9-статья. Озон бузуучу заттарды жана озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны орун которуштуруу
Күчүндө · 29.03.2019 редакциясы · 2-бөлүм
Озон бузуучу заттар менен иштөөгө байланышкан иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте лицензияланууга тийиш. Озон бузуучу заттарды жана озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жана анын чегинен тышкары жакка ташып чыгууга юридикалык жана жеке жактарга озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү же анын чегинен тышкары жакка ташып чыгуу үчүн экспорт-импорт операциялары боюнча Кыргыз Республикасынын атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген лицензиясы бар болгон учурда гана жол берилет, буга ушул статьянын төртүнчү абзацында каралган учурлар кирбейт. Озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө же анын чегинен тышкары жакка ташып чыгууга лицензияларды берүү тартибин, ошондой эле озон бузуучу заттардын же озон бузуучу заттарды камтыган продукциянын ташып келүүгө (ташып чыгууга) жол берилген санын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт. Монреаль протоколунун тараптары болуп саналбаган мамлекеттен жана мамлекетке озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө же анын чегинен тышкары жакка ташып чыгууга лицензия берүүгө жол берилбейт. Озон бузуучу заттардын тизмесине киргизилген озон бузуучу заттарды же озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө же анын чегинен тышкары жакка ташып чыгууга лицензия төмөнкү учурларда талап кылынбайт: эгерде мындай продукция жарандардын ташылып келе жаткан жеке мүлкү болсо жана анын саны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемден ашпаса; озон бузуучу заттарды жана озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик ташуу учурунда.
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202003/st-9" title="9-статья - Озон катмарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>