8-статья. Озон бузуучу заттар менен иштөө учурунда юридикалык жана жеке жактардын милдеттери
Күчүндө · 29.03.2019 редакциясы · 2-бөлүм
8-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 8-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Озон бузуучу заттар менен иштөө учурунда юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөргө милдеттүү: озон катмарын коргоо боюнча мамлекеттик максаттуу программаларга жана ишчараларга ылайык озон бузуучу заттарды керектөөнү кыскартууга жана аларды керектөөнү толук токтотуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө; Кыргыз Республикасынын озон бузуучу заттар менен иштөө боюнча мыйзамынын талаптарын сактоого; рециркуляциялоо же утилдештирүү максатында озонду бузуучу заттарды өз учурунда чогултуу жана аларды жылчыксыз идиште сактоо боюнча ишчараларды иштеп чыгууга жана аткарууга; мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын талабы боюнча контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн колдо болгон озонду бузуучу заттарды жана озонду бузуучу заттарды камтыган продукцияны, ошондой эле озонду бузуучу заттар менен иштөө боюнча документацияны көрсөтүүгө; озонду бузуучу заттарды керектөөнүн белгиленген көлөмүнөн ашпоого; ушул Мыйзамдын 11-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык озонду бузуучу заттарды керектөөнүн эсебин жүргүзүүгө жана алар менен иштөө боюнча отчеттуулукту жүзөгө ашырууга. Озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны өндүргөн, импорттогон жана (же) эскпорттогон юридикалык жана жеке жактар продукцияга "Озон үчүн зыяндуу" деген жазууну жазууга жана озон бузуучу заттар же озон бузуучу заттарды камтыган продукция сакталуучу же ташылуучу таңгакты ушундай жазуу менен так маркировкалоого, алардын коопсуз сакталышын жана ташылышын камсыз кылууга, ошондой эле товарды коштогон документацияда озон бузуучу заттардын, анын ичинде продукцияда камтылган озон бузуучу заттардын аталышын жана санын көрсөтүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202003/st-8" title="8-статья - Озон катмарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>