындагы даректерин тиркөөгө жол берилет.
4. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы электрондук кайрылууну алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде келип түшкөн датасын жана убактысын, берилген кириш номерин жана тиешелүү сурап-билүү телефондорун көрсөтүү менен анын кайрылуусу кароого кабыл алынганы жөнүндө же кайрылууну кароодон баш тартуу тууралуу себебин негиздөө менен жаранга электрондук билдирүү-кабарлама жөнөтөт.
5. Электрондук кайрылууну кароонун жүрүшүндө электрондук кайрылууну алган кызмат адамы электрондук кат алышуу жолу менен же кайрылууда көрсөтүлгөн телефон боюнча кайрылуунун маани-маңызын тактоого укуктуу.
6. Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик тутуму, башка маалыматтык тутум, расмий сайт жана электрондук почтанын расмий дареги аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылуулар белгиленген тартипте каралууга тийиш. Кайрылууга электрондук жооп электрондук документ жүгүртүү тутумунда түзүлөт, электрондук колтамга коюлат жана мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий электрондук почтасы аркылуу жаранга кайрылууда көрсөтүлгөн электрондук дарегине жөнөтүлөт.
Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик тутуму аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылуулар автоматтык режимде катталат жана белгиленген тартипте каралат жана порталда жайгаштырылган электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан жооп берилет.
7. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүдөй электрондук кайрылууларды карабай коюуга укуктуу:
1) ченемдик эмес лексиканы жана кемсинткен сөздөрдү, ошондой эле учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга жана улуттар аралык жана конфессиялар аралык араздашууларды тутандырууга чакырыктар камтылгандарды;
2) ушул статьянын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар болбогондорду.
3) ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 2-7-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбегендерди.
(КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 144, 2025-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202100/st-6-1" title="6-1-статья - Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>