7-статья. Озон катмарын коргоонун экономикалык механизми
Күчүндө · 29.03.2019 редакциясы · 2-бөлүм
Озон катмарын коргоонун экономикалык механизми төмөнкүлөрдү камтыйт: озон катмарын коргоо боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды жана ишчараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну; озон катмарын коргоо боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды жана ишчараларды бюджеттик каражаттардын, озон катмарын коргоо боюнча эларалык фонддордун жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган булактардын эсебинен каржылоону; озон үчүн коркунучсуз заттарды жана технологияларды пайдаланууга өтүүнү жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салуунун жана кредит берүүнүн жеңилдетилген режимдерин берүүнү; озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү үчүн алынуучу лицензияга акы алууну.
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202003/st-7" title="7-статья - Озон катмарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>