1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги терминдер
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 июля 2025 года № 152
Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги терминдер төмөндөгүлөрдү билдирет:
1) жарандын кайрылуусу (мындан ары - кайрылуу) - жазуу жүзүндө, электрондук же оозеки формада баяндалган сунуш, арыз, даттануу;
электрондук кайрылуу - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын электрондук почтасынын расмий дарегине же электрондук билдирүүлөр мамлекеттик тутуму аркылуу келип түшкөн, ушул Мыйзамдын 6-1-статьясында белгиленген тартипте каралуучу арыз ээсинин кайрылуусу;
2) сунуш - мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштерин жакшыртуу, мамлекеттин жана коомдун ишинин экономикалык, саясий, социалдык маданий жана башка чөйрөлөрүнүн маселелерин чечүү боюнча жарандын сунуштарын камтыган кайрылуу;
3) арыз - жарандын өзүнүн конституциялык укуктары менен эркиндиктерин же башка адамдардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүү тууралу жарандын өтүнүчүн камтыган кайрылуу, же болбосо мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын бузулушу, ошондой эле аталган органдардын жана кызмат адамдарынын ишиндеги кемчиликтер жөнүндөгү билдирүү;
4) даттануу - жарандын анын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын же болбосо башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүчүн камтыган кайрылуу;
5) жекече кайрылуу - бир жарандын кайрылуусу;
6) жамааттык кайрылуу - эки же андан ашуун жарандын кайрылуусу, жарандардын атынан уюмдардын кайрылуусу, ошондой эле митингдердин жана жыйналыштардын резолюциялары;
7) кызмат адамы - бийлик өкүлүнүн иш-милдеттерин туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктар боюнча жүзөгө ашыруучу же болбосо мамлекеттик органдар же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органында уюштуруучу-тескөөчү, администрациялык-чарбалык милдеттерди аткаруучу адам.
(КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 144, 2025-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 18 июля 2025 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О порядке рассмотрения обращений граждан")Редакцияларды салыштыруу
18.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана кызмат адамдарынын электрондук почтасынын расмий дарегине кошулду: же электрондук билдирүүлөр мамлекеттик тутуму аркылуу келип түшкөн, ушул Мыйзамдын 6-1-статьясында белгиленген тартипте каралуучу алынып салынды: арыздануучунун кошулду: арыз ээсинин кайрылуусу;
2) сунуш - мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук … милдеттерди аткаруучу адам.
(КР 2013-жылдын 15-июлундагы № алынып салынды: 144 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 144, 2025-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 6-майындагы № 230 "«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγ киргизγγ тууралуу» Кыргыз Республикасынын…Постановление · 06.05.2016 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 639 "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 30.12.2007 · № 639 · Күчүн жоготкон
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202100/st-1" title="1-статья - Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>