Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-статья. Жазуу жүзүндөгү кайрылууга коюлуучу талаптар
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 июля 2025 года № 152
1. Жаран өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунда жазуу жүзүндөгү кайрылуусун жөнөткөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын аталышын, же болбосо тийиштүү кызмат адамынын аты-жөнүн, же болбосо тийиштүү адамдын кызмат ордун, ошондой эле өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын (эгерде атасынын аты болсо), жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон дарегин милдеттүү түрдө көрсөтөт, сунушунун, арызынын же даттануусунун маани-маңызын баяндайт, өзүнүн колун коет жана күнүн көрсөтөт.
2. Жарандын арызы, даттануусу негиздүү болууга тийиш. Зарыл болгон учурда аларга жарандын далилдерин тастыктоочу документтер тиркелет.
3. Кайрылуучулардын өкүлдөрү аркылуу берилген кайрылууларга алардын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтер тиркелет.
4. Кайрылууларда бул маалыматты тастыктаган документтерди (бар болсо) тиркөө менен алардын мурдагы каралышынын натыйжалары жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
5. Кайрылуу компетенциясына кайрылууда коюлган маселелерди чечүү кирген субъектке же кызмат адамына даректелүүгө тийиш.
6. Кайрылуу кайрылуучунун укуктарын жана кызыкчылыктарын түздөн-түз козгоого же болбосо коомдук кызыкчылыктар чөйрөсүнө кирүүгө тийиш.
7. Даттанууну берүүдө субъекттин аталышы же аракеттерине даттанылып жаткан кызмат адамынын фамилиясы жана инициалдары, кызмат орду, кайрылуунун мотивдери жана талаптары көрсөтүлөт.
8. Кайра кайрылуулар кайрылуучуга мурда белгилүү болбогон жаңы жагдайларды милдеттүү түрдө камтууга тийиш.
(КР 2025-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 июля 2025 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О порядке рассмотрения обращений граждан")Редакцияларды салыштыруу
18.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…учурда аларга жарандын далилдерин тастыктоочу документтер тиркелет. кошулду: 3. Кайрылуучулардын өкүлдөрү аркылуу берилген кайрылууларга алардын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтер тиркелет. 4. Кайрылууларда бул маалыматты тастыктаган документтерди (бар болсо) тиркөө менен алардын мурдагы каралышынын натыйжалары жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш. 5. Кайрылуу компетенциясына кайрылууда коюлган маселелерди чечүү кирген субъектке же кызмат адамына даректелүүгө тийиш. 6. Кайрылуу кайрылуучунун укуктарын жана кызыкчылыктарын түздөн-түз козгоого же болбосо коомдук кызыкчылыктар чөйрөсүнө кирүүгө тийиш. 7. Даттанууну берүүдө субъекттин аталышы же аракеттерине даттанылып жаткан кызмат адамынын фамилиясы жана инициалдары, кызмат орду, кайрылуунун мотивдери жана талаптары көрсөтүлөт. 8. Кайра кайрылуулар кайрылуучуга мурда белгилүү болбогон жаңы жагдайларды милдеттүү түрдө камтууга тийиш. (КР 2025-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 463 "Электрондук кайрылуулар интернет-порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 11.08.2014 · № 463
- Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча нускама (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 218…Инструкция · 29.12.2023 · № 218
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-августундагы № 463 токтомуПостановление · 11.08.2014 · № 463
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202100/st-6" title="6-статья - Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>